Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кыргызстанды кыйратууну эч ким каалабайт


Бүгүн кыргыз тилиндеги “Лозунг” жана орус тилдүү “Дело №....” гезити жарык көрдү.

“Лозунг” гезити “Үчүнчүдөн” үмүт кылгандарга” деген башмакала басып: “Тилекке каршы айрым саясый күчтөр, анын ичинен парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тарткандар Өкмөттүн ар бир кадамынан кыйкым таап, коомчулуктун башын айлантып: “булар болбой калды, Отунбаеванын уулу Максимден өтүп кетиптир, Бабанов оруснефтибарондору аркылуу байыганы калыптыр, Атамбаев Түркияга тигини сатат экен” деген жалган, карөзгөй ушактарды таратып, 3-революцияга шыкыктап жүргөндөр аз эмес. Буга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да кошул-ташыл болууда. Болуптур баары алар каалагандай болсун. Эл толкуп кайрадан 3-революцияга чыксын дейли. Табаар пайдабыз кайсы? Кайрадан Бишкекти талап-тонообу? Кайрадан Акүй менен Көкүйдү өрттөөбү? Кайрадан бийлик бөлүшмөйбү? Кайрадан жер басып алуубу? Кайрадан саясый кырдаалды курчутуп, сепаратисттик жана башкалардын “кыргыздар ушинтип бири-бири менен кырылып жок болгойле” деген арам ойлорунун чырагына май тамызуубу? Мугалимдерге, медиктерге, башкаларга акча таап, эми араң жерден боорун көтөрүп келаткан Кыргызстанды экинчи тургус кылып өзөртө тээп, ансыз да кабыргасы ката элек экономикасынын белин биротоло бүктөп, социалдык абалыбызды жер менен жексен кылуубу, айткылачы?” деп жазды.

“Лозунг” басылмасы макаласынын аягында 3-революциядан үмүт кылгандар чоң жаңылышарын, себеби азыр ага негиз жоктугун, негизи жок жерден саясый төңкөрүш жасап, мамлекетти өз колуна алгысы келгендердин максаты кыргыздын тарыхында эзели ишке ашпагандыгын, азыр ызы-чуу, төңкөрүштүн эмес, кыргыздын кырданган өлкөлөргө мыктылыгын, намысы менен ынтымагын, биримдигин көрсөтүү кезеги, эмгектене турган кез келгендигин белгиледи.

“Мегаком” сиз экөөбүздү кантип алдап келген” деген макалада аталган акционердик коомдун акча айлантуу айла-амалы баяндалып, баш-аягы 7 миллиондон ашуун АКШ долларын сыртка чыгарып кеткендигинин чиймеси жана механизмдери кошо басылып чыкты.

Журналист Семетей Талас уулу макаласын “Теңир-Тоо жергесине көңүл бурулчу кез келеби?” деген ат менен жарыялап: “Өтө эле катаал шартта, 6-7 ай бою ак кар, көк музга оронуп жаткан Нарын жергеси үч бийликтин тушунда тең каралбай келатканы эчкимге жашыруун эмес. Ал эми нарындыктардын көйгөйү айтыла берип Бишкек-Торугарт жолундай айрылып, тытылып, тамтыгы чыгып бүттү” деп белгилеп, өкмөт башчысы менен журналисттердин жолугушуусунда кайсы бийлик келбесин, адегенде эле Бишкек-Тоугарт жолун бүткөнгө убада берерин, бирок аткарбастыгын айтканын кеп кылып, ушул жолду курууга бөлүнгөн акчанын кайда кеткенин, Кытайдын оор жүк тарткан машиналарын Бишкекке дейре киргизбөө жана терминал маселесин көтөрүп чыккан.

“Дело №...” гезитине маек курган “Мегаком” компаниясынын жаңы деректири Азамат Мурзалиев Кыргызстанда мындан ары карай акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга, оффшордук компаниялар ационердик коом болбогондой кылып өзгөртүү кийирүү зарылдыгын, антпесе алардын анык кожоюндары көмүскөдө калып, “жалган же жасалма кожоюндар” көрсөтүлүп коюп, керек болсо сыртта жатып алып Максим Бакиев, керек болсо Усама бен Ладен башкара берерин, миллиондорду уурдай берерин ачыкка чыгарды.

“Дело №... “ жумалыгы ошондой эле Ички иштер министрлигинин Башкы укуктук жана криминалдык анализ башкармалыгынын жетекчилиги, министрдин орунбасары, генерал Жеңиш Жакыпов менен маектешти. Жакыпов мырза өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулук жана ага кандай жолдор менен бөгөт коюу керектигин баяндаган.
XS
SM
MD
LG