Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

“Өмүрүң” да, “өлүмүң” да өз колуңда, Өкмөт!


Жаңы өкмөттү оң жактан да, сол жактан да сынга алып, эмитеден эле жарга такаган ой-пикирлердин саны арбый баштады.

Бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити жаңы санын айрым суроолорго жооп издөө менен ачты.

- Бакиевдик күчтөр реванш алды десек болобу?-деген суроого саясый серепчи Марс Сариев:

- Реванш алды деп айтуу али эрте. Бакиев менен иштеген адамдарды “бакиевдик” деп айтуу бир аз туура эмес болуп калат. Бакиев деген бүгүн саясий фигура эмес. Азыр такыр башка система келди. Эми биз кайсы партиядан экенине карабастан, кесипкөйлүгүнө, жөндөмдүүлүгүнө карашыбыз керек. Иштей албагандар кетип, ордуна иштей алгандар келе берет,-деп;

- Жаңы келгендер мамлекеттик ири ишканалардан тартып, облустардан бери, кала берсе массалык маалымат каражаттарына чейин бөлүп алышыптыр, буга кандай дейсиз?

- Булар устуканды бөлгөндөй эле бөлүп алышты. Парламенттеги 5 партиянын добушун кошкондо да булар элдин көпчүлүгүн түзө албайт. Мына ошон үчүн жер-жерлерде нааразылыктар чыгууда. Эгер элдин жашоосу кыйындап кетсе, массалык толкундоолор март, апрель айларында кайрадан от алышы мүмкүн. Бирок бул өкмөт мурдагыдай талашып-тартыша берсе, Кыргызстан кыйрап каларын түшүнүп, жакшы иштөөгө аракеттенет деп ойлойм,- деп жооп берди Марс Сариев.

- Максимдин кишиси аталып, сиздин ордуңузга министр болуп келген Учкунбек Ташбаевдин кесипкөйлүгүн кандай баалайсыз?-
деген суроого экс-министр Эмил Үмөталиев:

- Ал экономиканы тааныган, окуган, мамлекеттик деңгээлде иштей алган жаш муундун өкүлү. Реформаларды жүргүзүүгө жакындыгы байкалган болчу,-деп жооп берди.

“Учур” гезити “Фергана.Ру” маалымат агенттиги жарыялаган Бермет Букашеванын “Сүймөнчүк Бабанов” аттуу макаласын орус тилинен которуп жарыялады. Макалада журналист Бабановдун саясат айдыңындагы ишмердүүлүгүнүн сүрөтү тартылган.

Ушул эле санда ЖК депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиев менен кеңири маектешүү бар.

“Бакиевдик режим менен күрөшкөндөргө чакырык ташталды!”

Мына ушундай аталыш менен саясий партиялардын Улуттук конгрессинин долбоору, “Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаал” боюнча конференциянын резолюциясы жарык көрдү.

Резолюцияда Акаев менен Бакиев бийлиги келтирген зыяндар тизмеленет.

Мындан тышкары өлкөдөгү жумушсуздук, мыйзамсыздык, тышкы карыздын көлөмү көбөйгөн сайын, калктын кирешесинин азайганы, жакырчылык, балдардын 20 пайыздан ашууну мектепке бара албай калганы, убактылуу өкмөттүн натыйжалуу иштей албаганы белгиленет. Ушунун айынан акырында эл каалабаган күчтөрдүн бийликке келгени, Жогорку Кеңештеги көпчүлүктү түзгөн 3 партия бийлик органдарына жердигине же кайсы партияда экендигине карабай, гендердик теңчиликти эске албай туруп өкмөт түзгөндүгү айтылат.

Буга дейре Кыргызстандын экономикасын бүлүнткөн, мамлекетти талап-тоногон, уурдаганга түз жана кыйыр түрдө тиешеси бар адамдарды бийликке алып келишкенин, ошондуктан бардык тараптан көзөмөлдүктү күчөтүү менен Көмүскө өкмөт түзүү жана 2011-жылдын жазында Жалпы элдик Курултай өткөрүү чечимине келгендиги жазылган.

“Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу системасын киргизүүнү жүзөгө ашырып, акыры көптөн күткөн өкмөттүү болдук. Башында каршы чыгып: “Кыргыздарга парламенттик жарашпайт” деп текебердик кылып келген Россия алгачкылардан болуп жаңы өкмөттү куттуктап, тынччылыкты жана жакшылыктарды каалаганы, кыйчалыш күндөрдө баарына чыдап, Эркиндикти, Демократияны, Элдик бийликти сүйгөн кыргыз элинин кайраттуулугу, акылмандыгы болду” деп жазды бүгүн жарык көргөн “Пресс. кg” гезити.

Журналист Бакыт Молдалиев учурдагы саясий абалды талдоого алып, макаласын “Рингде” саясый бокс, көчөдө жол тосмой” деп атап, анысын “Реваншчылардын кезектеги жеңиши”, “Атамбаевдин кызматы “Ата Журттун” колунда”, “Коалицияга ким кожоюн?”, “Жаңы өкмөткө жаңы жылдык “бадарке”, “Күтүлгөн күтүүсүздүк” деген майда темаларга бөлүп чыккан.

Жаңы өкмөткө келгендердин буга чейин кайда иштегендиктери маалымдалган.

Бир катар ой-пикирлерге орун берген.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов:
-Бул курамды түзүп жаткан премьер-министр А. Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн ким экенин жакшы билбейт экен. “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары өз сунуштарын берген, бирок аларды эске алган жок. Мен Атамбаевге министрлерди “кандай критерийлер менен тандап алдыңыз?” деп сурасам, жооп бере албай койду. Бул өкмөт көпкө узабайт,-деп;

Саясый серепчи Данияр Нарынбаев: - Өкмөт иш билги кадрлар менен куралды. Кандай гана өкмөт жана парламент болбосун экономикалык оор абалды жөнгө салуу керек. Ким болбосун иштеши керек,-деп;

Депутат Анвар Артыков:
- Аймактык тең салмактуулук, башка улуттун өкүлдөрү, аялдар эске алынбай калды,-деп;

-Эмне үчүн аймактык тең салмактуулук, башка улуттун өкүлдөрүн, аялдарды кызматка тартуу эске алынган жок?-деген суроого КСДП фракциясынын депутаты Мамат Орозбаев:- Бул жалпы коалициянын добушу менен кабыл алынды,-деп,

-Эмне үчүн айрым министрликтерге адистиги туура келбегендер келишти?-
дегенге:

-Бардык министрликтерге жана өкмөт курамына ишти билген адистер келишти,-деп жооп берди.

“Айат”
гезити “Жылдын мыкты агартуучусу” деп Улуттук университеттин профессору Искендер Исамидиновду, эр жүрөк адамы деп Айгүл Рыскулованы, жылдын мэри деп Иса Өмүркуловду, мыкты менеджери деп Андрей Силичти атады.

Ушул эле гезит Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиевге кайрылып:

- Сизди “Ата Журттун” арты менен министр болду деген пикирлер айтылууда. Буга кандай дейсиз?-деген суроого:

- “Ата Журт” партиясы “сенин кандидатураңды маданият министрлигине карап жатабыз. Макул болсоң кел” деп сунуштаганда “жок, араңардан башка бирөөнү карагыла. Мага ал иш зарыл деле эмес” дегем. Бирок ага болбой эле “иштейсиң” дешти. Сунушту кабыл алдым. Ал эми маданият тармагын дароо эле оңдоп жибере тургандай эч кимдин сыйкырчы таягы болгон эмес. Менин да колумдан келишинче ойлорум, пландарым бар,-деп жооп берди.

Аталган басылма өкмөт курамы тууралуу суроолорго да жооп алды.

Экс-министр Айгүл Рыскулова: -
Шашылыш түзүлүп калды окшойт. Аялдар кирген жок. Эмгек министрлигине Алмаз Абытовдун келишин колдойм. Ал мыкты финансист, өз ишин жакшы билген ишмер,-деп;

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев:
- Кандай болгон күндө дагы көпчүлүктүн купулуна толуусу кыйын. Жаңы өкмөткө келгендердин айрымдары элдин кыжырын келтирүүдө. Бир айдан кийин кайрадан түзүлөт деп айтыла баштады. Аны эми убакыт көрсөтөт,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG