Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Литвада парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Литвадагы шайлоо.
Литвадагы шайлоо.

Литвада парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Талапкерлер 141 орундуу парламенттин 68 мандаты үчүн ат салышууда. Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, "Ата Мекен биримдиги" деген партиянын лидери Габриэлюс Ландсбергис эмки парламентте коалиция түзө алса, премьер-министр болуп калышы ыктымал. 9-октябрда өткөн биринчи айлампада анын консервативдүү партиясы добуштардын 21,7 % жеңип, 22 орунду камсыздаган. Борборчул Дыйкандар жана жашылдар партиясы 21,5 % алган. Ал эми башкаруудагы Социал-демократтар марага үчүнчү болуп келген. Жарышка ошондой эле үч майда партия катышууда. Байкоочулар алдыда коалиция түзүү боюнча татаал сүйлөшүүлөр жүрөөрүн айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG