Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Жакшылык тилеп жашайлы!


Өтүп бараткан жылдын акыркы гезиттери жарык көрдү.

“Жокчулуктун эмес,
Токчулуктун жылы болсун!
Күйүттүн эмес,
Үмүттүн жылы болсун!

Аяк-башты сундуруп,
Ат суратпа, Кыргызды?
Алаканды сундуруп,
Аш суратпа, Кыргызды?

Биз ашчу тоолор жапыс болсун,
Биз кеччү суулар тайыз болсун!
Биз барчу үйлөр жарык болсун,
Биз басчу жолдор жайык болсун!

Кийимибизге кир жукпасын,
Кирпигибизге чаң жукпасын!
Белесте атыбыз үркпөсүн,
Бешикте балабыз коркпосун!
Айлыбызда кырсык болбосун,
Аякта чайыбыз соолбосун!

Ала-Тообузду аяп алалы,
Асманыбызды таяп алалы!
Кыздарыбызды аяп алалы,
Уулдарыбызды таяп алалы!
Жерибизге кум таштабайлы,
Чөлүбүзгө куу таштабайлы,
Көлүбүзгө уу таштабайлы!

Сарсанаага салбайлы,
Санаалууга бербейли.
Тартышканга салбайлы,
Талашканга бербейли.

Ата жыттуу Ала-Тоо,
Айдыңына мал толсун!
Эне жыттуу Эне Жер,
Этегине журт толсун!”

Мына ушундай алкыш менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун “Жаңы жыл тынчтыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун!” деген куттуктоосун жарыя кылды. Төрага куттуктоосунда: “Кыргызстандыктар өздөрүнүн акылгөйлүгүн жана чыдамдуулугун көрсөтүү менен саясый жана экономикалык каатчылыктын чеңгелинен суурулуп чыгып, жаңы жылдын босогосун легитимдүү бийлик бутактарын түзүү менен аттап олтурат.

2011-жыл Кыргызстан үчүн бейпилдиктин, өркүндөп-өсүүнүн жылы болсун!” деген тилегин билдирген.

Гезитке ошондой эле ырасмий кабарлар, жаңы жылдык каалоо-тилектер, бир катар депутаттар, чиновниктер менен баарлашуулар басылды.

Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча ой-пикирлердин топтому, Кыргыз эл акыны, маркум Тенти Адышеваны эскерүү, манасчы Уркаш менен маек, согуштун жана басма сөздүн ардагери Садыбакас Ералиевдин баяны да ушул санда.

“Айат” гезити “Ош окуясы алдын ала даярдалган” деген ат менен ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин маегин “Азаттык” радиосунан алып тартуулады.

Жаш дипломат Аман Самаков “Кыргызстанды сактап калалы. Тушкелди чачырап, бөлүнө берсек сырттан карап турган мамлекеттер караөзгөй саясатына пайдаланып кетет. Ошондуктан ар бир кыргыз патриот бололу” деп чакырык салса, жаш саясатчы Балбак Түлөбаев “Кыйкыра бербей, 2 партия отставкага кетсин же 100 күн сабыр кылалы” деген оюн ортого салды.

Гезит жыл мыктыларын атады.

“Жаңы агым”
гезити “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун “Абийирсиз бийликке абийирсиз адамдар келсе тил табышып алат” деген аталыштагы маегин жарыялады.

Өтүп бараткан жылдын кайгылуу окуяларына токтолуп, жеңиштер менен өксүктөрдү, жаңыдан иштей баштаган парламенттик башкарууну кеп кылган Адахан мырза аны айрымдар “кызыл камчы” деп сындашарын, бирок керек болгондо кылыч менен башкаруу керектигин, ал кылыч жеке адамдар үчүн эмес, мамлекеттиин келечеги, мыйзам жана адилеттик үчүн чабылганда гана оң жолго түшөрүбүздү айткан.

Мадумаров мырза андан ары пейил оңолмоюнча алдыга жыла албастыгыбызды, азыр акыл куржунун тилекке каршы акча куржуну алмаштырып калганын баяндап, бийликти катуу сынга алган.

Бийлик тууралуу саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев да ойлорун ортого салды.

- Эгер парламент жакшы иштеп кетсе, өлкөдө коррупция өзүнөн өзү эле 30-40 пайызга кыскарат. Андан кийин мыйзамдуу жол менен анын деңгээлин дагы төмөндөтсө болот. Бирок буга криминалдык чөйрө менен алакасы бар, коррупцияга малынган чиновниктер каршы болуп жатат. Тышкы күчтөр болсо Кыргызстанда өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп бере турган президент болушун каалап турушат. Ошону биздин өз капчыгын ойлогон чиновниктер түшүнбөй келет. Биз ошондой түшүнбөгөндөрдү депутат кылып алдык,-дейт саясый серепчи Орозбек Молдалиев.

Молдалиев андан ары Конституцияны жакшы иштетип, парламенттик башкаруу жакшы уланып кетсе өлкөдө эмдиги жылдан тартып эле жылыш болорун, мындайда түштүк-түндүк маселеси да өзүнөн өзү жоюларын, кыскасы өлкө саясатынын оңолушу президент, спикер, премьер-министр, фракция жетекчилеринин иштешине жараша болорун баса белгиледи.

Журналист Аскер Сакыбаеванын “Агай” деп аталган макаласы Улуттук университеттин профессору, педагогика илимдеринин доктору Искендер Исамидиновдун агартуу майданындагы 38 жылдык ишмердүүлүгүн, кесипкөйлүгүн, жөнөкөйлүгүн, улуу-кичүүгө бирдей жасап келаткан улуу адамгерчилигин, мугалимдик кадрларды даярдоодогу чоң иштерин баяндап берген.

Жаңы жылдык куттуктоолордон тышкары атактуу композитор, Кыргыз эл артисти Насыр Давлесов жана атактуу ырчы, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова менен маектер жарыяланды.

Насыр Давлесов сөз арасында Россиянын Мамлекеттик Гимнинин сөзүн жазган акын Сергей Михалковдун 90 жылдык мааракесин орустар жомоктогудай өткөргөнүн, ал эми Кыргызстандын Гимнин жазгандардын бири болгон өзүнүн 80 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленбей калганын, ал кездеги министр Султан Раев орунбасары экөө “Күжүрмөндүк үчүн” төш белгисин үйүнө алып келип берип кетишкенин кейип кеп кылса, Саламат Садыкова чыгармачылык жактан бактылуу болгону менен сахнанын сыртындагы турмушка чыкканда жалгыздык менен бетме-бет каларын, адам катары көңүл жылыта турган түгөй табалбай келатканын сырга салган.

“Каалга” деген баштеманын алдында белгилүү инсандардын ойлору окурмандардын ой элегине салынган.

Гезит “Коён жылы сизди эмнелер күтөт?” деген суроого өзүнүн жылтөлгөсү аркылуу жооп берген.
XS
SM
MD
LG