Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Алмазбек Атамбаевдин экономикалык саясатка киргизүүгө аргасызмын дегени оппозициячыл активисттердин сынына кабылып, президентке Конституцияда мындай укук берилген эмес деп негиздешүүдө. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев "Азаттык" менен ой бөлүшөт.

- Президент Алмазбек Атамбаевдин экономика тармагын өз көзөмөлүнө алам дегени жана Экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзгөнү сынга кабылып жатат. Өзгөчө оппозициядамын деген адамдар бул демилге Башмыйзамга каршы келерин айтып жатышат. Чындап эле президенттин соңку аракети жана билдирүүлөрү менен Конституциянын беренелери бузулуп жатабы?

- Өнүгүү стратегиясын жарыялаганы мыйзам чегинде эле болду. Бул стратегия юридикалык жактан баарына милдеттүү документ эмес. Ал болгону багыт берет жана сунуш болуп саналат. Аны биз саясий документ катары гана кабыл алышыбыз керек.

Президенттин өлкөдөгү абалга, анын ичинде экономикадагы кырдаалга таасири тийеби? Сөзсүз түрдө тиет. Ал өлкөдөгү эң күчтүү жана туруктуу саясий фактор жана мамлекеттик институт болуп эсептелет. Бирок ал арканды узун таштаган институт болушу керек. Ал түздөн-түз, оперативдүү түрдө кадр саясатына, финансы жана экономикалык саясаттарга таасирин тийгизе албайт.

Кайсы учурларда аралашат? Биринчиден, өкмөттү тандаганда. Коалиция, өкмөт түзүлүп жатканда тигил же бул саясатчыга өкмөттү түзүү мандатын берет. Кимди тандаса, ал ошондой экономикалык саясат жүргүзөт. Ошентип президент алдын ала эле “тушоосун кесип”, экономикалык багытты аныктап коюшу мүмкүн экен.

Ошондуктан ал стратегиясын 2016-жылга чейин киргизип отурат. Кокусунан бул өкмөт кетсе, кийинки өкмөттү тандап жатканда ошол стратегияны тааныган, ишти андан ары улап кете турган адамга мен тандап берем деген оюн элге, саясатчыларга айтып коюп жатат.

- Президент соңку билдирүүсүндө “эл өзгөрүүлөрдү менден талап кылат, ошондуктан экономика, салык тармагын өз көзөмөлүмө алууну максаты кылдым” деп айтпадыбы. Бул канчалык мыйзамдын алкагында жана ага сиз кандай баа бердиңиз?

- Кыска, ыкчам көзөмөлгө алганга президентте эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Мен президент узак мөөнөткө гана таасир бере аларын белгилегим келет. Оперативдүү түрдө тескеп, директивдүү көрсөтмөлөрдү чыгарганга президенттин укугу жок.

- Демек, азыркы абалды эске алганда Конституцияга каршы келген эч кандай кадам жасалган жок деп эсептейсизби?

- Экономиканы баары менден сурайт экен дегени чын эле. Президенттен сурашат. Анткени өкмөттү тандаган Жогорку Кеңеш менен президент болду. Ошондуктан президент өкмөттүн ишине да кандайдыр бир даражада жоопкерчиликти алды.

- Демек, эч кандай мыйзам бузулган жокпу?

- Президент мыйзам бузгандай эч нерсе жасаган жок.

- Кечээ депутат Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө бийлик бир колго топтолуп жатканын билдирди. Сиздерден көрсөтүлгөн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев да президенттин кишиси деп айтты. Мындай ойлорго кошуласызбы?

- Биздин Конституцияга ылайык, аткаруу бийлиги шайлоодо уткан партиянын, анын лидери – премьер-министрдин колунда болот. Тилекке каршы, бизде бир да партия шайлоодон көпчүлүк добушту алган жок. Ошондуктан жармакташкан өкмөт түзүлүп, бийлик үч партия түзгөн өкмөткө өтүп жатат. Партиялар канчалык майда болсо, президенттин таасири күчөй берет.

Президентте бийлик, ыйгарым укуктар жок, бирок таасир бар. Анткени ал өкмөттү түзө турган партияны тандап жатканда өкмөттүн келечегин, анын жасай турган иштерин аныктап коет. Ошондуктан президент жана анын мурдагы партиясы болгон Социал-демократтардын парламенттеги фракциясы өкмөттү тандаганда негизги ролду ойноду. Мындан улам алардын саясий таасири күчтүү болуп турат.

- Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүшпү?

- Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени партиялар майдаланганда президент алдыга бөлүнүп чыгат. Арбитрдык, арачылык рол качан алдыга чыгат? Качан талаш-тартыш көп болуп, майда субъекттер болгондо калыстын авторитети өсөт.
Эгерде бир партия утуп келип, өзүнүн премьерин шайласа, президент аксакал катары четке сүрүлүп чыгып калат. Бул ийкемдүү система абалга жараша өзгөрүп турат. Ошентип президент мамлекеттүүлүктүн өзөгү боло турганын акыркы эки жылда көрдүк.

Түркияда мамлекеттүүлүктүн өзөгү аскер адамдары болуп келген. Египет, Пакистанда саясатка, экономикага аралашпаган аскер жетекчилиги мамлекеттин өзөгүн түзгөн. Бизде президент аскер башчысы, арбитр катары мамлекеттүүлүктүн өзөгү болгондугун акыркы кездеги саясий өзгөртүүлөр көргөздү. Президентсиз жаңы өкмөт курууга болбойт, президентсиз өкмөттү алууга да болбойт. Аны менен алдын ала кеңешүү керек. Ошондуктан президенттин орду маанилүү экени бүгүн бизге белгилүү болуп олтурат.

- Азимбек Бекназаров баштаган оппозициялык cаясатчылар бийликке нааразы болуп, “саясий дааватка” чыгабыз деп билдирди. Сиз муну кандай бааладыңыз?

- Жарандар, өзгөчө саясатчылар өзүнүн көз карашын массалык маалымат каражаттары аркылуу эмес, түз жолдор аркылуу элге таркатышы абдан маанилүү. Биз оппозицияда болобузбу, азыркыдай бийликте болобузбу - өзүбүздүн тарапкерлер менен көзмө-көз жолугуп, пикир алмашып келе жатабыз.

- Бул чоң нааразылыктарга алып келет деп кооптонбойсузбу?

- Жок эми. Шайлоочулар менен Бекназаров да, башка саясатчылар да жолугушусу керек. Гезиттен салам айтып жаза берүү олуттуу болбойт.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG