Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Президент Алмазбек Атамбаев мектептерде дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди кийүүнү колдой турганын дагы бир ирет тастыктады.

Президенттин диний кийим-кече тууралуу айткандары кайрадан коомчулукта талкууга жем таштады.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү, мамлекет башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым өкүлү Молдакун Абдылдаевдин диний кийим-кечеге байланыштуу айткандарына карата түшүндүрмө берди.

Анда Абдылдаев айрым мектеп окуучуларынын хижаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу мамлекет башчысынын позициясын туура эмес түшүндүрүп койгондугу айтылган. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов буларды айтты:

- Айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо президент ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген. Айтылган позиция Конституциялык, дин аралашпаган мамлекет деген жободон улам келип чыгат. Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерге хижаб кийүүнү окуучуларга таңуулабагыла дегенин толук негиздүү деп эсептейбиз.

Жоолукчан кыз-келиндер велосипед тебүүдө. 5-ноябрь, 2013-жыл.

Жоолукчан кыз-келиндер велосипед тебүүдө. 5-ноябрь, 2013-жыл.

Буга чейин өлкө башчысы жалпы диний кийим-кече, диний радикализм тууралуу айтып келсе, бул ирет мектеп формасы боюнча позициясын ачыктагандай болду.

19-февралда мамлекет башчысынын Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев “президент диний кийимге каршы эмес” экенин жана Нарындын Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын хижаб кийүүгө тыюу салган чечими жокко чыгарылганын парламенттин жыйынында айткан болчу.

- Президент хижаб кийүүгө тыюу салган эч кандай сөз айткан эмес. Жөн гана бул кыргыздын түпкү, нукура салтына туура келбейт деген сөзүн туура эмес түшүнүшкөн. Ошонун негизинде жиберилген кат боюнча териштирүү жүргүзүлүп, жокко чыгарылды. РайОНОнун жоопкерчилигин кароо боюнча чечим Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлдү.

Алмазбек Атамбаев каарман аялдарга сыйлык тапшыруу аземинде, 16-май, 2014-жыл

Алмазбек Атамбаев каарман аялдарга сыйлык тапшыруу аземинде, 16-май, 2014-жыл

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү өлкө башчысынын пикирин депутаттарга туура эмес жеткирген мамлекет башчынын парламенттеги өкүлүнүн жоопкерчилиги караларын билдирип чыкты. Абдылдаев бул боюнча комментарий берүүнү каалаган жок.

Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев диний радикализмди сындап, дин кийим менен өлчөнбөй турганын айткан.

- Айталы, мусулмандын кийими деп хижабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же күнүмдүк жашоо-тиричиликке кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби? Деги эле Куранда мусулмандын, мусулман эместин кийими дегендей чектөө жок. Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат. Сакал да жарашыктуу коюлушу керек.

Мектепке жоолук же хижаб кийип баруу маселеси күнүмдүк жана коомдук жашоодо, атүгүл саясий чөйрөдө тез-тез талкууланган, талылуу маселелердин бирине айланган. Айрым саясатчылар кыздардын мектепке жоолук салынышына тыюу салуу керек десе, кээ бирлери тескерисинче хижабга тыюу салган мектеп директорлорун жоопко тартууну сунушташкан эле.

“Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы мектеп формасы Конституцияга каршы келбеши керектигин белгилөөдө.

- Президенттин айтып жаткан максаты да туура. Мектепке атайын өзүнүн формасын кийишибиз керек. Бирок ал да Конституцияга карама-каршы келбеши керек, адамдардын дин эркиндигин колдоо зарыл. Форма деп эле аны бизнеске да айланткан туура эмес. Хижаб маселесин мектепке аралаштырбоо керек. Балакатка жеткен, 6-7-класста окуган кыздар узун юбка, ак кофта кийип, башына ак жоолугун салынып алса болот.

Мектептерде жоолукка тыюу салбоону талап кылган акция, 11-сентябрь, 2011-жыл

Мектептерде жоолукка тыюу салбоону талап кылган акция, 11-сентябрь, 2011-жыл

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов мектептерге бирдиктүү форма киргизүүнү колдойт. Ал окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү аркылуу ишке ашуусу зарыл деп эсептейт.

- Муну чыр кылбай, талаш-тартышка айлантпай эле мектеп формасын киргизүү менен эле чечип коюш керек. Бул эки чоң маселени чечмек. Биринчиси - кандай форма кийүү керек деген маселе чечилмек. Экинчиден, социалдык жиктешүүнү да токтотот эле. Бирок муну түшүндүрүү жолу менен чечүү керек. Азыр Кыргызстанда демократиялуу коом. Ошондуктан тыюу салып, түрмөгө камап, коркутуп маселени чечүү мүмкүн эмес.

Кыргызстанда мектеп жана жогорку окуу жайларга жоолукчан барууга уруксат берүү маселеси бир топ убактан бери көтөрүлүп келет.
Өзбекстанда мектеп жана мамлекеттик кызматтарга жоолукчан барууга тыюу салынып, ал жакта да бул талаштуу маселелердин бири. Ал эми Казакстанда да бул багытта айрым чектөөлөр бар.

Жакында эле Орусиянын Жогорку Соту Мордовия республикасындагы мектептерде окуучулардын хижабчан жүрүшүнө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG