Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

Эс алуудан кайткан гезиттер четинен жарык көрө баштады. Бүгүн “Жаңы агым” гезити окурмандардын колуна тийди.

Жакында эле Мексикада өткөн айыл чарбасы боюнча жыйынга катышып келген академик Жамин Акималиев көз менен көрүп келгендери тууралуу "Жаңы агымга" ой бөлүштү.

Академик бул өлкөдө жүгөрү, буудай, кант камышы өстүрүлөрүн, апельсин, банан дегени жөн эле чачылып жатканын, айыл чарбачылыгы чынында эле Мексикада мыкты өнүккөнүн берилүү менен айтып берген.

... Калкынын саны 120 млн. Борбор шаарында эле 25 млн. эл жашайт. Ушунча элди багып жаткан жалаң дыйкандар. Кредит, ссуда алууга мыкты шарттар түзүлгөн. Үстөгү өтө аз. Дыйкандар 20 мүнөттүн ичинде каалаган кредитин алып иштей берет. Биздегидей кредит алсаң, анысына “шапке” сурагандар алардын түшүнө да кирбейт.

Академик андан ары ага мексикалыктардын буудай айдоо технологиясы жаккандыгын, негизи эле климаттык шарттарга ылайык бүгүн дүйнө жүзү буудайдын тез быша турган сортторун айдоого өтө баштаганын, биздикиндей буудай кеч быша турган же бышпай турган тоолуу аймактарга дал ушундай сорттогу буудай өзгөчө зарылдыгын, алтургай 1,5 млрд. калкы бар Индия эбак эле ушул сорттогу буудайга өткөнүн белгилеп, анын Мексикада Ланкин аттуу эски досу дыйканчылык кыларын, Ланкин буудайдын тез быша турган үрөнүн бул жакка салып жибермекчи болгонун кошумчалады.

* * *

Кыргызстандагы бийликтин туруксуздугу диний экстремизмдин чырагына май тамызып жатканы журналист Темирбек Алымбековдун “Көзү ачылган ИИМ, көрбөгөн эл” деген макаласында кеп болду.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кылмышкерлерди “жихадчылар” деп атап, эки жылдан бери даярданып жүргөнүн айтканынын өзү эле биздин күч түзүмдөрүнүн, өзгөчө Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин алешем иштеринин натыйжасы дебеске аргабыз жоктугун айгинелерин, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо кумурсканын басканын мындай кой, жөтөлгөнүнөн өйдө билүүгө милдеттүү болгон бул күч органы элден качкан эки президенттин гана коопсуздугу үчүн кызмат кылып, эрмеги оппозициялык саясатчыларды аңдуу, аларды үркүтүү болуп калганын бетке айтты.

Автор андан ары мыкты чекисттердин ордуна өң тааныш адамдар толо берип мурдагы кубаттуу КГБга болгон ишеним лимити какшып бүткөнүн, күч түзүмдөрү ушу кезде чукул реформаларга муктаждыгын белгилеп, болбосо жанагы “жихадчы” делген үчөөнүн чак түштө автоматтарын койнуна катып алып, сакалды кое берип, Орто-Сай базарынын түбүндөгү 16 кабат үйдө жайбаракат жашап жатканын түшүндүрүү мүмкүн эместигин жазды.

“Коопсуз шаар” программасын ишке киргизгени жаткандар мектеп рэкетчилигине бөгөт коебуз дешкенин, өлкө башында ушу кезде А. Атамбаев эле калганын, президент Роза Отунбаева Италияда, спикер Ахматбек Келдибеков Араб Эмираттарында эс алып жүргөнүн, эки жума иштеп эс алууга чыккан депутаттар азырынча кайтып келе электигин кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити ошентип “Көзү ачылган ИИМ, көрбөгөн эл” деген макаласын “Сыртынан караганда билек түрүнүп, эл үчүн иштеп жаткансып түр көрсөткөн парламенттин ичинде “ит өлүп жатат” деген кептер чыгууда, “Ата Мекенден” депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “... парламентте Алмаз Атамбаевди бир-эки айдан кийин кетиребиз” деген кеби ачык айтылууда. Буга карасак, өкмөт туруктуу иштейт деген кыялыбыз ишке ашпай калчудай. Айрым саясый партиялар А. Атамбаевди кантип ээрден алабыз деп атса, “атамекенчилер” эртели-кеч Ахматбек Келдибековдун эсебин тапканы жүрүшөт деген сөздөр тумандай таралууда. Айтор кыргызда ушундай айың сөздөр барып-барып эле чынга айланып чыга келчү эле” деп жыйынтыктады.

Ушул эле гезит: “Бала Бакиевди туура соттой албагандар карышкырларды кантип кармамак эле?” деген макалада “Бир жагынан караганда ата-тегинин үйүн өрттөгөндөрдөн өч алуу ар бир жигиттин кылар иши. Бул жагынан Санжар Бакиевдин абийри таза десек болот. Бирок мыйзам алдында ханы да, кулу да бирдей. Ошондуктан ар бир жаран өз кылган кылмышы үчүн жооп бериши керек. Анткен менен азыркы бийликтин карышкыр Бакиевдерди, Батыровго окшогон сепаратисттерди качырып ийип, баео баланы кармап алганына корстон болуп, эми аны да туура соттой албай жатканына күлкүң келет” экен деп жазды.

Журналист Назгүл Калмамбетованын “Түрткүнчүк болуп өтөмбү?” аттуу макаласында мындан 8 жыл мурда кокусунан үйү өрттөнүп кетип, ошондон бери ар кимдердин үйүндө баш калкалап жүргөн 75 жаштагы Какин Качкынбаеванын аянычтуу тагдыры баяндалган. Бир тууган агасы Насыр Качкынов саясый репрессиянын курмандыгы болгонун, мыйзам боюнча кандуу репрессиядан жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө кезексиз бериле турган үйгө жетпей, көрүнгөн мекеменин эшигин жырта берип, айласы куруганын, Бишкектин Ленин районунун жетекчилери үй алууда биринчи кезекте турасыз дегенинен бери эле 8 жыл өткөнүн, бирок кезеги дагы эле келе электигин, Накин эже ушу кезде 2 миң сом төлөп батирде турарын, пенсияга 2900 сом аларын, репрессияда жапа чеккендердин үй-бүлөсүнө төлөнүүчү 1000 сомду да туруктуу жашаган жайы жоктугунан ала албай келатканын кейиш менен кеп кылган.

Журналист Зайырбек Ажыматов “Сыйлык-сыймык” аттуу макаласында, жыл аяктап бараткан кезде Мамлекеттик сыйлык берүү жөрөлгөсү буга чейин өзгөчө нукта өткөнүн, өмүр бою оппозиция болуп келген, тигил же бул саясый жээкке сатып алууга мүмкүн болбой турган принципиалдуу журналисттердин эмгеги бааланганын баян кылды.

Автор анысында: “Ата Журт” фракциясынын депутаты Марат Султанов, биз сыйлаган академик Жамин Акималиев КТРКнын “Жумакайрык” көрсөтүүсүнөн мамлекеттик сыйлыктарды көп таратуу анын баркын кетирип, өлкөнүн бюджетине зыян келтирерин айтышты. Бирок сыйлангандарды гана көрө калган депутат менен академик өлкөгө канча пайда келтирип жатканы белгисиз 120 депутатка, 14төн 18ге жеткен министрликтерге канча бюджет кетип жатканын билишсе да айткысы келген жок” деп жазуу менен татыктуу сыйлык алган Алым Токтомушев, Баратбай Аракеев, Үсөн Касыбеков, Сагын Акматбекова, Сүйдүм Төлөкова өңдүү журналисттер менен маданият ишмерлерин жана башкаларды чын дилден куттуктап кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG