Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Бүгүн жарык көргөн гезиттер Борбор Азиядагы саясый абал, Кытай, Орусия жана Кыргызстандын ички саясый турмушу тууралуу жазып чыгышты.

“Дело №...” гезити “Европа кыргыз качкындарынын акчасын жакшы көрөт” деген теманын алдында Кыргызстандын Башкы прокурору Кубатбек Байболов менен маектешти.

Негиздөөчүсү качып кеткен латыш гражданы Валерий Белоконь болгон “Манас” банкынан эле 450 млн. доллар “тазаланып” кеткенин эске салган Байболов Белоконго сыртынан күнөө тагылганын окурмандардын эсине салды.

Кабарчы: Латвия Елисеевди, Ирландия Балкыбековду, Британия Максим Бакиевди берүүдөн баш тартып койду. Эмне себептен Европа кыргыз бийлигин мынча жакшы көрүп калды?-деген какшыктуу суроо узатты эле:

-Европа биздин бийликти эмес, качып баргандардын калың капчыктарын жакшы көрүүдө. Бирок биз кылмыш иштерине байланышкан документтерди бир сыйра тактап, Латвиянын бийлигине кайрадан жөнөттүк,-деп жооп берди Кубатбек Байболов.

Кыргыздардын өзгөчө сабырдуу калктардын бири экенин, бирок тилекке каршы анын айкөлдүгү менен сабырдуулугу акыркы жылдары унутулуп, кыргыздар барган сайын жаалданган, албуут, кенедей эле нерселерге чыдай албаган, тынчы жок калкка айланып баратканын “Дело №...” гезити бүгүнкү санындагы улутчулдукка арналган макаласында жазды.

Улутчулдуктун кесепети өтө каргашалуу, ал эч качан эч бир элге жакшылык алып келген эмес. Ошондуктан Кыргызстан деген өлкөнү жалгыз эле кыргыздар эмес, башкалар менен биргелешип курганыбызды ойлонушубуз керек. Өз катарынан бөлөк-бөтөн улуттарды кубалып чыгып, кокоюп жалгыз өз башы калган улут эч качан жакшылык көргөн эмес. Балдардын жаркын келечегин, Кыргызстандын дүйнө элдери менен болгон мамилеси, ар кайсы элдер менен болгон биримдигинде, ынтымагында, достугунда жатат. Ар бир кыргыздын оюнда ушул болууга тийиш...

Ушул эле “Дело №...” басылмасы “Эки Өмүрбек кандайча чырдашты?” деген макала жарыялап, анысында Өмүрбек Бабанов айрым маселелерди тактап алуу үчүн Өмүрбек Текебаевди калпты аныктай турган детекторго эрөөлгө чакырганы айтылат.

“Кытай эң чоң коркунучту Борбор Азия тараптан күтсө, Орусия ичинен жарылат”. Мына ушундай аталыш менен эч жерге жар салынбай туруп, жарым жашыруун өткөн эл аралык конференцияга катышып кайткан дин жана саясат иликтөөчү Кадыр Маликовдун узун сабак маеги да жумалыктын бүгүнкү санында.

“Лозунг” гезити “Үмүт арттырган бизнес форум” деген ат менен макала басып, ушул айдын бешинде Нарын шаарында, облус губернатору Канатбек Муратбековдун демилгеси менен “Теңир Тоо бизнес форуму” деп аталган ишкерлик жыйын өткөнүн, анда Нарындан чыккан бизнесмендердин башы биригип, шарты катаал тоолуу облустун 20 жылдан бери чечилбей келаткан көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында сөз кылганын баяндады.

Ушу тапта облустун бүлүнгөнүн бүтөө үчүн эле кеминде 22 млн. сом керек, ал эми мамлекеттин бүгүнкү шартында мындай акчаны бюджеттен табуу кыйын. Андыктан теңиртоолук ишкерлер өкмөттү карап олтура бербестен ар кимиси өз жардамдарын бермей болду. Маселен облус губернатору Канатбек Муратбеков Нарындын кире беришиндеги “Алма бак” сейил паркын калыбына келтирип, теннис, футбол аянтчаларын куруп бергенге 11 млн. сом жумшарын айтса, буга дейре деле облуска эң көп демөөрчүлүк кылып келаткан “Дордой” биримдиги шаардын чыгышына 2 млн. сомдук мончо курмай болду. Ал эми Нариман Түлеев 7-апрелде шейит кеткен жигиттердин элесине 1 млн. сомго эстелик тургузгусу келсе, “Мегаком” компаниясы шаарга нан чыгаруучу цех ачууну, Агахан фонду шаардын Ак Коргон аймагына 100 орундуу бала-бакча салып берүүнү чечти. “Аюу” компаниясы шаарга бокс залын салып, Ат-Башынын бир айылдан бир айылга барып окуй турган окуучуларына автобус сатып бермек болду.

“Ошентип “Теңир Тоо бизнес форумунун” 1-этабы гана болуп өттү, анын 2-этабында чет элдик инвестициялардын келиши жөнүндө сөз болот” деп аяктайт аталган макала.

Бул демилге эми бүтүндөй өлкөгө таралат, кыргыз ишкерлери элден тапкан акчаларын кайрадан элге жумшайт деген бекем ишеним бар.

Аталган гезит парламенттин ичи тынч болбой жатканына, өзгөчө коалициялык өкмөт тууралуу өйдө-төмөн кептер күч алганына токтолуп, “Коалицияны ыдыратуунун артында Нураке турабы?” деген макала басты.

Макалада Казакстандын былтыр чек араны жаап салганы, ошондо Алмазбек Атамбаев чечкиндүүлүк кылып Таластагы Киров суу сактагычын бууп, маселени оң чечкенге казак тарапты мажбур кылганы, буга ичинен тиш кайрап калган Назарбаев бийлиги Атамбаевди бийликке жолотпоо максатында өткөн шайлоодо кыйла айла-амалдарды көргөнү, бирок Атамбаев элдин эрки менен өкмөт башына кайрадан келгени баяндалат.

Нурсултан Назарбаевдин ошондогу кеги кайрадан ойгонгонун маалымдаган жумалык, өткөн айдын башында Кыргызстандагы “А” тамгасынан башталган 3 партиянын айрым лидерлерин жашыруун кабыл алганын, анда: “Атамбаевди бийликтен кетирсеңер 120- млн. АКШ долларын кайтарымсыз берем” деп айтыптыр дегенин, муну уккан “Ар-намыс”, “Ата Мекен” партия башчылары “ишке” шымаланып кришикенин, ал эми “Ата Журттун” Акматбек Келдибеков башында турган тобу: “Койгула, элге тынчтык керек, эркекче кол алышпадык беле? Сөздү бузбайлы!” деп жигиттик кылып атыптыр, бирок “атажуртчулардын” Камчыбек Ташиев башында турган тобу көнбөй жаткан имиш, эми эмне дейли, улуттун кызыкчылыгынан, элдин тынчтыгынан акча артык болсо, анда булар кайрадан башаламандыкка алып келери белгилүү” деп белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG