Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Ойлонбой жазган токтом көп...


Гезиттер өлкөнү кылмышкерлерден тазалоо жагдайындагы маектешүүлөрдү басып, саясый жана социалдык турмуштун ар кыл жактары тууралуу макалаларды тартуулады.

“Учур” гезити “Калпычы генералдар” деген макала жарыялады. Макалада өлкөдө кылмыштуулукка каршы күрөш башталып, Республика боюнча 70ке жакын кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн камакка алынышы коомчулуктун катуу колдоосуна ээ болуп, күч органдарынын духун көтөрүп жатканын, мите курттай илешкен кримчөйрө бүгүнкү бийликтен “крыша” табалбай, Көлбаев, Анапияев деген анабашылары куйругун түйүп кеткенин белгилеп, эми ушул жакшы башталыш жарым жолго барып токтоп калып, генералдар калпычы болбосо экен деген ойду айткан.

Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айыл тургундарынын Президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кайрылуу каты “Жылдыз Жолдошева сай-сөөгүбүздү сыздатты” деп аталат. Катта депутат айымдын Курманжан датканын эстелигин орнотууну шылтоо кылып, күчкө салып, айыл өкмөтүнөн токтом чыгартып, айылга караштуу алакандай жердин 20 гектардан ашуунун ээлигине алып алганы туурасында сөз болгон.

ИИМ министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев маегинде, Кыргызстанды кылмыш дүйнөсүнөн тазалоо үчүн 2008-жылы иштелип, анан ошол кездеги парламенттен өтүп, бирок президент Бакиев “жарабайт” деп токтотуп салган мыйзам ушу кезде азыркы Жогорку Кеңештин комитеттеринде талкууланып жатканын, өлкөсүн криминалдан арылткан Грузияда ар бир көчөдө өзүнүн “вор в законе” дегени бар экенине карабастан ийгиликке жеткенин, буюрса бизде да ошондой болорун маегинде баяндады.

“Айгай”
гезити журналист Кенжебек Арыкбаевдин көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү макаласын басты. Макалада аксакалдар арасындагы калыстык тууралуу ой учугу уланат. Автор совет бийлигин орнотуу доорунда мамлекетке туу болгон кыргыз азаматтары мамлекетке кызмат кылуунун өрнөгүн көрсөткөнүн, бүгүн биздин коомго дал ошолордой улуу инсандар керек болуп турганын кеп кылды.

Ушул эле “Айгай” гезити “Сазды кимдир бирөө тазалаш керек эле. Ага мендей чоң жинди авантюрист гана жарамак...” деген ат менен Мелис Эшимкановдун “Аки пресс” маалымат агенттигине берген маегин көчүрүп жарыялады.

Юрист Акунбай Кошойдун “Бөлүнгөндү бөрү жейт” аттуу рубриканын алдындагы макаласы “Бакиев түштүктүн акыл-эстүү жигиттерине чоң зыян кылды” деген аталыш менен басылды.

“Айат” гезити ИИМ министринин орунбасары, генерал Мелис Турганбаев менен маек курду. Ошондон кыскача шилтеме бере кетели.

- Бакиев криминал менен байланышып, шайлоодо ага “жардам” бергениине байланыштуу карыз болуп калган үчүн, убагында Рысбек Акматбаевдин алдында титиреп, аянтка чыгып, бозүйгө чейин ээрчишип барган. Мамлекет башчысы деген эч качан кылмыш чөйрөсү менен жакындашпаш керек. Мамлекет жетекчилеринин криминал менен бир дасторконго отурмак тургай, сүйлөшүп койгону эле кылмышка тете, - деп айтты генерал.

Андан ары Мелис Турганбаев ушу күндө Торугарт бажыканасынан тартып Мадина базарына чейин көзөмөлдөгөн Көлбаевдин “Ош, Көл, Нарынды титиретем” деген эң жакын кишилери кармалганын, криминалдарга каршы күрөштү эл, президент, өкмөт башчысы колдоп жатканын кеп кылды.

“Учур” гезитинин кабарчысына жооп берген депутат Өмүрбек Абдрахманов люстрация мыйзамы ишке ашпаса Бакиевдин учурундагыдай эл үнүн укпаган бийлик улана берерин, мурдагы депутат Алишер Мамасалиев, кайра эле 2-3 жылдын аралыгында өлкө президенттик башкаруу системасына өтөрүн, анткени жаңы шайлануучу президент бул боюнча элдик референдум өткөрүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

Алишер мырза ошону менен бирге эле бүгүн коалициялык өкмөт менен премьер-министрге жок дегенде жарым жыл убакыт берүү керектигин, тилекке каршы бүгүнкү оппозиция эски принциптерден арылбай жатканын, парламенттик оппозиция да тактикасын, стратегиясын өзгөртсө туура болмогун билдирди.

“Айгай” гезити улуттар арлык, ошондой эле бир эле улуттун ичиндеги ар кандай бөлүнүүчүлүк туурасында баяндап, карапайым калкта бөлүнмөй-жарылмай деген илдеттер көзгө көрүнбөстүгүн, кыргыздын уюган ынтымагын ириткен негизинен саясатчылар болорун мисалга тартып, бир топ омоктуу ойлорун ортого салган.

Журналист Элнура Дүйшеева макаласын “Кыргыз бийлигинин ноу-хаулары деп атап, анысында президент Роза Отунбаева иш сапары менен Талас жергесине барганда коштоп жүргөн облус губернатору Койсун Курманалиева башына эркектер кийчү суусар тебетей кийип жүргөнүн, аял элечек кийерин, бирок эч качан башына эркек тебетей кийбестигин эсине салган.

Кыргыз бийлигинин жосунсуз жоругунун дагы бири катары журналист Жогорку Кеңештин кыргыз тоолорунун бир чокусуна орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путиндин ысымынын ыйгарылышын эсептеген.
XS
SM
MD
LG