Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “жаз алды менен өлкөдө кайрадан толкундоолор болушу мүмкүнбү?” деген суроого жооп издеп, ага карата айрым адамдардын ойлоруна орун берди. “Лозунг” гезити Ош окуясынын күңгөй-тескейи тууралуу маекти басып, кадр маселесине басым жасады.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “Кыргызстанда 3-революция болушу мүмкүнбү? Бүгүн муну көрүнүктүү саясатчылар эле эмес, көчөдө жүргөндөр да айтууда, алтургай февралда болот экен деп, болор айынан бери божомолдошууда” деп жазып, 2008-жылдын башында сурамжылоого алган эксперттердин ичинен Курманбек Бакиевдин ордуна президент Роза Отунбаева келерин даана айтып чыккан “Апрель” кыймылынын лидери Бакыт Бакетаев менен маектешти.

Бакетаевдин айтымында, 3-революция болбогон күндө да аны болтурууга аракеттер жасалып, жаздын ортосунда митингдер башталып, ал күзгө чейин уланышы мүмкүн. Бакетаев алтургай анын мөөнөтүн 2011-жылдын 7-апрелине алып барып такап, эгер ушул күндөн аман-эсен, тынч өтүп кетсек революцияга алып барчу толкундар азайышы мүмкүндүгүн билдирди.

Эксперт апрель революциясынын келип чыгышынын эң негизги себеби коррупция болгонуна, бирок бийлик алмашканы менен коррупция кала бергенине басым жасап, эгер мугалимдер менен дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлсө элдин толкундоолору басайып, революция болбой да калышы мүмкүн экендигин айтты.

- Революцияны кимдер жасашы мүмкүн?-деген суроого эксперт парламентке өтпөй калган 24 партияны атады. Мына ушул партиялардын чогулушуна ушу тапта “Ата Мекен” партиясы да активдүү катышып келатканын, ошондой эле парламенттин ичиндеги “Ар-намыс” партиясын да эстен чыгарбоо керектигин билдирди. Ал андан ары 3-революциянын очогу бул ирет Ысык-Көл менен Нарын облустары болуп калышы ыктымалдыгын, анткени өкмөт курамына ушул эки өрөөндүн элитасы кирбей калганы себеп болушу мүмкүндүгүн эскертти.

“Дело №...” жумалыгы бугай улай эле "эгер 3-революция болуп кетсе сиз ага катышасызбы?" деген суроо менен айрым бир атуулдарга собол салды.

“Акыйкат” партиясынын лидери А. Жекшенкулов: Бүгүн Кыргызстанга туруктуулук айрыкча зарыл. Ошондуктан элитамын дегендердин баары бир пикирге келиши керек. Кокус бул жагдайда эч нерсе оңолбосо, чындап эле элдин жашоосу 3-революциядан кийин оңолоруна көзүм жетсе катышам.

БЭКтин мүчөсү А. Бекназаров:
Эгер 1-жана 2-революциялардан мамлекеттик бийлик сабак албаса, анда 3-революция болушу да мүмкүн. Мен катышпасам да анын күбөсү болом.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Т. Сариев: Буга бир жактуу жооп берүү кыйын. Эгерде бүгүнкү бийлик өткөн бийликтердин каталарын кайталабаса, саясаты ачык жүрүп, жоопкерчилиги көбүрөөк болсо, анда эч кандай революция болбойт. Эгер булар да буга чейинкилердин жолу менен басса анда кийинки революция кандай болорун болжоштун өзү да кыйын. Бакиевдин кишилеринин активдеше башташына элдин нааразылыгы күч алууда. Бирок бүгүнкү саясый системанын ар кандай нааразылыктарды өчүрүп кое турган мыйзамдуу рычагдары бар. Ошону пайдалануу керек.

Жалал-Абад облусунун тургуну Айбек: Менин оюмча 3-революция болбойт.

ЖК депутаты А. Жапаров: Азырынча билбейм. Жаңы Баш мыйзам ар кандай маселелерди революциялык чекке жеткирбей туруп эле чечип коюуга мүмкүндүк берет.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А. Мадумаров: Менин позициям баарына белгилүү. Мен бийликти күч менен алмаштырууга башынан каршымын жана андай революциягларга эч качан катышкан эмесмин. Биз бийликти революциялык жол менен эмес, цивилизациялык жол менен алмаштырганга үйрөнүшүбүз керек.

“Лозунг” гезити “Президенттик шайлоого карата “кара пиар” башталды!” деген теманын алдында саясат талдоочу Табылды Акеров менен аңгемелешти.

Кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып Табылды Акеров, коалицияга кирген партиялар өкмөттүн ишине өздөрү жооптуу болорун, анткени шайлоодон жеңип, парламентке келгенден кийин бийлик тепкичтерине кимди коерун өздөрү чечерин, бирок булардын сынга кабылуусунун себеби, бийликке келген партиялар коомчулук жана интеллигенция менен эсептешпей, алардан алыстаганын, ошону менен бирге эле буга чейинки ишмердиги элге шек туудургандарды бийликке тарткандыгы элди өкүнтүп жатканын, ошондуктан министрликтерге жаңы, жаш, билимдүү, ыйманы таза улан-кыздарды алып келгенде мынчалык нааразылык жаратмак эместигин айтты.

- Кыргызстанда саясый кырдаал тынч эмес, жер-жерлерде митингдер чыгууда. Эмне кылуу керек?-деген суроого,

Т. Акеров: Коомчулуктун тынчтанышы үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болгон, бирок аны колдон чыгарып жибердик. Люстрация мыйзамын жок дегенде качып кеткен Акаев менен атып кеткен Бакиевдин үй-бүлөсү, жакындары үчүн кабыл алып койгондо азыр кайрадан дөөгүрсүй баштагандар дымып калмак. Элдин да көксөөсү суумак. Тилекке каршы учурда парламентке келген партиялардын айрым лидерлери өткөн бийликтин сөзүн сүйлөп: “Эгер Бакиевдин күнөөсү болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек” деп акылдуусунуп турат. Бакиевдин кыргыз элинин алдында кечирилгис күнөөсү бар экендигин, өз элин аянтта кызыл ала канга боеп атып жатканда ал кызматында, Ак үйдө отурганын элдин баары билет,-деп жооп берди.

Табылды Акеров андан ары парламенттеги айрым фракциялардын убактылуу өкмөт менен президенттин буга чейинки бир катар чечимдерин сынга алынып жатышын президенттик шайлоого даярдыктын башталашы катары мүнөздөп, ушу тапта Россия менен Казакстандын мамлекет башчылары Роза Отунбаеванын жасаган иштерин оң баалап, 2-мөөнөткө калышын каалап, аны колдой тургандыктарын кыйытканын, ошого байланыштуу учурда айрым партиялар эптеп эле кылдан кыйкым таап, калп болсо да президентти жаман көрсөтүүнүн айласын кылып жатканын ашкереледи.

“Лозунгдун” бул санына Ош окуясын иликтеп чыккан Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев менен генерал-майор Кубатбек Кожоналиевдин ушул окуяга байланыштуу айткан ойлорун ортого салды.

Генерал Кожоналиев маалымат жок жерде ар дайым ушак-айың, карандай калп, каңшаар сөздөр үстөмдүк кыларын, биз Ош окуясында дал ушул маалымат жагынан уттуруп койгонубузду белгилөө менен кадр саясатына токтолуп, бизде кадр маселеси дагы эле аксап жатканын, жаман да болсо өзүмдүн партияман, өзүмдүн айланамдан болсун деген трайбалисттик түшүнүк үстөмдүк кылып, бийлик “устукан” тартуу принциби менен таратылып келатканын, азыр жоопкерчиликтүү жерлерге эч кандай партиясына карабастан, коркпой эле туруп профессионалдарды коюу керектигин айтса,

Жыпар Жекшеев: -Биз профессионалдарды кетирип, ордуна тууган-туушкандарды коюу менен мамлекетибизди сактап калабыз деген жомок. Бизде эч ким жеңген жок. Кыргызстан жеңилди. Бул окуя кайталанбашы үчүн күч органдарын реформалоо керек,-деп айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG