Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кайра кайтпа


Бүгүн жарыкка чыккан гезиттер өлкөдөгү кырдаал, парламентте түзүлбөй калган жана эми түзүлчү экинчи коалиция тууралуу кеп кылышты.

“Кыргызстан кайра таз кебетесин кийбеш керек”. Мына ушундай баштема менен жарыкка чыккан “Айат” гезитине Президенттин админстрация башчысы Эмил Каптагаев маек куруп, эл аралык алакалардагы биздин өлкөнүн орду, парламенттик демократиянын маданияты, кадр саясаты тууралуу кенен кеп салды.

Кадрлардын баарын Каптагаев кызматтан алып же кызматка коё албастыгын, анын үстүнө өлкө туу туткан бул системада бир киши үстөмдүк кылбастыгын, кадр маселеси азыр коллегиалдуу түрдө чечилерин, алтургай кечээ эле бийлик тарабынан өзүнө жасалган буйуртмаларды аткарган сот, прокурор жана башка адамдар аман-эсен, куугунтукталбай эле иштеп жүргөнүн айтты. Максаты - өлкө президенти Роза Отунбаевага жардам берүүгө, бардык аракет Кыргызстандын мурдагы таз кебетесине эми экинчи кайтпай тургандай чекке жетип, бел ашып кетишине жумшаларын, анткени эгемендикти алгандан бери өлкөдө бийлик бир да жолу мыйзамдуу жол менен аламаша электигин, ошондуктан келерки бийликти мыйзам чегинде алмаштырып, кийинки президентти татыктуу тандап туруп, шайлап алгандан кийин Кыргызстан буюрса келечектүү жолго түшөрүн белгиледи.

“Учур”
гезити аркылуу оюн ортого салган экономист Бекташ Кылычбеков:

- 400гө жакын тоо-кен өнөр жай ишканасынын 28и араң иштеп, Кара Кече кыймылдабай турат. Өкмөт жакында сунуштаган бюджет долбооорунун киреше бөлүгү 56,9 млрд. чыгаша бөлүгү - 75,5 млрд. сомду түзүп, казына тартыштыгы 18,5 млрд. сомго жетти. Кыргызстан азыр Азия фондунан 40, ЕвраАзЭШтен 120 млн. доллар үмүт этүүдө,-деп;

Саясый серепчи Токтогул Какчекеев: - Өткөндөгү жардырууну сеператисттик күчтөр жасаган. Булар керек болсо Ислам Каримовдун өзүнө каршы чыгууда. Мындай жол менен кек алуу жолоюн көздөгөндөр Орто Азияга чоң жаңжал салгысы келет. Андай чырдын кесепети Россияга тийип, анын карамагында жаткан Кавказ, Башкыртстан менен Татарстан баш көтөрүп, улуу держава ыдырайт. Дүйнөгө исламды “желмогуз” кылып көргөзүү үчүн мындан өткөн шылтоо жок,-деп;

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбаев:- Элдин басымдуу бөлүгү “Ата Мекен” менен КСДПнын көч башында турушун каалайт. Эгер андай болбосо, кайра толкундоолор чыгышы ажеп эмес. Анын үстүнө “Республика”, “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” үчөө оңой менен бириге албайт. Кокус биригип, КСДП аларга кошулса, “Ата Мекен” оппозицияда кала берет,-деп билдирди.

Ушул эле “Учур” гезитинен “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун “Артыковду ордуна коюп койдук” деген, Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары, генерал-майор Муканбет Касымалиевдин “Күнү-түнү элге кызмат кылабыз” деген, “Азаттык” радиосунан алынып жарыяланган “Чындыкты тапкан, телегейи тегиз Кубатбек Жусубалиев” деген маектешүүлөрдү, “Адилетсиз жабыркаган атуулдарды коргоо кыймылынын” мүчөсү Салтанат Кыдырмаеванын “Бакиевдердин мыкаачылыгы” аттуу макаласын, маданият, спорт темасындагы, ж.б. кат-кабарларды окууга болот.

“Пресс. Кg” гезити алгачкы коалициянын ойрон болушу жөнүндө ойлорду, мунайы бар туруп муңайган өнөр жайын, Бабановдун башын экинчи жолку коалиция түзүү маселеси оорутуп жатканын, тар чөйрөдөгү имиштерге караганда өткөн коалициянын ойронун чыгарган 9 депутаттын ар бири 300 миң доллардан кол кесер алганын, демек 1-коалицияны жок кылуу үчүн 3 миллион долларга жакын жашыл акча сарпталганын маалымдаган басылма:

-Эми 2-коалиция түзүлөрүнө ишенесизби?-деген суроо менен төрт кишиге кайрылды.

Адвокат Акин Токталиев:- Булар коалиция түзө албайт. Жыйынтыктап айтканда, бул парламент жазга жетпей чачырайт. Элди ойлогон да жок. Бир эле мисал Данияр Үсөновдун аялын “Ата-Журттан” чыгарабыз дешти эле, анысы “анда шайлоого кошкон 1 млн. 300 долларымды кайтарып бергиле?” деп үндөрүн баспадыбы,-деп;

Саясатчы Бегиш Ааматов:- Акаев менен Бакиев убагында Кыргызстанды талап-тоногондор кайрадан олтурат. Булар бардык кырдаалга жооп бербесе эл кайрадан кубалап чыгат,-деп;

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев: - Абдан кыйын болот. Муну мен 3 себептен улам айтып атам. 1-ден сырттан таасир этип турган чоң өлкөлөр бар. 2-ден элге жакпаган кочкул күрөң түстөгү фракциялар менен беркилер биригип кеткенден элден ажырап калабыз деген чочулап турат. 3-дөн ар бир депутаттын жеке кызыкчылыгы тоодой. Кыскасы бул парламенттин келечеги жок,-деп;

ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу: - 2-коалиция төрт партиядан түзүлөт,-деп жооп берди.

“Асман преss” гезити депутат Камчыбек Ташиевдин маегин тартуулады. Саясатка кандайча келип калганын эскерген Камчыбек 3 жолу депутат болом деп боло албай, 27 жашында Марат Бакиев менен атаандашып утулуп калганын, 2-жолу Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри менен шайлоо жарышына түшүп, утуп чыкса да жеңишти бербей коюшканын, бир кезде артында тууган-туушкандары гана турса, азыр жүз миңдеген кыргыз эли турарын кеп кылды.

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун маеги “Өз принцибимде турам” деп аталып, саясатчы Убактылуу Өкмөттүн алсыздыгын, демократия деп коюп анархияга жол бергенин, “эски бийликти кетирдик” дегени менен кайра эле ошол эски бийлик бийликке келгенин, кымбатчылыкка чара көрө албаган бечаралагын сынга алды. Парламент жөнүндө сөз кылып, алардын теңи парламенттик башкарууну эңсегендер болсо, теңи президенттик башкарууну эңсегендер экенин, арасында мамлекет үчүн эмес, жөн эле папке үчүн келгендер барын, ошондуктан булардын башы бир казанда кайнаарын алдын ала болжоп болбостугун белгиледи.

Гезиттеги көңүл кейите турган дагы бир макалалардын бири - аркы-терки адамдар арбын өткөн кан жолдун боюнда, Сары-Өзөн-Чүйдүн Чоң-Таш деген айылында кароосуз калган Сүймөнкул Чокморовдун үйү тууралуу баян.
XS
SM
MD
LG