Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Беш манжа муштум боло албаса, кузгун болот…


Бүгүн жарык көргөн гезиттер дагы эле түзүлө албай жаткан коалициялык өкмөт маселеси, 7-апрелге байланышкан сот териштирүүсү тууралуу сөз кылышты.

“Жаңы агым” гезити Ош окуясын иликтөө боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеевдин “90-жылдагыдай жасакерленбей, бардыгынын бетин ачышыбыз керек” деген аталыштагы маегин тартуу кылды.

“Бакиевдер кетти. Наркобарондорду эми ким башкарат?” деген макалада Кыргызстанда 17 наркобарон болсо, анын 12си өлкөнүн түштүк аймагында экенин, алардын ар биринин “АН-2” деген атайын самолеттору барын, анткени ал самолет жапыз учкандыктан радарларга кармалбай турган касиетке эээлигин, Бакиевдер дал ушул баңгизаттар менен байланышы болгонун барактап чыккан...

“Өнөр дайым эле өргө тартпайбы?” деген макаладан улуттук аспаптарды жасап келаткан уста Сураган Айдаралиевдин айылдык таланттарды топтоп, улуттук музыкалык апсаптарды жасай турган мектеп ачсамбы деген ой-тилеги кантип талкаланып жатканын, Бишкек мэриясынан ижарага алган 6 сотых жеринин акысын төлөй албай тартып келаткан азап-тозогун, аткаминерлердин кайдыгер мамилесин окууга болот.

Ошентип канча жылдардан бери алакандай жерге зар болуп, ага жетсе, тилеги ишке ашпай, аркы-терки топтой тебилип келаткан Сураган Айдаралиевдин тагдырынан тебеленип-тепселип келаткан кыргыздын улут маданиятын, анын ар-намысын, таалайы тайкы тагдырын көрсө болот.

Токиодо өткөн Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду жеңип алган “Азаттык” радиосунун кабарчысы Жанарбек Акаевдин Жапан өлкөсүнө жөнөп баратып берген сапармаеги да “Жаңы агымдын” ушул санында.

“Кыргыз руху” гезити Айзада Абазованын “Качкындар неге качышты?”, “Биригүү айтканга оңой...” деген ат менен макалаларын окурмандарга сунуштады.

“Баарынан жаманы эл О. Малеваная, Н. Турсункулов, К. Жороевдин качышын өздөрүнүн качышы эмес, бийлик пара алып туруп качырып жиберди деп кабыл алгандыгында болууда. Минте берсе эл тынчыбайт. Элдин тынчыбаганы Кыргызстандын бүлүнүшүнө гана алып келет. Бакиевдин ач тырмагынан араң сактап калган Кыргызстаныбызды иш билбеген итийлердин, эл башкара албаган эби жоктордун айынан жоготуп алабызбы деп коркосуң” деп коңгуроо какты.

Автор андан кийинки макаласында "КСДП менен “Ата Мекен” арбактардын ишенимин актай албадыбы?" - деп суроо коюп, коалиция маселесин талдоого алды.

Саясат талдоочу Марат Казакбаевдин “Кулов премьер-министр боло албайт” деген, Марс Сариевдин “Башкы күнөөкөрлөрдү алып келе албай жатышат” деген жооптору да тартууланды.

Айтылуу журналист Азизбек Келдибековдун “Жашагым келет сенде, Кыргызстан!” деп аталган баяны да “Кыргыз руху” басылмасынын ушул санында. Азизбектин бул макаласы анын буга чейин жазып келаткандагысындай эмес, эртеңки келечегибизге ишенген, жашоо үчүн жалындаган оптимисттик ойлорго жык толгондугу менен айырмаланат.

“Кыргыз туусу” гезити расмий материалдардан тышкары Чүйдүн губернатору Сагынбек Абдыракмановдун маегин, “Манас” дүйнөсү дүркүрөп калды...” деген ат менен акын Жыпар Исабаеванын ой калчоосун, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исках Раззаковдун ишмердигине арналган акын Турабай Жороевдин эскерүүсүн, белгилүү маданият ишмери Тилектеш Ишемкуловдун журналист Станбек Усуповдун эмгегин эстеген баянын, Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин Ч. Айтматов тууралуу айткандарын басты.

Гезиттен ошону менен бирге эле тарыхчы-жазуучу Асыкбек Оморовдун “Тимурийлер мамлекети ХIV кылымда” деген ат менен тарыхый иликтөөсү, белгилүү акын Кожогелди Култегиндин 50 жашка толгондугуна байланыштуу ал тууралуу замандаштарынын айткан ойлорун, акындын ырларын окууга болот.

“Фракция лидерлери. Кыргызстандын тагдыры кимдердин колунда?”

Төтүнчү санын жарыкка алып чыккан “Саясат” гезити ушул суроолорго жооп издеп, парламентке келип, ушу тапта бири-бири менен бийлик бөлүшө албай жаткан партия лидерлеринн саясый бейнесине кыскача мүнөздөмөсүн берди.

Басылма “Кыргынефтегаз: Карандай калппы же кабатталган коррупциябы?”, “Жарыгы, ичерге таза суусу жок күн өткөргөн жаңы конуштар” деген макалаларды, Азимбек Бекназаровдун “О. Малеванная, К. Жороев жана Н. Турсункуловду чет өлкөлүк укук коргоо органдары алып кетти” деген аталыштагы маегин жарыялады.

Лидерлердин бириге албай жатканына катардагы калк өкүлдөрүнүн ойлорун сурамжылап: Э. Алымкулов, Н. Степанова, Э. Асанбаев, З. Мамытова, О. Аскарбеков өңдүү адамдардын ойлорун ортого салды. Алардын айрымы элди жыргатам дегендер орундарына олтура элек жатып эле мансап талаша башташты десе, айрымы, булар бири экинчисинен өткөн өзүмчүлдөр экен деп, айрымы жаштарды алып келебесе болбой калды деп жооп беришкен.

“Алиби” гезити саясый баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Карышкыр сай” деген макаласы менен бүгүнкү санын тартуу кылып, түзүлбөй жаткан коалиция маселесин талдоого алды. “Ушунча миллиондорду чачуу менен араң жеткен мандаттарын ыргытып таштап, кайра шайлоого аттангандай, бу депутаттар келесоо эмес. Жаңы жылды кандай болгон күндө дагы жаңы өкмөт менен башкарарыбыз чын. “Көч бара-бара түзөлөт” дейт, ылайым көчүбүз байсалдуу, конушубуз жайлуу болсун” деп тилек кылды.

“Өлгөндүн өз шору” дейт кыргыз. Бирок мен 7-апрель күнү Акүй алдында курман болуп калбаганыма өкүнүп турам. Ошол балдар таза ой-максат, бекем ишеним менен жандарын кыйышты эле. Айткылачы, Өмүрбек Чиркешович, Алмазбек Шаршенович, сиздердин биригиүүңүздөргө эмне тоскоол болууда?” деген суроону койду жаны кашайган автор Марат Карагулов.

Коомдук телеканалдын деректирлигине талапкерлер Т. Токтогазиев, Б. Бекешов, К. Кошалиев, Ө. Сатаев, А. Кадырованын парламентке келген 5 партиянын башчыларына жазган каты да ушунда.

“Форум” гезити “Кылмышкерлердин орду-түрмө!” деген ат менен Бишкектеги сот жүрүшүнүн хроникасын жарыялай баштады.

Гезит “Кайсы партиялардан коалиция түзүлсө калк ичинде нааразчылыктар азаят, жогорку кызматтарга кимдер барышы керек?” деген суроо менен кайрылды.

Экс-министр Р. Момбеков: - Менин жеке пикиримде КСДП менен “Ата Мекен”, “Республика” кошулса туура болмок. Азыркы парламент “саясый полигон” талаасына айланып, кандай коалиция түзүлсө да өмүрү кыска болот,-деп,

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Эмитен эле ич ара ыдырап жатышат. Ушунун баарын көрүп туруп, бизге парламенттик башкаруунун деле азырынча кереги жок беле деп ойлоп калдым,-деп,

Саясатчы Аликбек Жекшенкулов: - Айрым партиялар амбицияга алдырып, элдин кызыкчылыгынан да өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп жатышат,-деп;

Ишкер Аскар Салымбеков: - Талашып-тартышпай 5 партия бириксе жакшы болор эле,-деп;

Монополияга каршы агенттиктин деректири Бабырбек Жээнбеков:-
Байкашымча башка өлкөлөрдүн таасири күч болуп жатат көрүнөт,-деп;

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков: - КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” бириксе дурус болмок. Мен өкмөт башчылыгына татыктуу деп Атамбаев менен Куловду, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Текебаев, ал эми Бабанов Бишкек шаарына мэр болсо туура болмок деп ойлойм,-деп жооп берди.

Ушул эле “Форум” гезити генерал-майор Артур Медетбековдун “Спецопреацияга” бир млн. доллар кеткен эмес” деген ат менен маегине орун берди.
XS
SM
MD
LG