Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Жасалма ынтымакта жакшылык болбойт


Ky
Ky

Гезиттер саясат, “Мегакомдун” айланасындагы талаш, коалиция, шайлоо, нааразылыктардын кайдан келип чыгып жатканы жана башкалар тууралуу жазып чыкты.

“Айгай” гезити “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Атамбаев Конституцияда көрсөтүлбөгөн 3-жолду тандап алды” деген маегин тартуу кылды.

Парламенттик система жаңы болгону менен бүгүнкү бийликтеги адамдардын түшүнүгү эски экенин, ошондуктан ыркы келишпей, бириге албай турганын, Атамбаев Башмыйзамда жок 3-жолду тандап алганын, бүгүн бийлик “биз эмнени жасасасак боло берет” деп атканын сынга алган Текебаев: “Мен эскертер элем. Нарынбаев деген юрист Атамбаевге жол чаап, ушундай деп атат. Данияр Ильич өз убагында Акаевге да ушинтип айтып жүрүп түбүнө жеткендердин бири. Мына ушундайлар Бакиевдин да түбүнө жеткен. Данияр Нарынбаев кечээ менде “секретарь” болуп жүргөндө башкача сүйлөп жүргөн, бүгүн Атамбаевде “секретарь” болуп жүргөндө башкача сүйлөп олтурат. Мен Атамбаевге дагы, Даниярга дагы айтаарым, эсибиз барда этегибизди жабалы. Мындай жол Конституциялык негиздерди талкалоого алып келет” деп эскертти.

Өмүрбек Текебаев андан ары бийликти бөлүшүп алып эле ынтымак менен иштей беребиз деген ой элди алдоо экенине, айрымдар Текебаев спикерликке жетпей калгандан кийин коалициянын ынтымагын бузуп жатыптыр деген сөз суу кечпеген айың кеп экенин белгилеп: “2006-жылы Бакиев менен Үсөн Сыдыков мага айткан: “Өмүрбек жалалабаддыктарга кудай берди, мына бийликке келдик. Мен ал кезде Жогорку Кеңеште төрага элем. Үчөөбүз республиканы бөлүшүп алып ынтымак менен иштей берели” деп. Мен андай сунуштан баш тарткам. Азыр дагы ушул принципти туу тутам. Биз партияны буюм катары пайдаланганга жол бербейбиз” деди.

“Асман press” гезити Акылбек Жапаровдун “КСДПны мен түптөгөмүн” деген маегин, “Түндүкэлектр: эмне үчүн 135 млн. 160 миллиондон көп?”, “Силич “Мегакомго” кайра келеби?”, “Мегакомду” басып алгандар көмүскөдө калып жатат” деген макалаларды тартуулады.

“Арена kg” деген гезит окурмандарына 2-санын тартуулап, Урмат Барктабасовдун апасына жазган катын жана Урматтын апасы Дамира айымдын “Уулумду саясый курмандыкка чалышты” деп аталган маегине көңүлдөрдү бурду. Уулу Урмат тууралуу, анын курултай өткөрмөкчү болуп келип, жолу буулуп, камакка алынганы баяндалып, эми энелердин атынан президент Роза Отунбаевага кайрылуу жасаганын, анткени Роза мурда бир үй-бүлөнүн энеси болсо, азыр бүтүндөй Кыргызстандын энеси экендигин, уулу Урматта кылмыштын бир да элементи жоктугун, ошого болбой соттоп жатканына ичи өрттөнүп, жүрөгү эзилип жатканын айтып каңыргы түтөгөн.

“Параграф” гезити “Түндүкэлектр” ААКнын экс-жетекчилерин колдоо кыймылынын координатору Темирбек Эңкелешовдун “Ширшов кетсе да, кыргыз энергетикасында ширшовдук система иштеп жатат” деген маегине орун берди.

Назаркул Жоошбаевдин макаласы “Россия бир боор энем, Кытай кудай кошкон кошунам” деп аталып, автор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунан зыян тартабыз дегендин ордуна оң жактарын сөз кылуу керектигин, темр жол курулса турзим, соода-сатык, карым-катнаш оңолорун, мамиле күчөрүн, ошол эле учурда Россия менен да мамилени жакшырта берүү зарылдыгын кеп кылган.

“Учур” гезитиндеги Алмаз Акматов аттуу автордун макаласы “Мегаком” ишканасынын бүтпөгөн чатагын жазган. Буга улай эле “Бабанов эмне үчүн кызматтан кетти?” деген суроого Кубаныч Кудайбердиев жооп издеген.

Гезит “Мегакомго” байланыштуу макалаларды андан ары улап, “Альфа Телокомдун” акционердик жыйыны болбой калганын, кыргызстандыктар “Мегакомду” Реймандын көзөмөлүнө өтүшүнө каршы экендигин кабарлаган маалыматтарды таратты.

“Айат” гезити Түрк мамлекети менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүргүзүү 135 млн. долларды түзөрүн, Түрк өлкөсү жалгыз эле экономика жааты эмес, билимге да инвестиция кылган өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда турарын, Алмаз Атамбаевдин иш сапары учурунда эки өлкө стратегиялык өнөктөштүккө кол коюп, түрк тарап Кыргызстандын 51 млн. долларлык карызын кечип, 10 млн. доллар грант бергенин, Түрк өлкөсүнө кирип-чыгуу мөөнөтүн 90 күнгө чейин узартылганын гезиттин кабарчысы Жылдыз Мусабекова Анкарадан кабарлады.

Ушул эле гезит “Ар-Намыс” Феликс Куловсуз бир кадам алга да, артка да баспайт” деп аталган Балбак Түлөбаевдин макаласын жарыялады. Автор: “Менимче Феликс Шаршенбаевич жең ичинен Бабановду кайра алып келбөө үчүн өзүнүн 10 депутаты менен ушундай кадамга барды. Мисалы мен тааныган жана жакшы билген генерал Токон Мамытов Феликстин уруксаты жок бир кадам да аттай албайт. Анткени ал ушундай тарбия көргөн, адамды сатпаган, бир сөздүү, оор басырыктуу адам. Бул жакшы пландалган саясый шоу. Жаңы коалициялык келишим түзүлүп, ага бардык саясый күчтүү саясый партиялардын лидерлери кирет. Бул комедияга Мадумаровдун кошулушу күмөн. Себеби, ал келе жаткан шайлоодо Атамбаевге каршы чыга турган эң күчтүү атаандаш “ деп жазды.

Эмил Атантаевдин макаласы “Алдыга карай жол” деп аталып, анда Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгү, кыйчалыш, оор мезгилде коалициялык биримдикти түзүүдөгү ролу, жаш саясатчы Бабановдун: “Мындан кийин мамлекеттик менчик жеке менчиктей корголот. Бардык коррупция схемалары жакында ачыкка чыгып, уурулар жоопко тартылат” деп журналисттерге айтканы мамлекеттин байлыгын өз менчигиндей пайдаланган бир ууч “мутант” саясатчыларга атылган октой тийип, ошондон баштап ага карай чабуул башталып, акыры кызматтан чегинүүгө чейин алып барганын кеп кылды.

“Айаттын” бул санына Улуттук банктын төрага орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркулдун маеги тартууланды. Журналист Жазгүл Карбосованын “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” аттуу макаласында Кыргызстандын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусовдун балалык чагын, анын “Чикаго” деген кличкага кандайча ээ болгондугун, алгачкы махабатын, чыгармачылык жолго чейинки баскан жолун жылуу саптар менен баяндалган.
XS
SM
MD
LG