Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Бүгүн гезит күркөлөрүнө “Жаңы Кыргызстан маданияты” менен “Чоң казат” аттуу кыргыз тилдүү, “Дело №” аттуу орус тилдүү гезиттер сатыкка түштү.

“Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитиндеги макалалардын ичинен Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Саясаттан маданиятка көчөлү” аттуу маегинен окурмандарга үзүндүлөй кетүүнү ылайык көрүп турабыз.

Эл жазуучусу согуштан кийинки жылдары Кыргызстанда жашап, кыргыздын элдик ырларын орусча которуп, басма сөзгө жарыялаган Вера Звягинцева деген аялды кыргыз эстемек турсун унутуп салса, армян эл ырларын орус тилине которгону үчүн армян эли Вера айымдын көзү өткөндөн кийин атайын делегация Еревандан Москвага барып, акындын зыйнатына катышып, бейит башына 3 метр кара мрамордон эстелик коюп, сый-урмат көрсөткөнүн, деги эле армян эли жөнүндө бир ооз жылуу сөз айткан бөлөк улуттун атуулун армяндар өлөр өлгөнчө эстеп, төбөсүнө көтөрүп жүрөрүн кеп кылган.

Ал эми кыргыздарды дүйнөгө тааныштырып: “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланыштары” аттуу кун жеткис эмгегин 1971-жылы Ленинграддан бастырып чыгарганын, анан залкар окумуштуу Саул Матвеевич Абрамзондун ушул китебинен кыргыздар саясый-идеялык ката таап, көрдөн алып жерге чаап сындаганын, анысын кыргыз өкмөтү колдоп турганын, ошондон 4 жылдан кийин атактуу илимпоз көз жумганын, бирок ушу күнгө дейре өкмөт да, илимий чөйрө да, кыргыз эли үчүн кыргыз баласынан да кымбат, ат көтөргүс эмгек кылган Абрамзонду эстемек тургай, китебин кыргыз тилинде чыгарганга жарабаганын, тирүү кезинде Абрамзонго жолукканы Москвага чапанын, калпагын көтөрүп барып, ырахматын айтканда улуу окумуштуу жашып: “Мен өмүрүмдү кыргыздарга жумшадым. Мен кыргыздардын патриотумун” дегенин, муну мындай кой, сай-сайда чачылып келген кыргыз тилин бир сөздүккө жыйнап чыккан К. К. Юдахинди барктай албаганыбызды Кеңеш Жусупов кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөп айтты.

Журналист Бахтияр Шаматовдун “Кыргыздарды сатып жатышат” деген макаласы жарык көрдү.

Автор Кыргызстанда билими жок, бирок 18 жаштан 50 жашка чейинки эркектер жана сойкулук менен жанын баккысы келген кыздар көп сатыларын, бүгүн мындайлар Арап Эмираттарына, Түркияга, Германияга, Грецияга ж.б. өлкөлөргө сойкулук үчүн соодаланарын, Кыргызстанда жыл сайын 5 миң адам кулчулуктун курмандыгы болорун, орус жарандыгын алган кыргыздардын саны ушу кезде 270 миңге жеткенин, демек кыргыздар алеки заматта алдуу-күчтүү 270 миң жаранынан айрылганын, учурда орус жарандыгын алуу кезегинде 90 миң адам турганын, Орусияда мамлекеттик “Соотечественники” деген программа иштээрин, ага ылайык КМШнын каалаган жараны 3-4 айдын ичинде орус жарандыгын, ага кошуп 60 миң рубль жөлөк пул аларын шардана кылды.

“Жаңы Кыргызстан” маданиятынын бул санынан ошондой эле Таабалды Эгембердиевдин “Америка сапарынын” уландысын, бишкектиктерди бээ сүтү менен дарылап келаткан Жолойдун дарыгерчилик сырын, кыргыз поэзиясынын классиги Сүйүнбай Эралиевдин жана атактуу ырчы Майрам Дүйшекееванын маектерин ж.б. окуй аласыздар.

Кыргыз тилдүү гезиттердин дагы бири болгон “Чоң казат” гезити да бүгүн жарык көрдү. “Өзгөчө пикир” деген рубриканын алдында жарыяланган Мурат Сүйүнбаевдин макаласында Эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу сөз болот.

Отчеттогу “жашыруун куралдын” бутасы Кыргызстан эмес, Өзбекстан экендигин, анткени Өзбекстан чөлкөмдүн дээрлик бардык өлкөлөрү менен чектешерин, анын үстүнө Өзбекстан эбактан бери эле өзүнүн кепке келбегендиги менен “аалам алптарынын” айласын кетирип келатканын, ошондуктан Өзбекстанды дестабилдештирүү түздөн-түз колдорунан келбей жатканын, анткени аталган өлкөнүн атайын кызматтары өтө сак, кыраакылыгын, кыскасы Кыргызстан болгону детенатор болсо, Өзбекстан бомба болорун, муну өзбек бийлиги эң сонун түшүнөрүн белгиледи.

Мурат Сүйүнбаев макаласын аяктап баратып: “Эл аралык комиссиянын отчету тигил жактан да, бул жактан да улутчулдардын гана позициясын, бир тарабын ачыктан ачык калп менен, бир тарабын болсо келишпөөчүлүк менен бекемдейт. Отчет антибатыштык, а балким антиорусиялык маанайды жаратышы мүмкүн, бул болсо ислам экстремизимине түптүз кете турган жол.

Мындан 3 жыл мурда Түштүк Осетия чырында, батыштын маалымдоо каражаттары эч далилдери жок туруп эле Орусияны Грузияга баскынчылык кылды деп айыптап чыгышкан болучу. Евробиримдик тарабынан түзүлгөн комиссия 1 жылдан кийин баскынчылык Грузия тарабынан болгонун моюнга алган. Андыктан биз мында биринчиси да, балким акыркысы да эмеспиз” деп жазып чыкты.

“Чоң казат” гезити “Коалицияны кармап турган күч – акчабы?” деген ат менен орустун саясат талдоочусу Александр Власовдун Кыргызстандагы кырдаал боюнча байкоолорунан үзүндү которуп жарыялады.

Власовдун байкоосунда коалицияны кармап турган эң негизги үч фактор бар.

1-мурунку шайлоо өнөктүктөрүнө демөөрчү болгондордун акчасын ким кайтарып берет? Андыктан бул жерде кызылкулактардын кызыкчылыктары турат.

2-сырткы оюнчулар. Бул – коңшу өлкөлөр. Өзгөчө Орусия коалициянын кыйрашын каалабайт.

3-сценарийлер көп. Ошондуктан ар түркүн саясый күчтөрдүн кызыкчылыктарын канааттандырып, баарын нөлдөн баштоо кыйын болууда.

Орус саясатчысынын айтымында, көпчүлүк эксперттер Москвада жатып алып, Кыргызстанда саясый элитанын маданияты төмөн дегендери суу кечпеген кептер. Эгерде өлкөдө өткөн жылдагы окуя кайталанбай, кырдаалды жөнгө салып кетсе, бул анда башкаруу укугуна ээ болгон саясый күчтөрдүн эң чоң жеңиши болмокчу.

“Кыргызстан Орто Азиядагы эң маанилүү аймак. Москва ошондуктан бир эле фигурага байланбайт. Атамбаев менен да, Кулов менен да алака түзө берет. Кыргыз бийлигине кимиси келсе да Орусияга көзү түз болсо болду” деп айтты Александр Власов.

Шербото Чоро аттуу автордун чакан макаласы “Чолпон Жакупова “ал-Кайида” өкүлүн коргоп алабы?” деген ат менен окурмандарга тартууланды. Макалада эл аралык террорчу уюмдун мүчөсү катары шектелип жүргөн 43 жаштагы түркиялык Али Осмон Зор ушул айдын башында камакка алынганы, анын “ал-Кайида” уюмуна мүчө экендиги түрк бийлиги тарабынан такталып, издөөгө алынганы, эми дал ушул террорчу делген шектүү адамды айтылуу укук коргоочу Чолпон Жакупованын укук клиникасы коргоого алып жатканы тууралуу баяндалган.
XS
SM
MD
LG