Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Беш кочкордун башы...


Бүгүн орус тилдүү "Дело №..." жумалыгы жарык көрдү. Гезиттин башкы темасы биригип иш жүргүзө албай жаткан саясый партиялардын таржымалын, парламенттин талашка түшкөн чатагын жазып чыкты.

“Жарык көргөн “Дело №...” гезити “Жаңы парламентти жерден көтөрүлүп баратканда “атып” түшүрүштү” деген макаласын окурмандарга тартуулап, орус саясый серепчиси Андрей Грозиндин “Ата Мекен”, КСДП, “Республикадан” куралган коалиция туула элек жатып эле туна чөгөрүн алдын ала айтканы туура чыкканын эске салды.

Коалицияны кулатуу үчүн “арнамысчыл” Артыков ашкере аракеттенгенине, анын деги эле адамдан тыш кылык-жоругун көрүп туруп кожоюну Феликс Куловдун култуюп, унчукпай отурганына, ал эми саткынчылык деген жүзүкара көрүнүш кыргыз саясатында кадыресе көндүм адатка айланып бүткөнүнө токтолгон.

“Эми кийинки коалиция кандай болот? Өткөндөгү окуядан кийин “Республика”, “Ата Мекен” менен КСДПнын биригиши күмөн. Ал эми “Республика”, “Ата Журт” менен “Ар-намыс” бирикти дегиче, анда Кыргызстан кайрадан баягы президенттик башкаруу формасына кайрылат. Эмнеси болсо да 24-декабрда көрөбүз. Күтө туралы” деп жазды.

Башы бир казанда кайнай албай жаткан партиялар жөнүндөгү Айбек Жакшылыковдун макаласы “Парламенттик майдан” деген ат менен жарыяланды. Автор парламенттин алгачкы жыйынын талдоого алып, “атажуртчулар” менен “арнамысчылар” атайылап эле убакытты созуу үчүн Ош окуясын шылтоо кылып, комиссия түзүү маселесин көтөрүп чыкканын, комиссия түзүлгөндөн кийин парламенттеги компьютердик системаны бетке кармашканын, мүнөзү жумшак, тарбия-таалим көргөн, интеллектүү Ташболот Балтабаевди Артыковдун албууттанган жоругун үлгү туткан Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков кантип “ит талагандай” кылганын, күндөн күнгө кымбатчылык басып, бюджетсиз отурган Кыргызстанды, анын чыдамкай элин каратып туруп 1 саатта чечиле турган маселени 14 саатка созуп эле тим болбостон, коалицияны кулатып түшкөнүн кеп кылды.

“Янкилер Кыргызстандагы куйруктарын чыгарып кеттиби?” Тимур Асанов аттуу автордун ушундай аталыш менен жарыяланган макаласы 7-апрелдеги кандуу окуяга күнөөсү бар деп соттолгону жаткан Оксана Малеваная, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункуловдун качып кетүүсүнө Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттык корпусунун кызматкерлери катышкан болушу мүмкүн деген божомолду окурмандардын ой элегине салды.

“Ошентип азыркы күндө мурдагы президент Бакиев түзгөн секретариаттын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрация башчысы Каныбек Жороев жана мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов европалык өлкөлөрдүн кайсынысынан болбосун саясый башпаанек сурап алары турган иш” деп белгилеген журналист ошол качып кеткендердин бири тууралуу Азимбек Бекназаровдун “Оксана Малеваная Аксы окуясын иликтөөдө жакшы иштеген” дегенин, Өмүрбек Текебаевдин “Оксана Малеванаянын 7-апрелдеги адамдардын атылышына күнөөсү бар дегенге ишенбейм” дегенин шилтеме кылган.

Маалымат булактары белгилегендей соттолуучулардын чыныгы күнөөкөрлөрү качып жоголуп, эми отургучтарда катардагы аткаруучулар гана калды. Бүгүн баары оңунан түшпөй жаткан өлкөдө Кыргызстандын күч органдарын каратып туруп, текшерилбей эле аркы-терки өтүп кете берсең болот. Көзөмөл деген жок. Айрыкча дипломаттык номуру бар машиналарды токтотуу деген ойго келмек тургай түшкө да кирбейт. Ал эми кырчындай жигиттердин канын төккөндөрдү аеосуз жазалоого убада берген бийлик эми өлгөндөрдүн жакындарынын көзүн кантип карайт болду экен?” деп суроо койду.

“Дело №...” жумалыгынын бул санына ошондой эле “Хиллари менен Роза бирин-бири айттырбай түшүнөбү?” деген аталыштагы Артем Петровдун макаласы басылды.

“АКШнын Мамлекеттик катчысы алгач Кыргызстандын президенти менен көзмө көз, алтургай котормочусу жок сүйлөштү. Анткени Роза Отунбаева англис тилин Хиллари айымдан кем билбестиги белгилүү” деп маалымдаган автор окурмандарга андан ары Хиллари Клинтон менен президент Роза Отунбаеванын журналисттер журтуна өткөргөн маалымат жыйынындагы айткандарын маалымдады. Аталган басылма муну менен бирге эле психолог Айгүл Сатарбаеванын аял лидерлер сүйлөшкөн учурда эркек кесиптештеринен айрымаланып, майда нерселерге чейин көңүл бурарын белгилеген.

Жумалык Бишкектин “Ботаникалык багы” деп аталган аймакка “Биологиялык лаборатория курулганы жатыптыр” деген кабардан кийин окурмандардан суроолор жаап жатканын, курулуштун долбооруна каршы болгондор, аны жактагандар да бар экенин баяндап, айрым атуулдардын ойлоруна орун берген.

Бишкектин тургуну Алла Ким:-
Биз Биологиялык лабораториянын курулушуна караманча каршыбыз. Бийлик эртең эле кетет, а биз болсо бул жерде түбөлүк жашайбыз. Азап-тозогун биз, биздин балдар тартат, -деп;

ОшМунун профессору Иман Тайчиев: - Заманбап мындай лаборатория Кыргызстан үчүн абдан зарыл. Ошондуктан аны куруп берели деп жаткан канадалыктарды колдошубуз керек,-деп;

Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу Насирдин Юсупов:- Мен бул курулушту Ботаникалык бактын аймагына эмес, биздин “Ала-Тоо” акционердик коомунун аймагына салынышын каалайт элем. Себеби 1-ден биздин аймакта бардык коммуникациясы, тазалоочу жайы, кубаттуу электр энергиясы бар 11 гектардан ашуун даяр аянт бар, 2-ден курулуш бул жерге түшсө канадалыктар бизге аренда акысын төлөп турат, 3-дөн Көк-Жар кыштагына газ түтүгү тартылат,-деп;

Экономист Нурлан: - Канада эмне себептен 60 млн. долларын талаага чачканы жатат? Капиталисттер акчасын жөндөн жөн эле шамалга сапыра бербейт. Айрыкча жер шарынын каяктагы бир бурчундагы кенедей өлкөгө. Эсиңердеби? Канадалыктар “Кумтөр” алтын кенин каза турган болгондо да эми жыргайбыз деп алакан чаап, жерге-сууга тийгизбей мактаганбыз. Аягы эмне болду? Алтындын “пайдасын” аябай көрүп жатабыз. Орустар “Бекер быштак чычкандын гана капканында” деп бекер айтышпайт”,-деп жооп берди.

Гезит ырасмий бийлик азырынча ак деп да, көк деп жооп бере электигин кошумчалаган.
XS
SM
MD
LG