Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Жарык көргөн гезиттер криминалдашкан Кыргызстанды, курултай тууралуу ой-пикирлерди, ар кыл темадагы макалаларды, маектерди жарыялады.

“Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун!”
деген саптар менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити Бишкекте өткөн акскалдар жыйынына катышкандардын калайык-калкка, бийлик башчыларына, коомдук саясый күчтөрдүн лидерлерине үндөөсүн басып чыкты.

Үндөөдө “Кет Бука бабабыз айткандай, кудуреттүү элдерге кул болбойлу, сак бололу. Сөз баккан, ой баккан эл бололу. Кылмыштуулук, коррупция, паракорлук, кошоматчылык сары чырмооктой каптады. Эң башкысы мамлекеттүүлүгүбүздүн, мекенибиздин бүтүндүгүн, элибиздин ынтымагын бекем сактайлы, кадырман калайык!” деп айтылат.

Гезит аксакалдар жыйынында сүйлөгөн президент Роза Отунбаеванын жана акскалдардын айрымдарынын сөзүн кыскача сунуш кылды. Маселен Кыргызстандын эл жазуучусу Бексултан Жакиев, азыркы атка минип жүргөндөрдүн тирешип турганын, аларда улуттук ар-намыс менен бирге эле куру намыс да күчтүү болуп жатканын белгилеп, элдик Курултай-сунуш киргизүүчү орган болуп, бийликтегилер ага бир жылда бир жолу отчет берип турушу керектигин белгилесе, Дастан Сарыгулов сот, милиция, прокуратура тармагынын ашкере кылмыштуулукка батып жатканын, эң коркунучтуусу – прокуратура экенин, булар бүгүн кол тийгис абалды ээлеп, Кудайдын эрке баласына айланганын, ушундайларды ооздуктоо үчүн Курултайды сөзсүз башмыйзамга кийирүү сунушун айтты.

“Жаңы агым” гезити “жаңы бийлик деле эски режимдин жолуна түштү” деген нааразылык күч, кечээ Атамбаевдин буйругу менен финполиция башчысынын орунбасарлыгына вице-спикер Бакыт Төрөбаевдин жатындаш агасы Аскарали Төрөбаев дайындалды” деп,

“Чүйдүн “балакай” губернатору Айбек Асранкулов ишин жөндөй албай жатат, акимчиликтин 2-кабатын “тентек” балдар басып алды деген кабарды угары менен тызылдаган бойдон качып жоголду, “жетекчиге жыргаган” экенбиз деп жергиликтүү тургундар баш чайкап олтурат” деп,

“Жаз келери менен 3-революция жүзөгө ашары көп айтылууда, бейрасмий маалыматтарга караганда, мындай төңкөрүштүн төбөлдөрү Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Субаналиев болушу ыктымал” деп,

“Кадимки эле Курманбек Бакиевдин библиографы, анын “Ак жол” деп аталган гезитин чыгарып, ушул үй-бүлөнүн оң колу болуп жүргөн Өмүрзак Төлөбеков деген журналистти спикер Ахматбек Келдибеков басма сөз кызматынын жетекчисинин орунбасарлыгына бекитти” деп,

“Вице-премьер министр Ибрагим Жунусов “чоңдор келет” деп мектеп окуучуларын көчө шыпырттырып жүргөн Ысык-Көлдүн губернаторун баш, айыл өкмөттөрүн төш кылып тизип алып “маадемектен президент келсин, окуучуларга кошоматчылыкты үйрөткөн кылыгыңарды токтоткула, деп жалган жасакерлердин башын жерге киргизди, профессор вицеге даңк!” деп кабар таратты.

“Фабула” гезитине курган маегин депутат Өмүрбек Текебаев “Жазында нааразылык болот, бирок революцияга негиз боло албайт” деп атады жана “ бирок 3-революция бийликти алмаштыруучу революция эмес, кадрдык революция болушу керек” деп айтса,

Ысык-Көлдүн Саруу айыл тургуну Төлөн Касиев “Фабула” гезитинин бүгүнкү санындагы макаласын “3-революция болот дегендердин оозуна таш!” деп атап: “аял башы менен эркектерибиз жасай албаганды жасап, баарын өз мойнуна алып олтурган чыгаан дипломат Роза Отунбаевага ырахмат дешибиз керек. Ылайым эл-жерди үчүнчү тополоңдон алыс кылсын, “3-революция”, “3-кан төгүү” дегендердин оозуна таш тыгылсын!” деп каргады.

