Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Эмне кылуу керек?


Бүгүн “Деньги и власть” гезитинин “Чоң казат” деп аталган кыргыз тилиндеги басылмасынын 2-саны жана орус тилдүү “Дело №...” жумалыгы жарыкка чыкты.

“Чоң казат” гезитинин 2-саны жарыкка чыгып, ага бир кездеги “легендарлуу” деп аталган парламенттин мүчөсү, белгилүү саясый ишмер Бегиш Ааматовдун 5 жыл мурдагы маеги кайрадан окурмандарга тартууланды.

Маегинде Акаевдин бийлиги, кол жоолук болгон Баш мыйзам, андан кийинки “төшөнчү” болгон парламент жана өлкөдөгү көптөгөн урунттуу окуяларды эске салган Бегиш Ааматов, “Эми эмне кылуу керек?” деген суроого, өлкө 93-жылкы Конституцияга кайтып келиши жана жаңы парламент менен президентти шайлашы керектигин, эгер Бакиев ушуну түшүнүп, 93-жылкы Баш мыйзамга кайтып келсе реформатор катары тарыхта каларын, жок-антпейле, алтургай Акаев даап баралбаган мамлекеттик менчиктерди приватташтырууну күчөтө берсе, анда Кыргызстанда аскер төңкөрүшү же козголоң жолу менен бийлик алмашуу коркунучу келип чыгарын айткан.

“Чоң казат” гезити буга улай эле президент Роза Отунбаева баштаган бийлик жетекчилеринин атына багышталган “93-Кыймылы” мүчөлөрүнүн кайрылуусун жолдоду. Ал – “93-Кыймылдын резолюциясы” деген ат менен жарык көрдү.

Резолюцияда: “Азыркы Конституциянын көптөгөн карама-каршылыктарына жана көйгөйлөрүнө тынчсыздануу менен, Кыргыз мамлектинин мындан аркы жашоосу үчүн укуктук кепилдиктерди камсыздоого умтулуу менен жарандарды 1993-жылкы тарыхый Конституцияны коргоого алууга чакырабыз.

“93-Кыймылы” – Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Убактылуу өкмөт "эртедир-кечтир “Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу аркылуу бийликти күч менен кармап туруу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттери" Кылмыш кодексинине 295-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышары ыктымал экенин жар салат.

Муну менен бирге “93-Кыймылы” – бардык саясый күчтөрдүн ортосундагы конструктивдүү сүйлөшүүлөргө жана 93-жылкы Конституцияга кайра кайтуу маселесинде жалпы макулдашуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүүгө ишенет” деп жазылып, ага аталган кыймылдын мүчөлөрү колдорун койгон.

“Чоң казат” гезити ошондой эле бүгүнкү санына “Килюнендин камдаганы эмне: маалымдамабы, кыргынбы же Жамааттык Коопсуздук Кеңешүү уюмун биротоло тындым кылуубу?” деген ат менен журналист Турат Акимовдун макаласын тартуулады.

Автор бийлик эгер жок болууну каалабаса, анда эмнелерди жасоого тийиш экендигин белгилеп, чукул аткарууга тийиш болгон 3 сунушун айткан.

“SOS- CУНУШ” деген рубриканын алдындагы бул сунушта:

“ 1- КР Коопсуздук Кеңешин чукул чакырып, түзүлгөн кырдаалга карата контрчараларды кабыл алуу зарыл.

2- Өзбек Республикасынын элчисин чакырып, тийиштүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.

3-Жамааттык Коопсуздук Кеңешүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн чукул саммитин Бишкекте өткөрүү. Аталган уюмдун түштүк аймагындагы байкоочуларынын иш аракеттеринин кыргыз планын иштеп чыгуу жана ЖККУнун колдоосу астындагы тынчтыкты орнотуучулар батальонунун мүмкүн болгон которуу схемасын түзүү. Муну менен Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн биримдигин, ЖККУнун жана регион боюнча кошуналардын кызыкчылыгы менен достугунун канчалык реалдуу экенин да текшерип билсе болот. Эгер ЖККУ мындан баш тарта турган
болсо, анда бул баш тартуу ЖККунун өз башына атылган контр ок болот” деп жазылган.

