Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Бүгүн орус тилдүү “Дело №...” жумалыгы жана “Деньги и власть” гезитинин кыргыз тилиндеги “Чоң казат” деген аталыштагы басылмасынын 1-саны жарыкка чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “Биз, кыргызстандыктар, өзүн өзү өлтүргүсү келгендерденбизби же акылынан адашкандарданбызбы” деген макаласын басып чыкты.

Макала Бишкектин Ботаникалык багына курула турган биологиялык лаборатория жөнүндө. Гезит лабораторияга байланыштуу буга дейре да сөз кылганын, курулушту жактаган тараптын да, каршы тараптын да ойлоруна кенен орун бергенин эске салып, редакциянын колуна биологиялык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасы менен Канада тараптын түзгөн келишиминин түп нускасы келип түшкөнүн, мындай келишимге өз жарандарынын өмүрү менен ден соолугуна түкүрүп койгон же өлкөнүн келечек тагдыры эмне болсо ошол болсун деген алсыз, бечара өкмөт гана кол койорун белгиледи.

“Келишимге 2008-жылдын августунда Кыргыз өкмөтүнүн атынан ошол кездеги 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев кол койгон экен. Бирок бул аткаминер колун коюп жатып эмнени ойлоду болду экен? Деги эле кол койордон мурда анда жазылгандарды окуп чыкты бекен?” деп суроо койгон “Дело №...” жумалыгы 20 беренеден турган келишимдеги айрым бир жагдайларды окурмандарга шардана кылды.

Маселен 4-беренеде: “Кыргыз тарап объект пайдаланууга берилгенден кийин анын натыйжалуу иштешине жана тейлөө кызматтарына кеткен чыгымдарынын баарын өз мойнуна алат” деп,

8-беренеде: “Келишимдин кайсыл бир жери Канада тарапка жакпай кала турган болсо кандай гана иштеп жатпасын Кыргыз тарап аны дароо токтотот” деп,

“Биолабораторияда сибирь жарасы, бурцеллез, холера, чечек тиби, безгек, кутурма, гемморой безгеги, шарп, СПИД, каракурт уусу жана башкалар сакталат” деп,

17-беренеде: “Канада тарап Кыргызстандын аймагына зыян алып келе турган кандай гана мүнөздөгү жоготуулар болбосун жарандык жоопкерчиликке тартылбайт. Кокус ушундай мүнөздөгү зыян же жоготуулар болсо аны кыргыз тарап гана жөнгө салууга тийиш. Кыргыз тарап кандай гана мүнөздөгү зыян же жоготуулар болбосун Канадага каршы бир дагы процессуалдык аркеттерди көрө албайт” деп жазылган.

“Мына, мүмкүн эми түшүнүктүү болгон чыгар. Кыргызстанды ажал таштандыларынын акыр-чикирин сала берсе боло турган чоң аңгекке айландыргысы келген келишимдин маңызы ушул. Бакиев режиминин саткын өкмөтү канадалыктар менен кол коюп жатып, өз элинин тагдырын чымын чакканчалык да көргөн эмес. Бүгүн эми Акаев да, Бакиев да жок. Алардын үй-бүлөлөрү да жок. Бирок бул жерде биз калабыз, биздин урпактарыбыз, алардын укум-тукумдары калат. Бишкектин чок ортосуна курулмакчы болгон Биологиялык лабораториянын төркүнү ушундай. Бул опуртал курулушту курдурбоо максатында ушу кезде кол топтоо акциясы башталды” деп жазды аталган гезит.

“Кыргызстандагы “каралардын империясы” деген аталыштагы макалада уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн биз билбеген жагдайлары тууралуу сөз болот. Анын табияты тууралуу ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын жетекчиси Данияр Абдиев сөз кылат.

Аталган жумалыктагы дагы бир макала “Барктабасовдордун ишинин жандырмагы: мамлекеттик төңкөрүш болгон эмес. Урмат Барктабасов курал алып жүргөндүгү үчүн кесилди” деген макаланы сунуш кылды.

Ошентип буга байланыштуу сот ишинде 15 адамдын бирөө гана акталып, калган он төртү 5 жылдан 10 жылга чейин кесилип кеткенин, эми Урмат Барктабасов балким даярдалып жаткан мунапыска туш келип калышы ыктымалдыгына токтолду.

Бүгүндөн тартып буга чейин орус тилинде жарык көрүп келаткан “Акча жана бийлик” гезитинин кыргыз тилиндегиси “Чоң казат” деген ат менен жарык көрө баштады.

“Алдыбызда Рухий Чоң Казат деген сапар турат. Ал сапарда жамы журтубуз өз жолун, өз баалуулугун тапса дейбиз. Рухий Чоң Казат дегенди жалгыздап түшүнбөй, жакшы мааниге байлап, Саясый Чоң Казат, Экономикалык Чоң Казат, Коомдук Чоң Казат деген ураан менен Манас бабабыздын урпагын ордунан козгогубуз келет...” деп түшүндүрдү баш кабарында аталган гезиттин башкы редактору, белгилүү журналист Турат Акимов.

“Президенттик шайлоо 28-июнга чейин белгиленеби?”

“Чоң Казат” гезити ушул аталыштагы макаласында кечээ депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештен “Кыргызстанда президенттик шайлоо боло турган күн 28-июнга чейин жарыяланышы керек” деген пикирин айтканын, Текебаев жактап жаткан мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо Боршайкомдун үчтөн бир бөлүгүн президент, да бир үчтөн бир бөлүгүн фракциялар жана калган үчтөн бир бөлүгүн оппозициядагы азчылыкты түзгөн фракциялар дайындап калат экен. Бирок буга Боршайкомдун төрагасы Акылбек Сариев дароо эле каршы чыгып: “Кыргызстандын тагдыры менен ойнобош керек” деп айтса, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев “буга президент кол койбой койот” деп айтканын, Текебаев болсо “Мыйзам долбооруна президент кол койбой койот деп коркутуп атышат, президент кол койот” деп өзүнүн айтканын бербегенин маалымдады.

Асан Козуев аттуу автордун “Мээ айланткан "Мегаком": жаңы жагдайлар” деген макаласы жарыяланды.

Турат Акимовдун макаласы “мамлекеттик символдорду алмаштыруудан эмне табабыз?” деп аталып, автор азыркы абалына келгиче АКШнын желеги 20 жолу алмашылганын, орустар Гимндин сөзүн жаңыртып, желегин да жаңылаганын, ошондуктан Кыргызстандын мамлекеттин эн белгилерин алмаштыруу жөндүү деген маселени койду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG