Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Бүгүн жарык көргөн гезиттер Кыргызстандын аялдарын 8-март майрамы менен куттуктады. Гезиттер ошону менен бирге эле саясат, экономика, өкмөттүн, парламенттин ал-абалы тууралуу кеп курду.

“Алиби” гезити бүгүнкү кымбат күн болгон аялзатынын майрамы менен куттуктады. Үйдүн куту болгон аялзатына арналып, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорго биз да кошулуу менен жаңы жарык көргөн гезиттерге баяндамабызды баштайлы.

Ушул эле “Алибиде” Бакай Чилтегин аттуу автордун макаласы “Элди алдагандын кимге кереги бар?” деген ат менен жарык көрүп, анда 1-мартка карата бийликтин жогорку тепкичтеринде иштеген атка минерлердин киреше мүлктөрү боюнча айкындамаларды тапшыруусунун мөөнөтү аяктаганын эске салды жана айкындама тапшыруу деген азыр эч кандай жоопкерчилиги жок, жөн эле өнөктүк мүнөздө жүргүзүлүп келаткан формалдуу иш чаралардын бирине айланып калганын белгиледи. Мамлекеттик кызматкерлер киреше мүлктөрү тууралуу айкындама тапшыргысы келбесе тапшырбай деле коёрун, ага тапшырган жоксуң деп эчким чара көрбөстүгүн, ошондуктан курулай кагаз толтуруп, элди да, мамлекетти да алдагандын кандай зарылдыгы бар эле деген жүйөөлүү суроону койгон автор.

Журналист Папан Дүйшөнбаев макаласын “Пайдасыз балалык оюндар” деп атап, жаңыдан түзүлгөн “альтернативдүү парламентти жана ушундай аталыштагы өкмөттү сынга алды. Эч кандай реалдуу бийлиги жок бул өңдүү “парламент” менен “өкмөттү” түзгөндөр өздөрүнүн энергияларын, убактыларын андан көрө конкреттүү иштерге багытташса жакшы болмогун сөз кылган автор, ошол эле убакта мамлекеттин кадр жагын тейлеген жетекчилери саясатта да, башкаруу чөйрөсүндө да, бизнесте да чоң тажырыйбалары бар мындай адамдарды мамлекеттин башкаруу кызматтарына тартса, 1-ден өлкөнүн ишин алга сүйрөгөнгө пайдасы тиймегине, 2-ден коомдо саясый туруктуулукту бекемдеп, биримдикти чыңдоого өбөлгө түзмөгүнө токтолду.

Жогорку Кеңештин дептутаты Бөдөш Мамырова маек курду. Кабарчынын президент тууралуу суроосуна Бөдөш айым:

- Бул кишинин башкаруу учуру оңой болгон жок. Биринин сөзүн бири укпай, бири экинчисине каршы болуп, ону он жакка тартып жаткан мезгилде баарынын башын Роза Отунбаева коштуруп келди. Бийликке келери менен абдан оор күндөргө туш болду, ошонун баарын көтөрдү, баарына чыдады. Эркектер жасай албаган иштерди жасап, жанын жанга уруп иштеп жатат. Биздин мырзалар митайымдык кылып, президенттик жарыбаган мөөнөттү беришсе да: “Жок, мен карьерамды тобокелге сала албайм, же шайласаңар 5 жылга шайлагыла” дебестен, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн, элдин биримдиги үчүн баарына кайыл болуп эң сонун иштеп жатат, - деп айтты.

“Алиби” гезитинин ушул эле санына “Кыргызстандын эң таасирдүү айымдары!” деген аталыш менен сүрөт баяндама жарык көрдү.

Мындан тышкары ЖК депутаты Гүласал Садырбаеванын жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын маектери да басылды.

Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев макаласын “Арабадардагы окуялардын бизге кандай таасири тийиши мүмкүн?” деген суроону талдоого алган.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Курсак тоёр, дилибиз ачкадан өлбөгөй эле...” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып:

- Карапайым адамдардын бир нерсени өзгөртүшү кыйынга турат, анткени алардын колунда бийлик да, байлык да жок. Мамлекеттин жашашы биринчи иретте бийликтегилердин тигил же бул аракеттерине байланыштуу болот. Биздин буга чейинки жетекчилик жалаң гана дүнүйө чогултуу менен алек болуп келди. Жетекчилик жер-жерге бөлүнүп, бири-биринин жакындарын кызматтарга коюп, байлык кууп, бийлик кууп, бири-бирине жалаа издеп түйшүккө батып турган кезде элинин келечекке шилтеген кадамы дурус болбой турат,-деп кабыргасы кайышты.

Аталган гезит ошондой эле АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан “Каарман айым” деп аталган эл аралык сыйлык бүгүн Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага ыйгарыларын, айтылуу ишкер Ташкул Керексизов былтыр 7-апрелде Бакиевдердин огунан курман болгон жгиттердин ашын Ысык-Көлдөгү “Аалам ордо” маданий комплексинде 100 миңге чукул адамды чакырып өткөзгөнү жатканын, бардык ыгым-чыгымын өзү көтөрмөй болгонун, Атамбаев башында турган өкмөттүн криминалдарга жасаган чабуулу кой терисин жамынган айрым эл өкүлдөрүнүн эсин эки кылып атканын, айтор Бакиевдин учурунда криминал менен коюн-колтук алышып келген айрым саясатчылар эми өкмөткө каршы чабуулга өткөнүн, булардын акыл борбору – “Ар-Намыс” партиясынын мыкты чыкмалары экендигин, тилекке каршы ар дайым акыйкаттыктан, акактай тазалыктан кеп салып келген “атамекенчилердин” кулагы да ушулардын арасынан көрүнүп жатканын көпчүлүк түшүнө албай турганын кабарлады.

Парламенттин айланасындагы талуу маселе гезитте Алмаз Темирбек уулунун “Коалиция тараса, парламент тарайбы?” деген макаласында андан ары улантылды. Автор анысында “кийинки кездери “коалиция тарайт экен, ага тымызын аракеттер көрүлүп жатыптыр” деген сөздөр күчөп турганын эстетип, ушул уу-дуу кептерге май куюп аткан жагдайларды баяндады. Депутат Өмүрбек Текебаевдин өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов менен Экономиканы тескөө министри Учкунбек Ташбаевди коррупцияга байланыштырып айыптагынын мисалга тартты. Кокус коалиция ыдырап, парламент таратыла турган болсо, кайрадан ызы-чуу коштогон шайлоолор келип, ансыз да мүңкүрөп турган өлкөнүн экономикасы унутта каларын, ошондуктан учурда бардык саясый дымактарды жыйыштырып, бардык күчтү экономиканы чыңдоого, элдин турмушун оңдоого жумшасак болор эле деген ойду айтты.

Кинорежиссер Ырысбек Жабировдун маеги “Ак калпак демилгесин көтөрүүгө миң доллар жумшадым” деген ат менен жарык көрдү. Ырысбек, өзү баштаган “ак калпак” демилгеси коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынганын, кыргыз эли эми мындан ары ата-бабалардын салтын улап, баш кийимди ардактап, сыйлап, көрүнгөн жерге тепсенди кылбайт, кордотпойт деген зор ишеним пайда болгонун кубануу менен билдирди.

Аспирант Аман Самаковдун “Алтайлык эл менен кыргыздардын уруулук байланышы” деген макаласы да ушул санда. Аталган макаланын бир жеринде ушу кезде Енисей дарыясынын жээгинде 2000ге жакын “кет” деп аталган эл жашарын, окумуштуулар бул элди Түндүк Америкалык индеецтердин тукумуна кошорун, бирок өзүлөрү “Биз енисейликбиз” дешерин, анткени “кет” жана “самодий” индеецтери Сибирге Түндүк Америка менен Европа бир бүтүн материк болуп турганда келишкен деген божомолдор бар экенин эске салган.
XS
SM
MD
LG