Бүгүн “Дело №....” гезити да жарык көрдү. Гезиттин негизги макаласы Вадим Ночевкиндин түштүктөгү июнь калабасын иликтеген эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетун талдоого алган жана түшүндүрмө берген макаласы болду. Макала жумалыктын үч бетине басылып чыкты. Анын артынан Америка Кошмо Штаттары комиссиянын ишине жогорку баасын бергенин, Бириккен Улуттар уюмунун Жогорку комиссары да ага канааттанганын билдиргенин кабарлап, буга карата жеригиликтүү эксперттердин берген баасын да ортого салды.

Маселен “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов эл аралык комиссиянын докладын кайрадан эки элди кагыштырууну көздөгөн документ деп бааласа, ушул окуяларды иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын башчысы Токон Мамытов иликтөө учурунда бардык кыргыздар өзбектерди же бардык өзбектер кыргыздарды күнөөлөшпөгөнүн, өзбеги да, кыргызы да бир ооздон Кадыржан Батыровду, Иномжон Абдрасуловду, Карамат Абдуллаеваны жана “ОШ ТВ” менен “Мезон ТВыны” күнөөлөп чыкканын жар салды.

-Июнь каргашасынын күнөөлүүлөрү деп кимдерди эсептейсиз?-деген суроого Токон Мамытов:

- Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык режимин, өзбек диаспорасынын лидерлерин, Убактылуу өкмөттү жана криминалитетти,-деп жооп берди.

Токон Мамытов эл аралык комиссиянын жыйынтыгы бир жактуу болуп калганына токтолуу менен өзү башында турган депутаттык комиссиянын отчету ушул айдын аягында парламентте угузула тургандыгын кошумчалады.

“Дело №....” жумалыгы булардан тышкары “ал-Кайиданын” мурдагы үгүтчүсү Кыргызстандан саясый баш паанек сурап жатат” деген макала басып чыкты.

Макалада Бишкекте Батыш гезиттери бир топ жыл мурун “Добуш” деп аталган түрк экстремчил тобунун мүчөсү делген Али Осмон Зор аттуу жаран камакка алынганын кабарлады жана бул боюнча өз иликтөөсүн сүрөттөр менен кошо жарыя кылды. Түркияда “ал-Кайиданын” журналы ээн-эркин сатылып келгенин, мына ошол журналдын башкы редактору ушул Али Осмон Зор болгонун, ошентип камакка алынган Осмон Зор мындан 9 ай мурда Кыргыз бийлигине кайрылып, ага Кыргызстандан саясый баш паанек берүүнү суранганын, “ал-Кайиданын” мүчөсү делген бул адамга учурунда юридикалык жардамды баарына белгилүү “Адилет” укуктук клиникасы бергенин маалымдады.

“Дело №....” гезити булардан тышкары “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин өкмөттү, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн сынга алган маегине окурмандардын көңүлүн бурду.

Кабарчынын:
Алмазбек Атамбаев "Бакиевдер бийликке кайра келгени жатат” дегенди көп айтат” деп айтат, буга эмне дээр элеңиз?”-дегенине депутат Жоомарт Сапарбаев:

- Мени Алмазбек Атамбаевдин качан болсо эле “Жогорку Кеңеште Максим Бакиевдин кулактары көрүнүп турат” дегени таң калтырат, ал муну айтаардан мурда алды-артын жакшылап бир карап чыкса болбойбу, ошондо өзүнүн айланасында Бакиевдердин кулактарынан башка дагы толгон-токой мүчөлөрү отурганын көрөр эле,-деп жооп берди.

Сапарбаев андан ары лидер деген кейип-кепчип, бирдеме болсо эле ыйлап-сыктап, дүрбөлөң түшө бербей, тескерисинче элди артынан ишенимдүү түрдө ээрчитиши зарылдыгын, даана жолбашчы болушу керектигин белгилеп, Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө аттанып, президент өлкөнү үч жолу айланып чыкканга үлгүрсө, премьер-министрдин эмне кылып жатканы түшүнкүсүз экендигин айтып сынга алды.
XS
SM
MD
LG