Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:41

Гезиттер 7-апрелден бери “сенделткен” 8 ай өткөнүн, бирок дагы эле оң жолго түшө албай келатканыбызды кеп кылды.

“Айат” гезити аркылуу айтылуу ишкер Аскар Салымбеков кыргыздарды биригүүгө чвкырды...

“7-апрелден бери туура 8 ай өттү. Элдин жардамы менен бийликке келген Убактылуу өкмөт ээрге кыйшык отурду. Мансап ачкөздүгүнө арбалды. Бири – премьер-министр, бири – спикер болгусу келди. Ошентип атып Бакиевден семиргендер кайрадан төбөгө чыгып, камчыларын ойнотконго өттү. Парламентке келген бешөө болсо ынтымакка келе албай, ал арада чыдамы түгөнгөн эл толкуп кирди. Себеби “эл дегендер” кайра эле баягыдай артка сүрүлүп, “эл жегендер” “тирилип тура баштады” деп жазды жаңы жарык көргөн “Айат” гезитиндеги баш макаласында Жылдыз Мусабекова.

“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков маеги аркылуу калкты жаңыланууга жана тазаланууга чакырды.

Аскар мырза өлкөнүн экономикалык абалына ой калчап, 2008-жылы Монголияда да биздикиндей парламенттик шайлоо өтүп, 3-4 партия келип, өкмөт түзө албай, орун талашып, биринин кеңсесин бири өрттөгөнгө чейин барганын, аңгыча Монголиянын 2 спортчусу Бээжин олимпиадасынан алтын медалга ээ болуп келип, бүт эли аянтка чыгып, майрамдап: “Биз бөлүнбөшүбүз керек экен. Бөлүнсөк Монголияны жоготуп алабыз” деп спикерин да, премьер-министрин да шайлап алганын, ошондон тартып чыр-чатак токтоп, ушу кезде Монголия катуу өнүгүп жатканын мисалга тартты.

-Биз деле Данияр Көбөновдун алтын медалын майрамдап, аянтка чогулуп, партиялар тил табышып, өкмөт түзүп алсак болмок,-дейт Аскар Салымбеков.

Ал андан ары бүгүн жаш баладан тартып президентке дейре жаңыланып, тазалануу керектигине, кежеңдеп тиреше берүү эч бир жакшылыкка алып келбестигине, “сен Бакиев, сен Акаев” дей бербей, “биз кыргызбыз” деген туунун алдына биригүүгө чакырык таштады.

- Келгиле, улууларыбызды угалы? Турдакун Усубалиев баш болгон аксакалдарыбыз, билимдин, маданияттын, саясаттын, бизнестин элиталары чогулуп улуттук тил табышууга келели? Мен да салымымды кошконго даярмын,-деп айтты Аскар Салымбеков.

“Асман press” гезитине маек курган “Ар-намыс” партиясынын мүчөсү, депутат Бөдөш Мамырова кокус Алмаз Атамбаев өкмөт башчысы болуп калса, Феликс Кулов анын алдында иштей албастыгын, ошон үчүн “сиз бул кызматка иштеп бериңиз” деп сунуштаган күнү эле андан баш тартканын айтып чыкты.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин “900 сом алган мугалим кантип иштейт?” деген ат менен интервьюсун басты. Экс-министр өз сөзүндө министрликтердин эң статусу төмөнү, байкушу жана бечерасы Билим берүү жана илим министрлиги экенин, анткени колунда акчасы жоктугун, акчасы болбогон соң саясый эрки да жоктугун, министрдин артында кадр жана акча маселесин чечкен стат-катчы турарын, анан эки орун басары болорун, бири – президенттин, бири - премьер-министрдин кишиси экендигин, ошентип экөөнүн ортосунда калган министр эч нерсе чече албаган жанга айланарын кейиш менен кеп кылды.

“Учур” гезитине маек курган саясат талдоочу Кубан Абдымен “Ата Мекен” партиясы кайрадан оппозицияда каларын, калган 4 партия айласы жогунан биригип атканын, бирок бириккен менен андан ары иштеп кетишине көз жетпестигин, анын ою боюнча спикерлик орун “Ата Журтка” берилиши мүмкүндүгүн, эгер премьер-министрди 4 партиянын арасында добуш берүү менен шайлай турган болсо көпчүлүк добуш Феликс Кулов үчүн берилип кетиши мүмкүндүгүн билдирди.

Генерал саясатчы Мирослав Ниязов өлкөдөгү коопсуздук маселесине токтолуп, жайкы коогалаңда сеператизм деген оркоюп көрүнгөнүнө, ошондуктан биз унитардык мамлекет катары мамлекеттүүлүктү сактап, сеператизмге жол бербешибиз керектигине көңүлдөрдү бурду.

Кандай бийлик болбосун башында эки коркунуч турарын, бири –алсыздыгы, экинчиси – акча көрсө сатылып кетмейи болорун белгилеген Мирослав Ниязов, азыркы бийликте мамлекетти башкарууда профессионалдар жоктугуна, улуттар аралык чыр-чатакты айрымдар “орустар же америкалыктар” жасады деп айтып жүрүшкөнүнө, алары жок эле муну кыргыз жасаганына, кыргыздын түбүнө кыргыз жетип келатканына жаны кашайды.

Экономика жагдайын сөзгө алган экономист Жумакадыр Акенеев чындап келгенде бюджетте мугалимдердин, башка тармактагылардын айлык маяналарын көбөйтүүгө акча жоктугун, ошондуктан батыраак өкмөт түзүлсө, акча келе турган булактар бар экенин билдирди.

“Учур” ушуну менен бирге “Кыргызнефтегаздын” чыры менен чыныгы сыры” деген макаланы тартуулады.

“Мекен шейиттери” уюмундагы бардык энелердин атынан кол койгон Кишимжан Таштакееванын каты “Өкмөт түзүлгүчө сот токтотулсун!” деген ат менен жарык көрдү.

Катта:
“Күйүткө батып, жакындарын жоготкон жабырлануучуларга моралдык колдоо көрсөтө албастыгын азыркы бийликте отургандар сотко келбей, катышып койгонго жарабай койгондуктары менен билдиришти. Биз алардын Ата Бейитте шейит кеткен балдардын арбагынын алдында сүйлөгөн сөзүнө, эскерүү жыйынындагы көз жашына ишенгенбиз. Азыр аягы минтип, жабыр тартканыбыз аз келгенсип, өз арманыбызды өзүбүз көтөрүп арабөк калдык” деген сөздөр жазылган.

“Айкөл эл” партиясынын лидери Эмил Байсаловдун маеги да “Учурдун” ушул санында.

“Саамал” фольклордук-этнографиялык ансамблдин жетекчиси Асылбек Насирдинов кыргыздын нукура музыкасы жанданып жатканын, өзү да улуттук музыкалык асапаптарды жасап келатканын, ага аспап жасатууну каалагандар арбып баратканын, заказдар казактардан, интернет аркылуу четөлкөлөрдөн да түшүп турарын баяндап берген.

Ушул эле санда Таалайгүл Жаныбекова аттуу автордун “Аты жок бала каза болду” деген ой толгоосу жарыяланды. Ой толгоо замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовго багышталган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG