Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Колот сайын депутат, кокту сайын президент


Гезиттер эл аралык комиссиянын бир беткей тыянагын сынга алган макалаларды, саясат, саясатчылардын президенттик жарышка чет-четинен аттана баштаганын жазып чыкты.

“Айгай” гезити түштүк аймагындагы калабалуу окуяны иликтеген эл аралык комиссиянын отчетун айыгып бараткан жарага себилген туз катары баалап, карапайым кыргыз эч качан өзбек элине кас болбогонун, эки элдин ынтымагына башка күчтөр от жакканын эске салып, комиссия отчетунда бир беткей, көбүнчө Батыш өлкөлөрү финансылаган өкмөттүк эмес уюмдардын билдирген маалыматтарына таянганын, элге эң ириде тынчтык керектигин, бүгүн андан өткөн ыйык да, улук да эч нерсе жоктугун, Кыргызстан бир кездеги кыйраган Югославиянын тагдырын кийүүнү каалабастыгын кеп кылды.

“Мына ушундай бир жактуу корутунду чыгарган, кутум ойлуу, калыстыктан кашайып тайган эл аралык комиссиянын кыргыз менен өзбек элине деги кереги бар беле?” деген суроо койду.

“Айгай” гезити ошону менен бирге президенттик жарышка түшкөнү жаткан “Марат Султанов менен акчасы арбын депутат Нариман Түлеев биригеби?” деген, “Байболов “тойдум байдын кызына” деп, түйүнчөгүн түйүп, Америкага сыза тургандыгы белигилүү боло баштады” деген майда кабарларды да таратты.

“Арена kg” гезити саясатчы генерал Мирослав Ниязов менен маектешти.

Парламентти 100 процент партиялык тизме менен келтирбей, тең жарымын бир мандаттуу, тең жарымын партиялык тизме менен шайлана тургандай кылуу керктигин, бүгүн бийликти алып кете турган бир да партия жоктугун, баары чийки, быша электигин, тажырыйбасыздыгын, парламентке көбү тууганчылык, жердешчилик менен түзүлгөн партиялар аркылуу келсе, көбү байлыкка кызыгып, байларды кошуп алып келгенин, ошондуктан туу туткан идеясы, принциптери жок экендигин айткан Мирослав Ниязов, өзү да буюрса президенттик шайлоого катышарын, системаны алмаштырбаса болбой калганын кеп кылды.

Ушул эле гезит “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун маегине да орун берди.

“Мен Конституциянын чийки экендигин бир жыл мурда айтып чыкканымда мыйзам жазгандар “Конституцияны Венеция комиссиясы аябай жактырды” дебеди беле? Эми ошол Венеция комиссиясынын өкүлдөрү келип “Конституцияңар сабатсыз жазылып калган” дебедиби, кана, кимиси кимин алдады?” деп айткан Адахан Мадумаров, бир топтун кызыкчылыгын көздөп жазылган мыйзамдын качан болсо ушинтип өмүрү кыска болорун белгиледи.

Кабарчынын: - Камчыбек Ташиев сизди авария болгон машинеге салыштырыптыр,-дегенине:

- Мен авария болгудай тумшугумду бир жерге барып сүзүп алганым жок, - деп,

-Сизди Курманбек Бакиевди алып келүү үчүн кам көрүп жатат деген пикирлер бар,-деген суроого Мадумаров:

- Аскар Акаевди да, Курманбек Бакиевди да мезгили келгенде алып келишибиз керек,-деп жооп берди.

“Айат” гезити Балбак Түлөбаевдин “Улуттук эгоизм же куру убада” деген макаласын басты.

Эл аралык комиссиянын отчетун талдоого алган баяндама “Мени каралоого эл аралык комиссияга аброй алып келбейт” деген ат менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Майрам Дүйшекееванын өзү жөнүндө айтып бергендерин, кыргыз элитасы тууралуу сүрөттүү маалыматтарды, журналист Жазгүл Карбосованын Россияда иштеп жүрүп азап чеккендердин майтарылган тагдырын баяндаган макаласын, сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин кыргыз тайганы тууралуу кызыктуу кебин ушул “Айаттан” окуйсуздар.

Бүгүндөн баштап “Де-факто” гезити кайрадан жарыкка чыга баштады. Башкы редактору Чолпон Орозобекова. Нускасы 5 миң 700.

Гезитке Жоомарт Оторбаевдин маеги жарыяланды.

Оторбаев президенттик шайлоого партиялар даярдык көрө баштаганын, талапкерлердин саны 40ка чыгып барышы ыктымалдыгын, өзү болсо “Ата Мекен” партиясынан аттанган талапкерди колдоорун сөз кылды.

Жоомарт мырза ошондой эле, бир караганда өкмөттүн курамы жаман эместигин, бирок өтө эле көп саясый элементтер аралашкандыктан профессионалдуулук жоктугун, мамлекеттик маселелер четте калып, премьер-министр баш болуп “Мегаком” өңдүү жеке ишканалардын ишине баш-оту менен кирип кеткенин, эгер “Ата Мекен” партиясы бийликте болгондо, жалаң чет өлкөдөн мыкты билим алып келген же билим алып алып, ошо жактарда иштеп жүргөн улан-кыздарды ишке тартмагын, ушу кезде, элестүү айтканда Кыргызстанды көп жылдан бери ооруп, жакшы бололбай төшөктө жатып калган кишиге салыштырса болорун, ал жаңыдан гана башын көтөрүп, эми-эми керебетке олтурганын, анын тез арада сакайып кетиши үчүн тынымсыз реформаларды жүргүзүү керектигин белгиледи.

“Учур”
гезити саясый баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Саясый казан” деген баяндамасына окурман көңүлүн бурду.

Эл аралык комиссиянын бир беткей бүтүмүн сынга алган баяндамачы: “Карапайым кыргыз, өзбек калкы акыркы 20 жыл ичинде эки ирет ушундай коогалаңга кабылып, жүздөгөн адамдар мерт болуп, канчасы жакындарынан айрылып сыздап калганын, ар кандай караөзгөй саясатчылар сеператчыл идеяга берилип алып, өзүнчө хан болгулары келип, бейкүнөө эки элди чабыштырганын, эзелки эки калк эл аралык комиссиясы жок эле жарашып алмактыгын, анткени эми ынтымактан, тынчтыктан башка эч бир жол жок экендигин баяндады.

Автор андан ары президенттикке талапкерлерликке аламан жарыш башталганын, Адахан Мадумаровдун Кыргызстанды түрө кыдырып, 16 миң чакырым жол басканы, интернет сурамжылоосу боюнча атаандаштарынан алда кайда озуп баратканы айтылса, Марат Султанов короссуна граната ыргыгындан кийин жарышка аттанганын, президенттик кушту ийинине кондургусу келгендердин сабында Курманбек Осмонов, Жантөрө Сатыбалдиев, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, Сары-Өзөн-Чүйдөн Темир Сариев, Мыктыбек Абдылдаев чыкканы жатканын, Акылбек Жапаров туу калган бээсин жара тартып, кетментөбөлүктөрдүн батасын алып келгенин, экс-депутат Рахат Рысалиев Кочкордо Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигин ачып, элден бата алып койгонун, “Букарда пулу бардын көөнү ток” дегендей, президент болом дегендердин баарынын башкы атаандашты Алмазбек Атамбаев Түрктөрдөн грант алып келгенден кийин башкаларга караганда баркым да, шайым да, шансым да жогору дегенсип, шашылбай тургансыганын, ошентип “Кыргызстандагы саясый казан боркулдап кайнай баштады” деп жазды.

“Учур” гезити андан ары депутат Садыр Жапаровдун “Өкмөттө шектүү адам бар” деген аталыштагы маегин, “Бишкек биолабораториянын курмандыгыбы?” деген теманын алдында ошол чуулгандуу лабораторияны куруу үчүн түзүлгөн келишимдин орус тилиндеги текстин басып чыкты.

Бул санда ошондой эле ар түрдүү маектер, Бабановду колдогондордун сөзү, “Аю” компаниясынын согуш ардагерлерин куттуктаганы, айтылуу “Кыз бурак” тобу менен интервью жана башка материалдар бар.
XS
SM
MD
LG