“Кыргыз руху” гезити “Жыл ичиндеги не бир татаал кырдаалдардан ийгиликтүү өтүп келген Роза Отунбаеванын феномени буга чейин чет элдиктерди кызыктырып келсе, эми өз саясатчыларыбызды кызыктыра баштады. Кезинде кадимки Курманжан датканы аял катары теңине албагандар анын артында беш жолборсун көргөн соң тизе бүгүшкөн. Ошонун сыңарындай, президенттин ишин көр албагандар, ага импичмент жарыялагысы келгендер ары-бери солкулдатып, анын тамырында өзөк турганын көрүштү. Ал өзөк - президенттин ишмердигин жөнгө салып келаткан мыкты аппаратчы Эмил Каптагаев экени баарына маалым. Демек даракты жулуп салуу үчүн адегенде анын өзөгүн сууруп салуу керек. Кийинки кездери Эмил Каптагаевди каптаган жаманатты кылуулар жаай баштады” деп жазды.

“Максим Бакиевдин үйүнөн 2 миллион долларды ким уурдады?”, “Кыргызстан үчүн “черныйлардан” да “галстукчан криминал” коркунучтуу деген баштемалар менен жарык көргөн “Алиби” гезити депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, Максим Бакиев Ангилядан 9 млн. 300 миң долларга үй сатып алып жашап жатыптыр” деп,

“Бишкекетин Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишкен жеринде 12 кабаттан турган заңгыраган имаратты дал ошол Максимдин ЦАРИИсинде чогуу иштешкен кадимки Чудинов салдырып жатыптыр, айткылачы айланайындар, ал мынча акчаны кайдан тапты?” деп суроолуу кабар таратты.

Ушул эле “Алиби” гезити бүгүнкү санына “Криминалдашкан Кыргызстан криминалга каршы” деген макала жарыялады.

- Айталы, ошол эле Рысбек Акматбаев, Кыргызстанды тышкы карызынан кутултам, мамлекеттик чиновниктердин элдин эсебинен жеп-ичкендерин кустуртам деген болучу, эл шайлаган бийлик элге кызмат кылуунун ордуна кайра калктын канын соруп, казынаны талап-тоноп жатса, аларга каршы мыйзам да, сот да жок болсо, анан Робин Гуддай болгон бир азамат чыгып мына ушундай кузгундардын кулкунуна сайылчу бычак болом деп атса, эл кимди жакшы көрмөк эле? Рысбектиби же Кыргызстанды миллиарддаган карызга батырган Акаев менен Бакиевдиби?-деп жазат макаланын ээси.

Автор андан ары кылмыш дүйнөсүнүн жазылбаган мыйзамдарынын жанында мамлекеттин жазылган мыйзамдары жок дегенде жарым-жартылай сакталбай жатканына, Акаев менен Бакиев бийлиги мамлекеттик казынга колун салган бир чиновникти көрсөтмө катарында да жазага тартпаганына, кайра алар менен табакташ болуп, чогуу жегенине токтолду.

“Криминалитетке каршы күрөш жарыяланды. Болсун! Бирок көчөдөгү “маслократтарды” казык кылып кагып койгон кримдүйнөгө каршы күрөш жарыялоодон мурда, галстук тагынып, Акүй менен Көкүйдүн лакталган кабинеттеринде олтурган галстукчан криминалитетке каршы күрөш жарыяланса эл айрыкча колдоор эле. Сөздү ушул өңүттөн алганда эң ириде галстукчан криминалитет көчөдөгү крим-авторитеттерге караганда алда канча коркунучтуу” деп жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити “Акча эмес, абийир кармап турат” деген баштеманын алдындагы материалдарын медицина тармагына арнады. Улуттук онкология борборунун деректири, профессор Накен Касиевдин “Онтогон оорулууну таштап, пикетке чыкпайбыз” деген маеги жарык көрдү.

Журналист Сүйүн Курманова Кыргыз эл артисти Роза Аманова менен маектешти. Маек “Айтылуу Асек Жумабаев унутулдубу?” деп аталат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG