Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Бүгүн жарык көргөн “Айат”, “Пресс.kg”, жана “Учур” гезиттери экономика, эл көйгөйү, жаңы өкмот, парламент тууралуу макала, маектерди тартуулады.

“Айат” гезити Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловго бир нече суроо берип жооп алды.

Базардын айланасындагы суроолорго Өмүркулов борбор шаардын ичиндеги базарларды аралап басуу мүмкүн болбой калганын, тазалыгын мындай кой, тукумдап кеткен келемиштер көбөйгөнүн, эми көчө боюн бербей олтурган сатуучулар четинен “Дордой” базарына чыгарылып, ал жактан орун берилерин, ал орундардан 3 айга чейин ижара акысы алынбастыгын, кыскасы Ош базарындагы бардактан арылуу демилгесин шаар үчүн күйгөн ар бир жаран колдоп жатканын айтып берген.

Ушул эле гезитке маек курган ишкер Азиз Турсунбаев бийлик тараптан колдогон кожоюндарды таап алып, алардын кулкундарын майлап коюп, өз каалагандарын жасап жаткан мыйзамсыз фирмалар иштерин дагы эле улантып келатышканын, маселен Ала-Бука, Чаткал өрөөнүндө алтургай кылымдап агып жаткан дарыянын агымын башка жакка буруп, пайда издеп, жүз жылдык арчаларды кыйып жүргөндөр бар экенин айтып зээни кейисе, “MegaComдун” айланасындагы талуулуу меселе тууралуу адвокат Сергей Слесарев кенен кеп салган.

“Пресс. Kg” гезити парламентке илинбей калган “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров депутат болуудан калгандан кийин кыларга иш таппай калгансып Элдик курултайды мамлекеттик институт кылуу үчүн референдум жарыялоо маселеси менен дүрбөп жүрсө, “Манас” ордо коомунун башчысы Анарбек Усупбаев президент Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн дагы беш жылга узартуу демилегесин көтөрүп чыкканын жазды.

Ушул эле гезит андан ары Маданият жана маалымат министри нурлан Шакиевге "ЭлТР телеканалында иштеп турганда финансылык мыйзам бузган” деп Ош облпрокуратурасы кылмыш ишин козгоп, бирок июнь коогалаңы чыгып кетип иш убактылуу токтоп калганын, эми ошол иш кайрадан ачылганын тергөөчү Анвар Жураев билдиргенин “Кыргыз телеграф агенттигине” шилтеме кылып кабарлады.

“Учур” гезити:

- Жакынкы күндөрү Мамлекеттик каттоо кызматына Курманбек Бакиевдин кадры Жаныбек Бакчиев келгени атканын уктук. Бул эмне деген шумдук? 7-апрелде Бакчиев дал ушул кызматтан куулбады беле? Эки жыл айланбай эски креслосуна кайра олтурабы? Эгер минтип олтурсак Бакиевди деле апкелип албайлыбы? Айтор бул өкмөт да кедеринен кеткени калды окшойт - деп жазуу менен Ж. Бакчиев кезинде “Калкан” дегендин чатагы менен соттолгонун эске салды.

Академик Мамбет Мамакеев айлыгын көбөйтүү толкунуна кошулган врачтардын таламын талашып жатып, өзү да көп жылдар парламентте иштегенин, өлкөдө деги эле жулунуп, кыйкырып чыкмайын эчким көңүл бурбай турган жаман жагдай адат болуп калганын, унчукпай жата берсе мугалимдердин көйгөйү да ошол бойдон кала бермегин, маселен Ак үйдө кат ташыган кыздардын айлыгы врачтардын айлыгынан көп экенин көргөндө ыза болорун, азыр ар бир депутаттын алдында казыналык машине, 5-6дан жардамчылары барын, ушуларды кыскартса бир топ акча чогуларын билдирген.

Ош, Жалал-Абад окуясын иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеевдин маегин “Учур” гезити бүгүн жарык көргөн санына жарыялады.

Жыпар мырза ошол кандуу окуя башталардан мурда Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөбүз деп турганына, бул система Россия баш болуп, шериктеш өлкөлөрдүн баарына жакпаганына, аларды чочулатканына, анан “какаганга муштаган” болуп, Кыргызстандын агездеги бийлиги да бекем болбой, бийликке келгендердин ар кими ар кандай саясый оюндар менен алек болуп кеткенине, анан көп жылдардан бери арам оюн ишке ашыралбай келаткан өзбек сепаратисттери дал ошол учурду пайдаланып кеткенине токтолду.

- Алардын максаты эмне эле?-деген суроого Жыпар Жекшеев:

- “Өзбектерди сактап калыш үчүн Өзбекстан аскерин киргизет” деп ойлогондор катуу жаңылышкан. Эгер аскер киргизилсе эки өлкөнүн ортосунда чоң жаңжал башталмак. Россия үчүн Каримов аябагандай ыңгайсыз президент. Өз алдынча саясат жүргүзгөн өтө чоң саясатчы. Минтип эки өлкөнү чабыштыруу менен Каримовдун ордуна өз кишисин коюп, бир эле учурда Кыргызстанды да, Өзбекстанды да колго алууну каалашкан. Каримов болсо: “Биз кыргыздар менен эч качан согушпайбыз, байыртадан эле ынтымакта жашап келген элбиз” деп кыраакылыгы менен эки элди алааматтан сактап калды. Бул коогалаңга кошул-ташыл баңгизат өтчү жолдун башында “бакиевдер” турган. Булар кеткенден кийин баңги жолун ээлейбиз деген кылмыш чөйрөсү тирешти. Тажикстандан саналуу куралчан топтор кирип, жаңжалга өз кесепетин тийгизди. Аларды Бакиевдер жалдаптыр.

Кыскасы чоң өрттүн жалынын басуудагы өзгөчө эмгеги үчүн Ислам Каримовго мамлекеттик сыйлык ыйгаруу керек деп Роза Отунбаевага бекер жеринен кайрылып жаткан жокпуз,
-деп жооп берди.

Саясый баяндамачы Сабыр Муканбетовдун макаласы “Баш тажаал” деген ат менен жарык көрүп, парламентке келген 5 фракцииянын ишмердүүлүгүн талдоого алса, Сокулук районунун 7-апрель активисттеринин 27 киши кол койгон кайрылуусу президент Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмаз Атамбаевге багышталып, 4 беренеден турган талаптырн коюп чыкты.

“Ата Журт” партиясынын мүчөсү Шайирбек Аттокуров “Ош окуясына бийлик күнөөлүү” деген ат менен маек курса, экс-депутат Жусупжан Жээнбеков “Өкмөттө Атамбаевден башкасы шектүү адамдар” деген ат менен маек курду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG