Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Күн тартибинде коалиция маселеси


Жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы башкы макалаларын парламенттеги коалициянын айланасындагы маселеге арнашты.

“Учур” гезити жаңы санын Мелис Эшимкановдун “Шыпыр” деген өткөн сандан бери жарыяланып келаткан макаласынын корутунду бөлүгү менен бүгүнкү санын ачты. Макалада айтылуу “Асаба” гезитин кимдер жаптырганы, ага кимдер ортомчу болгону тууралуу узун сабак кеп болот.

Ушул эле санга “Президенттикке ат салышпайм” деген ат менен “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун маеги жарык көрдү. Коалиция бүгүн 3 партиядан турса, эртең төрт партиядан түзүлүп калышы мүмкүн деп айткан Кулов, эгер жаңы өкмөт экономикалык оор абалды тезинен колуна албаса коалициянын кыйрап калуу коркунучу барын, өзү болсо алдыдагы президенттик жарышка түшпөй тургандыгын, эл бүгүн 5 партия спирт заводуна чейин бөлүшүп алганына нааразы болуп атканын, анткени 5 партия биригип жалпы элдин добушунун араң 37 процент гана добушун алганын, ошондуктан ал башчылык кылган партия Жогорку Кеңешке бүтүндөй элдин колдоосун ала албаган партиялардын эмес, аймактардын кызыкчылыгын коргогон Элдик Курултайды, 2 палаталуу Жогорку Кеңешти киргизүүнү сунуштаганын билдирди.

Мелис Эшимканов тураалуу суроого Ф. Кулов мырза Эшимканов абдан акылдуу киши, таланттуу журналист экенин, Мелисти башкалар кандай деген күндө да аны ар дайым сыйлап, урматтап турарын айтты.

Ушул эле “Учур” гезити жаңы коалициянын курамын “Ата Журт”, “Ата Мекен”, “Ар-намыс” партиялары түзүп калышы ыктымалдыгын, балким буга КСДП да кошулуп калышы мүмкүндүгүн кабарлап, жаңы бийликтин курамын да тизмелеп жиберди. Гезиттин жазаганына карасак Курманбек Осмонов же Марат Султанов спикер, Феликс Кулов премьер-министр, Темир Сариев 1-вице-премьер-министр, Аликбек Жекшенкулов ТИМ, Өмүрбек Субаналиев ИИМ министри болуп, Кубатбек Байболов менен Иса Өмүркулов ордуларында калып, Муктар Өмүракунов Нарынга, Туйгуналы Абдраимов Чүйгө губернатор болот...

“Айгай” гезити коалиция жакында тарайбы деп суроо коюп, парламенттик башкаруу дегендин табияты ушундай болорун, бири тараса, анын ордуна экинчиси келерин эске салуу менен айрым аткаминерлердин бул боюнча ой-пикирине орун берди.

1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов: - Өкмөттү көрө албай, коалициянын бардык иштерине бут тосуп жатышат. Өмүрбек Текебаев эмоцияга алдырууда,-деп;

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков: - Коалиция ыдырап, таркап кетет деген сөз жөн эле ой жоруулар,-деп;

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов: - Эгер коалиция тараса, парламент тарабайт. Кайра коалиция түзүлөт. Башка адамдар келет. Бирок коалицияны таратпоо керек,-деп;

ЖК депутаты Канатбек Исаев: - Бул “Ата Мекен” партиясынын кылып жатканы,-деп;

ЖК депутаты Равшан Жээнбеков: - Башкаруучу коалициянын ичинде аябагандай карама-каршылыктар бар. Өздөрүнүн ичинде бизден сырткары деле оппозициясы жетиштүү,-деп;

Журналист эксперт Улугбек Бабакулов: - “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Коалициянын ыдырашы ал жаңыдан түзүлүп, ар кимиси мамлекеттик мүлктү жана башкарууну бөлүштүрө баштаган күнү эле байкалган. Анткени алдыда президенттик шайлоо турат. Демек шайлоого өз алдынча ат салышкысы келген саясый күчтөр коалициянын өзүндө да толтура,-деп жооп берди.

Ө. Текебаевдин “Супарадан” берген “отчету”, Жолдошбек Токоевдин “Кризис бирге эмес 21ге чыкты” деген макалалары да ушул санда.

“Айат” гезити “Замандаш” саясый партиясынын билдирүүсүн жарыя кылды. Өткөн жылдын апрель окуясынан кийинки элдин күткөн үмүтү акталбаганын кенен түшүндүргөн партия учурдагы туңгуюктан, иштин көзүн билген профессионал адамдардан түзүлгөн кеңири коалициялык түзүлүш гана бул кризистен чыгарарын билдирди.

Гезиттин ушул эле санына “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун “Шору бар элге миң башчы” деген ат менен маеги жарыяланды.

Революциялык жол менен бийликти алмаштырууну эч качан жактабаган Адахан мырза, ансыз да коңшу мамлекеттерге күлкү болуп бүткөнүбүздү, бүгүнкү өкмөттүн бир багытта иштеп кетишине көзү жетпестигин, үчилтик коалициянын туруксуз экенин башында эле айтканын, айрыкча жаңы өкмөттүн кадр маселеси калктын көкөйүнө көк таштай тийгенин, эл бүгүн буга чейин аты-жыты жок, андан да тажрыйбасы жок инсандардын облустарды башкарып жатканына түшүнө албай турганын, Жогорку Кеңеш болсо ким партиялык кассага көбүрөөк акча салса ошого кызмат ыйгарып туруучу биржага айланып калганын сындады.

Басылма мындан тышкары өлкөнүн Башкы прокурору Кубатбек Байболовдун “Бакиевдин байлыгын башка адамдарга катташкан” деген, “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин “Өкмөт башчысы стратег, акылман болбой, снабженецке айланды. А. Бабанов болсо орустардан 50 млн. доллар сураптыр...” деген аталыштагы маектерин, “Орус бийлигине каяша, жакса да, жакпаса да улуттук кызыкчылык үчүн Роза Отунбаеваны колдошубуз керек!” деген макаланы сунуш кылды.

“Параграф” гезити “Бийликке жетпегендердин урааны” деген рубриканын алдында жарыялаган макаласында саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун жасап келаткан иштерин сынга алды. Автор макаласында “Аликбек Жекшенкуловдун максаты элге чындап кызмат кылуу эмес, болгону бийликке эптеп жетип алуу. Бүгүн пикет, митинг менен Кыргызстан эч качан өнүкпөйт, өлкөнүн өнүгүшү үчүн ынтымак, биримдик керек” деген ойду камтыган.

Аталган басылманын дагы бир макаласы “Барыктабасов ким?” деп аталып, ал "саясый куугунтукка алынып, ак жеринен айыпталып, түрмөдө отурат" деген ойду айткан..

Бул санга юрист Акунбай Кошойдун “Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт, же укмуштуунун төөсү жоргобу?” деген макаласы басылды. Анысында Акунбай мырза Акаев заманында далайлардын арааны ачылып, уурулук күчөгөнүн, ошондо бизнес айдыңына Таажиниса Абдрасулова деген аял пайда болгонун, анан ал ар кандай айла-амалдар менен кантип акча жасап, кантип шугулданганын коомчулукка шардана кылган.

“Өлгөндөр баркталмайын тирүүлөр даңкталбайт” деген катты президент Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбавге жана Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерге өткөн жылдын 6-апрелинде Таластагы элдик толкундоодо жаракат алып, жан кыйган Таалайбек Рысбековдун жесири Бурмабүбү Таштаналиева жазып жарыялаган. Бүрмабүбү элдин эртеңи деп каза тапкан Таалайбектин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн өзү туулуп-өскөн Үч Эмчек айылына жана Талас шаарынын бир көчөсүнө анын атын ыйгарууну суранган.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун макаласы “Генералдар кимге сурак берет?” деп аталып, күч органдарындагы мыйзамсыз иштер туурасында жазган.
XS
SM
MD
LG