Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Эми эл оппозиция болобу?


“Алиби” жана “Форум” гезитиндеги материалдардын басымдуу бөлүгү жаңы өкмөттүн түзүлүш курамына нааразы болгон макалалардан турду.

“Жаңы Өкмөттүн жаңы жылдык белеги” деген рубрика алдындагы баштемасын “Бакстын катчысы, Макстын орун басары бийликке келди” деп баштаган “Форум” гезити “Бийлик бакиевчилерге тынчтык жолу менен өттү...” деген бүтүмгө келди..

- Жаңы түзүлгөн өкмөт курамы купулуңузга толдубу?

- Парламенттин узак иштешине көзүңүз жетеби?

Гезит ушундай суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: Өкүнүчтүүсү өкмөт түзүүдө туура эмес критерйилер болду. Мен азыркы өкмөттү убактылуу гана деп ойлойм, акырындык менен тажрыйбалуу адамдар келүүгө тийиш, болбосо, бул өкмөттүн өмүрү кыска болот,-деп;

Депутат Бөдөш Мамырова: Бул жолу жаңылбаш керек элек, катуу жаңылдык. Кечээтен баштап айрым аймактарда наааразылык акциялар башталды. Бир эле мисал Садык Шер-Нияз абдан жакшы иштеп атса, ордуна Нурлан Шакиевди алып келгени акылга сыйбаган иш болду,-деп;

Депутат Исмаил Исаков:
Ичим чыккан жок. Парламентке барган 5 партияда тажырыйбалуу мыкты кадрлар бар болчу,-деп,

Окумуштуу Кусейин Исаев: Азыркы депутаттар улуттук идея, идеология, элдин эртеңи үчүн деген ой-санаа менен эмес, акчанын күчү, кокту-колотко бөлүнүүнүн күчү менен келгендер. 7-апрелдеги элдин тилеги бутка тепселип калды. Ошондуктан үчүнчү жолу эл көтөрүлүп чыкпайт деп кепилдик бере албайм,-деп;

КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков: Өкмөттү түзүп алганыбыз туура болду. Эгер биз “Ата Журттун” талаптарына моюн толгосок тарап кетүү коркунучу бар болчу,-деп;

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев: Эл күткөндөй болбой калды. Болгону Атамбаев менен Бабанов гана ордуларын тапты. Алда немедей иштеп аткан Садык Шер-Ниязды алып койгону акылга сыйбаган иш болду. Министр болгон Нурлан Шакиевдин буга чейин кыйратып иштегенин көргөн эмесмин,-деп;

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев: Түзүлгөн коалициянын 5 жылга чейин иштээрине көзүм жетпейт. Көп болсо 2 жыл иштейт, андан кийин тарап, кайра шайлоо болушу мүмкүн. Ар бир фракциянын артында сырткы күчтөр турат. Бүгүнкүдөй өкмөттүн түзүлүшүнө карапайым эл өзү мүмкүнчүлүк түзүп берди. Туура тандап, шайлоодо акчага азгырылбай, мамлекеттин келечеги үчүн добуш бериш керек эле,-деп;

Экс-маданият министр Рыскелди Момбеков: - Ким кандай кабыл алса ошондой кабыл алсын. Мен: “Биз бакиевчилерге бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бердик” деп ачык эле айтам. Алмазбек Атамбаевдин жанында бир дагы БЭКтин мүчөсү жок, бардыгы “бакиевдин батальону”. Арбактар да нааразы болсо керек. Эл билди, Атамбаев айласы куруганда ушундай кадамга барганын. Алмазды курчап алгандар эми ага ар кандай сюрприздерди жасап отуруп, жазга жеткизбей жарга такап туруп, акырын гана Ак үйдөн узатып коюшат. Балакет башталбасын, башталса ага Бабанов керт башы менен жооп берет. Анткени азыркы өкмөттүн автору ушул жигит,-деп жооп берди.

“Форум”
гезити “Саясый сойкулук” деген рубрика алдында “Бабановдун эшеги суудан өттү, бирок...” деген баяндаманы басты. Гезит андан ары дагы бир “атажуртчу” Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн, Бакиевдин убагында Токмоктун мэри болуп турган Канат Исаев Чүйдүн губернатору болгон жатат деп кабарлады.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин “Жаңы өкмөттүн курамы эки жүздүүлөрдөн куралды. Эл ушуну күттү беле?” деген, 7-апрелде курман болгон Алмаз Абдразаковдун жубайы Гүлмира Абдылдаеванын “Азыркы өкмөткө баягы эле канды соргон мите курттар келди...” деген маеги басылды.

“Алиби”
гезити Таластагы элдик жыйындын катышуучуларынын “Эл кыжырына тийбей, отставкага кеткиле!” деген каты менен жаңы санын ачты. Катты Таластын 37 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жөнөткөн.

Катта: Атамбаев баш болгон 8 адамды эске албаганда калган 18 мүчөсү Бакиевдердин таманын жалап жүргөн адамдар эмес беле? Мына ушулар бүгүндөн тарта Кыргызстандын тагдырын чечиши керекпи? Революция үчүн кан-жанын аябаган адамдарды ээлеген кызматтарынан айдап, буларды дайындоо шейит кеткендерди ачыктан-ачык мазактоонун далили эмеспи?- деген сөздөр бар.

Таластыктар бийлик башындагыларга кайрылып, 7 чечим кабыл алган. Аны “Алибинин” бүгүнкү санынан окуй аласыз.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков макаласын “Иттин 5-шыйрагы” деп атап, жаңы альянсты түзүүдө фракциялардын программаларындагы, идеологиясындагы, саясый платформасындагы жакындыктар менен айырмачылыктар эске алынбаганын, маселен “Ата Журт” фракциясы К. Бакиевдин аткаминерлеринен же тагыраак айтканда жегичтеринен куралып, президенттик башкаруу системасын калыбына келтирүүнү көздөгөн реакциячыл партия экендигин, алар кожоюну Бакиевдин бийлигин кайра калыбына келтирүүнү, диктатордун өзүн кайра алып келип, такка мингизүүнү көздөшөрүн жашырышпаганын, демек Келдибековдун эч кандай кыйынчылыксыз төрага болуп шайланышын бакиевчилердин реваншы деп кароого толук болорун жазды. Автор бир катар жагдайларды эске алуу менен бийликке келген үчилтик түзгөн альянсты талдоого алып “мунун да өмүрү да узак болбой калды” деген жыйнтыкка келген.

“Кыргыз туусу”
гезити жаңы түзүлгөн өкмөттүн тизмесин басып, президент Роза Отунбаеванын парламент менен жаңы түзүлгөн өкмөткө каалоо-тилегин билдиргенин жана башка расмий материалдарды жарыя кылды.

Бул гезит да өкмөт курамы тууралуу ой-пкирлерге орун берди.

Саясый серепчи Марат Казакбаев:
Өкмөткө качып кеткен президенттин адамдары, маселен Н. Шакиев, А. Шадиев өңдүүлөр келгендиги чын. Кесипкөй жаштарды, мисалы “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков өңдүүлөрдү тандаса болмок,-деп;

Экономист Айылчы Сарыбаев: Жарым жыл иштегенден кийин айтпасам, азыр айталбайм. Жакшы иштеп берсин деп тилейли. Үмүт кылып туралы,-деп;

Саясат иликтөөчү Марс Сариев:
Өкмөт курамына көбү кесипкөйлүк жөндөмү менен эмес, кайсы партияга таандык болгондугу үчүн эле кирип алды. 3-4 айдын ичинде кризиске туш болушу мүмкүн,-деп,

Саясат иликтөөчү Кубан Абдымен: Өкмөт курамына аялдар кирбей калганы жаман болду,-деп жооп берди.

“Кыргыз туусу”
гезити булардан тышкары “Манастын доору кайсы учурга туш келет?” деген суроонун алдында талкууга катышкан айрым атуулдардын ойлоруна окурман көңүлүн бурган.

Журналист Жыпар Акунованын макаласы “Ак Турпактын алдындагы газды, мунайзатты башкалар пайдаланууда” деп аталат.
XS
SM
MD
LG