Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Гезиттер эңшерлиген эл турмушу, кутурган баа, куралалбай жаткан өкмөт, “кудуктан” суу издеген коалиция тууралуу маалыматтарды тартуулады.

“Жаңы агым” гезити баш макаласын “Баалар бакырыгы” деп атап, ушинтип азык-түлүк жаңы жыл сайын кымбаттаарын, бирок быйылкы кымбатчылык кутургандай жогорулап баратканын баяндап келип, Кыргыз өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбековдун бааларга берген түшүндүрмөсүн кошо басты.

Бабырбек Жээнбеков ансыз да кымбаттаган бааны алып сатарлар менен ортомчулар ого бетер көтөрүп жиберерин, өкмөт ушуну жөнгө сала албай койгонун, азыр эми жаңы өкмөт түзүлсүн деген шылтоону бетке кармап отурганын айткан.

Коалиция маселесин козгогон гезит “Соодалаша берип соолуп калбайбызбы?”, “Ата Мекен” түбөлүк оппозиционер”, “Жолугушуулар жамбаш жоорутчудай болду го”, “Сахнада Бабанов. Кимдин “чоорун” сыбызгытабыз?”, “Төртөө бийликте, КСДП оппозиция болобу?” деген темадагы ой-пикирлер топтомун ортого салды.

“Жогорку Кеңешти “жок кылуу” программасы күжүлдөп иштеп атыптыр, бейрасмий маалыматтарга караганда ага жетекчиликти Жаныш Бакиев жүргүзүп жатканын уктук” деп кабарлаган “Жаңы агым” “Өмүрбек Бабанов 5 партия лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин Кулов өкмөт башчысы болгонго ниеттенсе, Өмүрбек Текебаевдин спикерликтен үмүтү үзүлбөгөндүгүн, ал эми эч кандай талап койбогон “атажуртчулар” баары бир бизсиз бирдеме кылалбайсыңар кыясын көрсөтүптүр, ошентип барган сайын парламент туманы коюлап баратат” деп жазды.

“Кыргыз руху”
гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Бакиев кетти, бакиевчилер келди”, “Бөдөнөнү неге касапчы сое албай калды?”, “Бабановдун коалициясы”, “Жаңы оппозициябы же эски оппозициябы?” деген бөлүмдөрдөн турган макаласын окурмандарга сунуш кылды.

Өзү жазган мыйзамдын эң алгачкы курмандыгы өзү болгон Текебаевдей мыкты оппозиционер Кыргызстанда жоктугун, ал кайрадан оппозицияга кетсе, кайра эле мыкты оппозиционер болорун, Бабанов коалиция түзгөн күндө да баары бир ал өкмөт узакка жашабай орто жолдо “жайрап” каларын жазды Азизбек Келдибеков.

“Бардык жерде бийликти үч партия басып алды”, “Бекназаровго убагында сотту спорт сарайында өткөргөнгө болбойт” деп айтканбыз”, “Качып кеткен Жороев, Малеваная, Турсункуловдорду бийликтегилер өздөрү эле чыгып кетүүсүнө шарт түзүп берген” деп айткан генерал Артур Медетбековдун маеги, Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын каты, ал өткөрмөкчү болуп өтпөй калган ошондогу Курултайдын программасы да ушул санда.

Аталган басылма айрым жарандардын жаңы парламент тууралуу ойлоруна да орун берди.

Азизбек Келдибековдун Чыңгыз, Памирбек Казыбаевдин Алыкул тууралуу баяндары да бар.

“Кыргыз туусу”
гезити Кыргызстан аксакалдарынын Төркеңеш мүчөлөрүнүн “Элдин кызыкчылыгын көздөгүлө!” деген кайрылуусун, Президент Р. Отунбаеванын сыймык алып келген спортчуларды сыйлаганын, 5 жаштагы ЭлТРдин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылганын, расмий материалдар, дубан жаңылыктары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүүлөр, Эрнис Турсунов, Алыкул, академик Бектемир Мурзубираимов жөнүндө мактал макалалар жарык көрдү.

“Саясат”
гезити “Депутаттык этика. Микрофон тепкилеген Ташиев”, “Жылдыз Жолдошева жылмалап сойгусу келдиби?”, “Ата Мекенди” ким алдады?”, “Атамбаев-Текебаев-Бабанов коалициясынын ыдырашынын себептери” деген ат менен майда кабарларды тартуулады.

Коалиция жөнүн талдоого алган гезит 3 фракция эмес, 4 же андан ашык фракцияны катыштыруу менен кеңири коалиция түзүү аракети деле жеке амбициялар менен так талашуулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүндүгүн белгиледи. Непадам “Ата Журт” менен “Ар-намыс” биригип, анын үчүнчү фракциясы “Ата Мекен” болсо, анда “Ар-намыс” менен “Ата Журт” өкмөттү алып, “Ата Мекен” өзү көксөп келген парламент төрагалыгына ээ болот” деп бүтүм чыгарды “Саясат” гезити.

“Форум”
гезити баш темасын “Ташиев менен Келдибековдун ортосун кара мышык аралады” деп атап, журналист Баратбай Аракеевдин “Парламент “чилче” тараса...” деген макаласын жарыя кылды.

Гезит муну менен бирге эле Бакиев тушунда “Кыргызстанды ХИПИКке “айдап” кирмекчи болгон Акылбек Жапаровдун өнөктөшү Феликс Кулов өкмөт башчысы болууга ашыгууда” деп, “Эгер “Ата Журт” аралашкан парламент курамы түзүлүп калса Мыктыбек Абдылдаев Байболовдун ордун басып жыгылат” деп, “Ак үй тараптан “Республика”, “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракциялары бир коалицияга бириккен жатыптыр” деген шыбыш чыга баштады. Мындай болсо Ө. Текебаев спикер, Ф. Кулов премьер-министр, Ө. Бабанов коалицияны жетектейт имиш. Буга “Ата Журт” фракциясынын Камчыбек Ташиевди жактаган тобу жардам беребиз дешиптир. Анткени бул долбоор казак президенти Нурсултан Назарбаевден келип, Назарбаевге аны Америка сунуш кылып, Кыргызстанды көзөмөлгө алууну АКШ Казакстанга тапшырыптыр, ушу кезде бул тапшырманы аткаруу үчүн атайын өкүлдөр Астанадан Бишкекке өтө көп суммадагы доллар менен учуп келгенин айтып жатышат” деп маалымат таратты.

“Алиби” гезити да коалиция маселеси менен жаңы санын тартуулады. Баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Ичтен чыккан ийри жылан же экинчи ычкынуу” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды.

Жуман Алиев аттуу автор макаласын “Парламент тарайт-тарабайт” деп атап, депутаттардын өткөн жыйындагы адам иренжитээр көрүнүшүн, мамлекет тагдырын чечет дегендердин маданиятын, сөөмөй кезеп жулкунгандарын, микрофонду “мылтык” кылып, ызырынып, талтайып туруп алып чучук ныгыргандай ныгырып сүйлөп, албууттана атырылып турган жоруктарын сүрөттөөгө алып: “Президент Отунбаева буларды таратып жиберип, жаңы шайлоо дайындаса, канча жолу жаңылган эл ушул жолу сак болуп, акчага эмес, жүрөгүнүн буйругуна баш ийип добуш берер беле?” деген маанай эл ичинде өкүм сүрө баштады” деп кулак кагыш кылды.

Журналист Замирбек Турсунбаевдин макаласы “Трайбализм” оорусу кыргыз канына бүткөнбү?” деп аталып, кадр көйгөйүн кеп кылды.

“Алиби”
атайын бир бетин окурмандардын каттарына арнаган. Ошондой каттардын бири - “Бабанов, 7 пайыз кредит кайда?” деп аталат.
XS
SM
MD
LG