Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү “Дело №....” гезити менен “МК Азия” жумалыгынын башкы темасы жанкечти деп шектелгендердин Ош жана Бишкек шаарларындагы жасагандары тууралуу болду.

39 жанкечти деп шектелгендердин 33ү террордук калаба салууну даярдагандыгын билдирген Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орунбасары Көлбай Мусаев, Бишкекте алардын 8и кармалып, Ошто үчөө жок кылынганын, алардын бири Ош шаарындагы мечиттердин биринин имамы Фурхат Нурматов деген молдо болгонун, шектүү делген 39дун калганы Мусаевдин сөзү боюнча Россияга кире качканын, ушу кезде Улуттук коопсуздук кызматы Россия Федерациясынын коопсуздук кызматы менен бирдикте качкандарды кармоо чараларын көрүп жатканын бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити аркылуу маалымдады.

Куралчан топ Түркстан Ислам кыймылы жана Ислам Жихад Союзу менен байланышта болгону, УККнын эсебине караганда Бишкектин 8, Ош шаарынын 14 жана Ош облусунун 11 жеринде жардыруу жасамакчы болгонун кошумчалады.

Гезит муну менен бирге “Альфанын” соттолгону жаткан мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиевдин кечээги жардыруу боюнча оюн укту.

- Жардыруу кимдерге багышталган деп ойлойсуз? Балким соттолгону жаткандарды жок кылуу максатында жасалып жүрбөсүн?

- Жардырууну өлкөнү башаламандыкка алып келүүнү самаган радикалдык уюшма топ жасаган.

- Жанкечти деп шектелгендер кандай жардыргыч койгон деп ойлойсуз?

- Килограммга жете бербеген бомба. Анткени жарылгандан кийин пайда болгон аңгектин көлөмү менен тереңдиги ушуну тастыктайт. Менимче бомбаны күндүз кое алмак эмес, имараттын ичине да кое алмак эмес, ичи катуу көзөмөлдө болгон. Ошон үчүн аны водоканалдын же газ кызматынын кийимин кийип келгендер түн ичинде коюп кеткен, себеби төмөнгө түшчү чоюн капкакты ушул кызматтагы адамдар гана ача алат.

Аталган басылма ушул күндөрү интернет аркылуу тегеренип жүргөн видеоролик жөнүндө “Үчүнчү революция – ислам революциясы болуп калышы мүмкүн” деген макала аркылуу талдоого алды. Ага байланыштуу ислам таануучу Кадыр Маликовдун түшүндүрмөлөрүн жарыялады.

- Кыргызстанда эмнелер болуп атканын көрүп жатабыз. Жакында Тажикстанга барып келдим, ал жак да биздикине окшош. Айрыкча коңшу өлкөнүн Батыш жагында же биз менен чектешкен аймагында тажаал динге кирген жаштардын өкүлү саясатташып баратыптыр. Борбор Азиянын, көбүн эсе компартиянын кадрларынан турган элитасы заман кантип оошуп, доор кантип өзгөрүп келатканын билбейт экен, билгилери да келбейт экен. Ошондуктан кокус Кыргызстанда дагы бир революция болуп кетсе, ал –ислам революциясы болушу ыктымал. Себеп дегенде каруу-күчкө толуп турган жаштар жакшы жашагысы, иштегиси келет. Революция бизде эки ирет болду, тилекке каршы экөөндө тең эл күткөн чыныгы революциялык өзгөрүүлөр болгон жок. Бийликте баягы эле аткаминерлер, баягы эле депутаттар. Коррупция басаңдоонун ордуна кайра күчөп барат.

-
Кыргызстандын бийлиги Ислам Өзбек кыймылынын чеңгелинде калбаш үчүн эмнелерди жасоо керек?

- Жаалданган тажаал исламды болтурбай, анын жолун тосо турган жалгыз күч, кылыч да, калкан да – салттуу ислам болуп саналат. Демек салттуу исламдан каражатты да, күчтү да аянбаш керек. Балдарды окутуп, билимдүү кадрларды даярдаш керек. Убакыт барган сайын азаюуда. Эгер биз бүгүн өзгөрбөсөк, эртең бизди күч менен өзгөртө тургандар келет. Эми кыргыздарга ошол эле жетпей жатты беле?

Кечээ күнкү жардыруу, андан мурунку Ош шаарында болгон террорчу деп шектелгендерди жок кылуу чараларын жаңы жарык көргөн “МК Азия” гезити да улантты.

Бишкектеги 7-апрель окуясына байланышкан сот жүрүшүн журналист Елена Агеева жазып чыкты.

Мамлекеттин оңду-солду абалын байкап турган калк акчаларын ушу кезде банктарга эмес, байпактарына катып келет. Улуттук банктын эсебине караганда өлкөнүн коммерциялык банктарындагы депозиттин көлөмү 178,7 млн. сомго түшүп кеткен. Мамлекет акчаны ишке сала албай, тиягын бүтөсө биягынан тешилип турган бюджетти жамай албай жатат.

Экономикабыздын азыркы учурдагы абалы журналист Сергей Кривошаповдун макаласында сөз болот.

Анткен менен өнүгүп-өсүп бараткан тармактар да жок эмес. Алардын бири – өлкөнүн телекоммуникация тармагы. Бир карасаң, Кыргызстандын маалыматтык-коммуникациялык технологиясы инвесторлорду анча деле кызыктырбагандай сезилет. Бирок андай эмес экен. Президент Роза Отунбаеванын айтымында, бул тармакка апрелден октябрга чейин эле 37 млн. доллар келген. Ал эми өткөн аптада Бишкекте башкы өнөктөшү "Мегаком" эсептелген маалымат технологиясынын 1-улуттук форуму болуп өттү. Ага катардагы студенттен тартып мамлекеттин башчысына дейре катышты. Ошол форумда эмнелер жөнүндө сөз болду? Аны “МК Азия” гезтинин кабарчысы Наталья Нестерова айтып берет.

Кристина Убайдуллаева аттуу автордун макаласы “Мекендештерибизге кыргыз тилин мажбурлап үйрөтүү мүмкүнбү?” деген ат менен тартууланды.

“Кайсы бирин айталы, Кыргызстанда барган сайын кыргыз тилин баягыдай кулак кумарын кандырып, жер чечегин безеп, чачырата сүйлөгөн адамдарды табуу кыйындап барат. Алтургай, базардагы Байматты кой, парламентке келаткан депутаттарды көрдүк го, эки ооз сөздөн турган антты окуй албай эжелеп турганын” деп макаласын баштаган автор мамлекеттик тилдин көйгөйүнө көз таштаган.

Дмитрий Кабак укук коргоочунун түшүндүргөнүн мисалга тарткан. Кабак минтет:

- Тилчи окумуштуулардын ушул күнгө дейре кыргыз тилин үйрөтүүнүн башкармалык жолунан башканы таба албагандыктары жанды кейитет.

Улуттук университеттин окутуучусу, тилчи Бурулсун Бабашованын оюнча кыргыз тилин үйрөнүү үчүн мамлекет зарылдык түзүүгө тийиш. Бизде андай зарылдык жок. Мисалы, Латвияда кайсы гана ишке орношпогун сөзсүз латыш тилин жадыбалдай жат билүү талап кылынат. Латыш тилин билбесең, латышча сабаттуу жазалбасаң сени бир да жер жумушка албайт. А биздечи? Кыргызстанда жада калса иш кагаздары эмдигиче орус тилинде. Кыргыз тилин мыкты билип, сайрап турганың бир тыйын, “келе-гой” деп жумуш бере койгон бир дагы мекеме, бир дагы аткаминер таппайсың.

“МК Азия” жумалыгы андан ары туңгуюктан чыгуу үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө каалоо жана тилдин баскан-турган жериңде, дүкөндөр менен базарларда, иштеген ишиңде керектигин, зарылдыгын сезүү экендигин, ошондо гана кыргыз тилин ким да болбосун мажбурлоо жолу тургай эле өзүнөн өзү үйрөнүп ала тургандыгын зар какшаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG