Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Кыргыз гезиттери мурдагыдай эле өлкөнүн саясый айыңдарга, өлкөнүн социалдык ал-абалына, элдин турмушуна арналган макалаларга басым жасады.

“Учур” гезити “Үч сереп” деген рубриканын алдында үч жарандын үч башка маселеге оюн жарыя кылды.

“Жаш саясатчылар мектебинин” өкүлү Элдар Аттокуров коомчулуктун каршылыгына кабылган биолабораторияны курууга такыр эле болбостугуна карата жүйөөлү 5 себепти мисалга тартып, Канада мамлекети менен түзүлгөн бул келишимдин опурталдуу жагын, анын 90 пайызы кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына туура келбестигин белгиледи.

Өкмөт башчысынын элге “күйүүчү майга болгон баа көтөрүлбөйт” деп айтып чыкканын, бирок ага болбой эле күн санап күйүүчү майлардын баасы өскөндөн өсүп баратканына токтолгон коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, баалардын арзандашы же кымбатташы бийликтегилерге көз каранды эместигин, Россияда баа көтөрүлүп аткан соң Кыргызстанда арзандабастыгын, бирок өкмөттүн башындагы адамдар сүйлөөрдөн мурда айта турган сөздөрүн салмактап, тактап, таразалап алып анан айтуусу керектигин, алардын сөзү көчөдөгү кишинин айтканы эместигин айтты.

“Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева Кадыржан Батыровду кармап келип эл алдында соттомоюн, сыртынан ага атууга өкүм чыгарса да элдин көксөөсү суубастыгын, коогалаңда майда ишканаларынан кол жууп калгандардын жалпы чыгымы эле 1, 4 млрд. сомду түзөрүн, өзү мына ушул коогалаңда жабыр тарткан ишкерлерге жардам берүү сунушун парламентке киргизгенин билдирди.

“Асман преss” гезити “Максим тууралуу бүт чындык” деген макала тартуулады. Анда Максим Бакиев жана анын Елисеев жана башка достору туурасында кенен кеп болот.

Депутат Бактыбек Калмаматов маек куруп, миграция жана коррупциянын соодасына айланган паспорт көйгөйүн сөз кылды. Түштүктөгү өткөн окуяны эстеп, ушу кезде бийлик, атайын кызматтар күн-түн дебей сак болушу зарылдыгын, дүйнөдөгү болуп өткөн чыр-чатактардан сабак алууну, деги эле ким болбосун тынчтыктан өткөн ыйык дагы, кымбат дагы нерсе жоктугун түшүнүп, жакабызды кармап, Кудайга тобо кылып жашашыбыз керектигин айтты.

Депутат ошону менен бирге эле адатка айланып калган салтты тизгиндейм деген туура болбостугун, маселен депутат Каныбек Осмоналиев ушу тапта кыргыздын канга сиңген каада-салтын чектөө боюнча мыйзам даярдап жатканын, бирок ушул эле Каныбек Осмоналиев жакында куран окутканын, ошондо тамак-аштын көптүгүнөн үстөл сынып кетпей араң турганын, салтты тизгиндейм деген адамдын берген сабагы ушул болгонун шардана кылды.

“Де-факто” гезити Боршайкомдун төрагасы Акылбек Сариев менен маек курду.

Өмүрбек Текебаев шайлоо мыйзамына киргизген жоболорун өткөн парламенттик шайлоо алдында да колдонмокчу болгонун, Сариев ушуга каршы чыкканын, мисалы “жашаган жериң боюнча каттооңуз Көлдө дейли, бирок сиз Бишкекте жүрөсүз. Анан “мен шайлоого борбордон эле катышкым келет” деп Боршайкомго арыз бересиз. Биз “макул” деп шарт түзүп беришибиз керек экен. Мунун айынан билсеңер, келечекте чоң чатак чыгышы мүмкүн. Буга өткөн жылкы референдумда эле күбө болгонбуз. Бул жобо жасалма добуш берүүнү күчөтөт. Эч ким аны көзөмөлдөй албай калат. Анткени шайлоо технологиясы бизде өнүккөн эмес” деп айтты Сариев.

Боршайкомдун төрагасы андан ары депутаттар арасында Сариев КСДПга иштеп жатат деген сөздү таратышканын, азыр Кыргызстанды ким башкарып атканы белгисиздигин, көп министрликтерди КСДП дайындабагандыгын, андыктан админстративдик ресурс конкреттүү бир адам үчүн иштейт деп айтуу болбостугун да кошумчалады.

Журналист Айгүл Бакееванын президент Роза Отунбаеваын бала чагына сүртүмдөрү “Гагарин менен түшкөн сүрөт же “соттун эрке кыздары” деген 2008-жылдагы макаласынан “Де-факто” гезити кайрадан тартуулады.

“Айат” гезити “Даража күтүп, мансапка бийлик топтойм деген акмакчылык” деген ат менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун маегине орун берди.

Адахан мырза жер-жерди кыдырып, карапайым калктын үнүн угуп келатканын, азыр ким көпчүлүктү түзсө ошонуку туура чыгарын, андыктан Байболов менен Бабановдун чатагынан акыйкаттык чыкпастыгын, Кыргызстанда дагы эле мыйзамдардын баары эс алып, түшүнүктөр менен жашап жатканыбызды, бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулам дегендер көп экенин, андыктан ал өлкөнүн биримдиги үчүн элдик кыймылга да айланып калышы мүмкүндүгүн, азыркы убакта Кыргызстанда президент болуш өтө оор экендигин, президентти жакшы көргөндөргө караганда жаман көргөндөр көп болорун, келечекте Кыргызстан эч кимдин көзүн, колун карабаган, өзүн өзү баккан, өзүнө өзү ээ болгон өлкө болсо экен деген тилек менен күрөшө тургандыгын билдирди.

“Айат” гезитине ушул айдын 28-майы күнү филармонияда концертин тартуулай турган таланттуу ырчы Майрам Дүйшекееванын, ЭлТР телекомпаниясынын башкы деректири Шайыр Абдрахман уулунун маектерин окууга болот.

“Арена kg” гезити “Мухтардын көзүнүн тирүүсүндө эле “Замандаш-современник” болуп өзгөргөн” деген ат менен “Замандаш” партиясынын Жалал-Абад дубаны боюнча төрайымы Нуркан Койчуманованын маеги жарыяланып, анда Мухтар Өмүракуновдун ордуна досу, Мухтар четте жүргөндө, анын орунбасары катары партиянын ишин жүргүзүп келген Сапар Асановду төрага кылып шайлап алышканын, Мухтардын иши татыктуулук менен уланарын баяндады.

Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова “Мен Атамбаевге да, Дүйшөбаевге да ишенбейм” деген аталышта маегин сунуш кылды.

Ушул эле санда саясат таануу илимдеринин доктору, Дипломатиялык академиясынын профессору Гүлмира Мамбеталиеванын кесиби, үй-бүлөсү, аялзатынын бактысы, искусство, адабият, илим тууралуу курган кызыктуу маеги да бар.

“Айгай” гезити “Кадыры болбой кан болбойт” деген теманын алдында Алмаз Атамбаев, Темир Сариев, Мыктыбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов менен Нариман Түлеев, Кубатбек Байболовго арналган байкоолорун окурмандардын ой элегине салды. Ушул саясатчылардын баары президенттик жарышта так талашка түшө тургандыгын божомолго алды. Алардын саясый салмагы, шаасы канча экендигин таразага тартып, айрым саясый талдоочулардын көз карашына караганда Марат Султанов менен Нариман Түлеевдин тандеми эң күчтүү тандем болору, себеп дегенде экөө тең шайлоодо тагдыр чече турган финансы жагынан кудуреттүү кишилер экендигин кеп кылды.

“Айгай” гезити мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Жусуп Абдрахманов жөнүндө Жолдошбек Токоевдин “Эгер Жусуп болгондо...” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

Макаланын соңунда учурда эл жолбашчыга суусап турганын, ит адатыбызча кайрадан түндүк-түштүккө, кайрадан кокту-колот болуп, уруу-урууга бөлүнсөк жыгргабай эле жылас болорубузду, балким трайбализм менен жердешчиликтин капканынан чыгып, бул ирет айкөл кыргыз эли чыныгы улут лидерин тандап алгысы бардыр деп тилек кылды.
XS
SM
MD
LG