Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Гезит жаза берет, Кербен баса берет...


Гезиттер 30-ноябрда күнкү жарылуунун айланасындагы айтылган ой-пикирлерге орун берип, парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалиция жөнүндө сөз кылды.

Жакындан бери жарык көрө баштаган кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар”-демклуб” деп аталган гезитинин 3-саны окурмандарга тартууланды.

Гезит энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен маек курду.

Парламенттеги көпчүлүк фракциялардын коалициясын түзгөн 3 партия лидерлери колдорун койгон макулдашууну жарыялады.

“Кабар” талкууга алып чыккан маселесин – ушул эле агенттиктин ардагер котормочусу Жанузак Тынаевдин “Кыргыз тилиндеги кодура сөздөр” деген макаласы менен баштады. Анда кыргыз тилинин көйгөйлөрү жана келечеги жөнүндө кенен кеп болот. Окурмандарды талкууга катышып, ойлорун ортого салууга чакырат.

Гезит булардан тышкары маданият, спорт маселелерин чагылдарыган макалаларга да кенен орун берген.

“Учур” гезити “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин “Эски бийликтин арыгын чапкандар реванш алды” деген ат менен маегин сунуштады.

Гезит жаңыдан түзүлө турган өкмөт курамынын долбоорун шардана кылды.

Албан Улан аттуу ысымы бар автордун макаласы “Чыныбай экинчи Бешимовбу?” деп аталат.

Сакен Бөрүбаевдин редакцияга жөнөткөн каты “Ош коогалаңына кимдер жооп берет?” деген ат менен жарык көрдү.

“Асман press” гезити Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун “Өлкө бүтүндүгүн ойлогон өкмөт концепцияны сөзсүз колдойт” деген аталыштагы маегине окурман назарын бурду. Ош шаарынын келечеги, жакын арада жана келечекте кечиктирбей жасай турган иштерге басым койгон шаар башчысы күн сайын болуп аткан кооптуу окуялар Кудайдын сыноосу экендигин, ошондуктан ар бир адам: “Биз кайсыл жерибизден жаза тайдык. Кудай алдында эмне күнөө кылдык?” деп ойлонушу керектигине, капитализм дегендин мыйзамынын катаал болоруна, андыктан бардык жакшылыктарга карандай эмгек гана жеткирерине токтолгон.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев кабарчынын бир катар суроолоруна жооп берип: - Бул жардыруу террор экендиги чындык. Бирок милиция кызматкерлери бөлөк, УКК бөлөк версияны айтып, карапайым элдин башы маң болуп жатат. Өзбек Ислам Кыймылы террор же жихад жарыялаган эмес. 15-июнда Кыргызстандагы мусулмандарга кайрылуусунда: “Ынтымакта болгула. Силерди Орусия менен Батыш мушташтырат” деп айткан. Кыргызстандагы болгон окуялардын көбүн бакиевчилер уюштурду деп айткандар да бар, көп жылдарга чейин ушинтип да айтыла берет, бирок кана, буга далил?-деп суроо койду.

Ошону менен бирге эле Орозбек Молдалиев Спорт сарайындагы жардырууну “Альфанын” мурунку кызматкерлери эскертүү иретинде жардырышы мүмкүн деген версияны да жокко чыгарбай тургандыгын, эми жаңыдан түзүлүүчү өкмөт жаңы адамдарды бийликке алып келсе, эптеп-септеп жүргөн күч орган кызматкерлеринен коом акырындап тазаланарын, ошону менен бирге коопсуздук системасын реформалоо зарылдыгын, анын концепциясы катардагы карапайым жарандын коопсуздугун камсыз кылуунун өзөгүндө жүргүзүлүшү керектигин кеп кылды.

Дайырбек Орунбеков “Мечиттин имамы жарылды” деген макаланы тартуулады.

“Айат” гезити УККнын катчысы Марат Иманкуловдун “Тоталитардык режимге жол жок” деген аталыштагы чакан маегин сунуш кылды.

Коомдук телеканалдын “Замана” студиясынын башкы редактору Жыпар Арыкованын маеги да ушул санда.

Журналист Бурул Мусабекованын макаласы аялдарга жасалып келаткан зордук-зомбулукка арналган. Автор макаласында акыркы жылдары каада-салт, үрп-адат дегендерди шылтоо кылуу менен көп аял алгандардын саны арбыганын, эки же үч аялдуу үй-бүлөдө балдар басынып, жабыркап өсөрүн, тилекке каршы кезинде Адилет министри болуп иштеген Марат Кайыпов менен мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу эки аял алуу демилгесин туу кылып, аны мыйзамдаштыруу үчүн жандалбас урганын баяндады.

Автор кыз ала качуу деген деги эле кыргыздын салтында болбогондугун, аны салт дегендер билимсиздигин, тескерисинче кыргыз зордук менен кыз ала качкан адамды катуу жазалаганын, алтургай өлтүрүп койгонго чейин барганын эстетип, кыз ала качуу адаты кийин эле пайда болгонун, бүгүн үй-бүлө чатагынын айынан күйөөсүн өлтүрүп түрмөгө түшкөн аялдар көбөйгөн көйгөйдү көңүлгө салды.

“Пресс.Kg” гезити “Күттүргөн коалиция түзүлдү. Сиздин пикириңиз?” деген собол менен айрым адамдарга кайрылганда илимдин доктору Кусейин Исаев: - Бул 3 партиянын биригиши абдан туура болду. Анткени көптөн бери эле булардын багыты бир. Эми мындан ары элдин жашоо-тиричилиги оңолбосо социалдык көйгөйлөр көбөйө берет. Бизде азыр улуттук партиялар жок. Абал оор. Ошон үчүн элдин үмүтү Жогорку Кеңеште. Бириккен партиялар элге берген убадаларында туруп, аларды иш менен далилдөөгө тийиш,-деп;

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбаев: - КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынын чечими элдин жашоосуна жооп бере турган чечим,-деп;

Укук коргоочу Качкын Булатов: - Кандай партиялар коалиция түзсө да эң башкысы айткан убадаларына турса болду. Бакиев учурундагы электр энергиясынан баштап, чөнтөк телефондордун бирдигине дейре кымбаттаткан саясатты биротоло жок кылып, калктын жашоосун жеңилдеткен шарттарды түзүү зарыл. Ал эми коалиция туура түзүлдүбү же жокпу, аны айталбайм. Баарын убакыт көрсөтөт,- деп жооп берди.

Ушул эле гезит “Кыргызнефтегаз” чатагы тууралуу макаланы, саясатчы Аликбек Жекшенкулов менен интервьюну жарыялады. Ал - “Мамлекеттин коопсуздугу бүгүнкү күндө эң орчундуу маселе” деп аталып, Жекшенкулов: “Саясый партиялардын лидерлери текеберленбей, баары чогуу биригип, акыл калчап, кеңешип, бир пикирге келүү менен кеңири коалиция түзүү керек болчу. Парламентке өтпөй калган партииялардан сырткары калган коомдук ишмерлерди, чет өлкөдө тажырыйбага ээ болгон улан-кыздарды эл үчүн иштөөгө тартуу керек, тазалануу керек,- деп айтты.
XS
SM
MD
LG