Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

Гезиттердин негизги темасы кыргыз тил маселеси, өлкө тынчтыгы, "Жергиликтүү башкаруу жөнүндөгү" жаңы мыйзам туурасында болду.

“Фабула” гезити “Ар-намыс” фракциясынын өкүлү Абдрахман Маматалиев Чыңгыз Айтматовдун ысмын Бишкек шаарынын Свердлов районуна ыйгаруу маселесин көтөрүп чыкты” деп;

“Эски бийликтин тушунда бизнесине коркунуч туулуп, Америкага кирип кеткен Кубатбек Байболов азыркы бийликтин аркасы менен ал жактан кайтып келип, жакшылыктарды көрүп алып, кайра суу ичкен кудугуна түкүрүп жатат” деп;

“Шайлоонун шайтан оюндары жакындаганы Боршайкомдун төрагасын алмаштыруу маселеси да Ак үй менен Көк үйдө кызуу талкууга алына баштаптыр. Бирок коомчулукта Акылбек Сариевге болгон ишеним басымдуу. Буга мисал катары интернет сурамжылоолордун жыйынтыгын айтсак болот. Анда Акылбек Сариев - 138 добуш менен алдыда баратса, Галина Скрипкина – 43, Өмүрбек Текебаев - 26, Ишенбай Кадырбеков араң – 20 добуш алган” деп;

“Аз күн мурда “мен деген Гитлерди сыйлайм” деген сөзү үчүн немис улутундагы белгилүү кинорежиссерду Канн кинофестивалы өтүп жаткан жерге 100 метр жакын барууга тыюу салышты. Анын сыңарындай депутат Өмүрбек Абдырахманов Манасты “бандит” деп айтыптыр деген кабарды уккан ар бир кыргыз баласынын жүрөгү болк этти болуш керек. “Абдырахманов болсо “антип айткан эмесмин. Манас бул – кыргыз элинин улуттук сыймыгы жана бийик туусу” деп актанууда” деп кабар таратты.

“Фабула” гезити ошондой эле журналист Баратбай Аракеевдин тил көйгөйү жөнүндө күйүп сөз кылып: “Кыргыз тили деген базардагы эки аялдын урушуна гана кызмат өтөбөстөн Бириккен Улуттар уюмунун бийик трибунасында да, бардык жыйындар менен салтанаттарда да милдеттүү түрдө сүйлөнүп тура турган тил болушу керек” деп билдирди.

“Алиби” гезити журналист Папан Дүйшөнбаевдин жер-жерлердеги башкаруу системаларын реформалоого арналган макаласын сунуш кылды. Автор бир топ олуттуу ойлорун ортого салуу менен: “Акимдерди дайындоодо атаандаштыктын каралганы же жергиликтүү парламентке премьер-министр бир талапкерди сунуштаса, экинчисин парламент, үчүнчүсүн парламенттик оппозициядагылар көрсөткөнү демократиялуулугу менен айырмаланат. Бирок мында Орусиядагыдай, эгерде облуста же райондо кайсыл партияны жактагандар көп болсо, бийге, акимдикке, айыл округунун башчылыгына талапкерлерди тандоодо ошол партиянын өкүлүнө артыкчылык берүү принциби да каралышы керек деп ойлойбуз. Бул акыйкат да болот, партиялуулукту өнүктүргөнгө да өбөлгө түзөт” деп жазды.

Журналист андан ары “Эгер жергиликтүү администрациялар жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирсе, облустук ички иштер башкармалыгы, облустук соцфонд, облпрокуратура, облсалык инспекциясы, облмаданият бөлүмү сыяктуу түзүмдөрдүн тагдыры эмне болот? Эгер булар да жоюлса алардын милдетин кимдер алмаштырат? Баары жоюлуп кетсе ал жердеги премьер-министрдин өкүлү кимдерге таянып иш жүргүзөт?” деген суроолорду койду.

Ушул эле “Алиби” гезити журналист Бек Мамашевдин “Бийликтегилер өз айлыгына 1 млн. долларлык үй кура алабы?” деген макаласын жарыя кылды. Макалада: “Эмне үчүн эл шайлаган, эл ишенимине татып, депутат болгон адамдар элди сыйлабайт? Элди ойлобойт? Элди ойлосо депутат болгон эр-азаматтардын жоон тобу “Ата Түрк” паркынан жерди мыйзамсыз бөлдүрүп алып, асман тиреген үйлөрдү куруп, өз билгендерин кылат беле?” деген суроону берди.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Бермет Маткеримованын “Биз эмне үчүн жарды жашайбыз? Же жайлоолорго эмне үчүн ата-бабаларыбыздай мамиле кыла албайбыз?” деген өтө олуттуу көйгөйгө окурмандардын көңүлүн бурду.

Макалада жайлоо жана жайыт маселеси талдоого алынган. Бүгүн жайлоолордун баары чакалай баскан котур денеге окшоп баратканын, соода-сатыктын, жан багуунун амалын кылгандардын айынан жайыттардын кейпи кеткенин, маселен Нарынга баратканда Долондун аркы бетине ала жаздан баштап боз ийлер тигилип, ал жердегилер соодасы түгөп, кар түшкөндө гана араң көчүп кетерин, Алайга баратканда Чыйырчыктын аркы бети да ушундай абалда экенин, түштүккө баратканда Суусамырдын жолу, Чычкандын ичи быжыраган, башаламан үйлөргө толуп кетерин, жайлоону жайлоодой урунуу салты жоголгонун, жерди сыйлоо, күтүү, пайдалануу маданияты унутулганын сөз кылды.

Автор кыргызды жайлоо менен эле бакса болорун, эгер жайлоолорго жылына 2 миң эле доллардан сарпталып, жылына 2ден эле жол салынып турса, мал менен элди байытса болорун жүйөлүү далилдер менен бекемдеп, эт жана сүт өндүрүү жагдайына токтолгон.

“Кыргыз туусу” гезитине Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун маеги да жарыяланды. Өткөн жылдагы окуянын чоо-жайына азыноолак токтолгон Мелисбек мырза эл аралык көз карандысыз делген комиссиянын отчетуна оюн билдирип:

- Ачыгын айтуу зарыл, кезинде шаар бийлиги эл аралык көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү менен бир нече жолу жолукканбыз. Алардын жемиштүү иштөөлөрү үчүн колдон келген шартты түзгөнбүз. Эл аралык комиссия эки элдин ынтымагын чыңдай турган, көптөгөн кыйынчылык менен орногон тынчтыкты бекемдей турган жыйынтык чыгарат деген ишенимде болгонбуз.

Тилекке каршы, комиссия эки элдин ортосуна от жаккан негизги күнөөкөрлөрдү, демөөрчүлөрдү актаган, кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарган сыяктуу, чындыкка түк коошпогон, көчө ушактарына негизделген, улуттар аралык мамилелерге доо кетире турган жыйынтык чыгарыптыр,
- деп айтты.

Эл аралык көз карандысыз комиссиянын мындай калпыс бүтүмү анын кадыр-баркын эл аралык деңгээлде түшүрүп алганын кеп кылган Мырзакматов, жакында Ош шаарындагы ар кыл улуттардын, бирикмелердин, диний топтордун өкүлдөрү Киммо Килюнендин жетекчилиги менен иштелген комиссиянын чыгарган жыйнытыгына нааразылыктарын билдирип, дүйнөлүк коомчулукка атайын кайрылуу жасаганын да кошумчалады.

Аталган гезит андан ары жакында “Жаңы Ала Тоо” журналы уюштурган адабий сыйлыктын башбайгесин “Зилзала” аттуу чыгармасы менен утуп алган таланттуу жазуучу Турусбек Мадылбайдын маегин басты.

Жазуучу “Зилзала” повести 98-жылы эле жазылганын, ал “Көгүлтүр шаар” деген романдын бир бөлүгү экендигин, эң кызыгы ушул чыгармасын акын досу Алик Акималиевге окуп бергендин эртеси Кетмен-Төбөдө жер титирегенин эске салып, кыргыздын эзелки тарыхын, андагы кызыктуу жагдайларды баяндаган.

Журналист Бекбай Алыкуловдун өмүрүнүн акыр-аягына чейин мына ушул “Кыргыз туусу” гезитинде фотожурналист болуп иштеген Шекербек Сартовду эскерген макаласын, Кыргыз эл артисти Мелис Асылбашевдин “Ак Марал” бий ансамбли тууралуу маегин, Тогуз-Торо аймагы тууралуу Турусбек Солтобаевдин баянын да ушул басылмадан окуй аласыздар.
XS
SM
MD
LG