Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Гезиттер: "Викилистин" түгөнбөгөн маалыматтары


Бүгүн кыргыз тилдүү “Чоң казат” гезити жана “Дело № ...” жумалыгы жарык көрдү. Гезиттер Кыргызстандын ички жана тышкы турмушуна тиешелүү бир катар макалаларга орун берди.

“Дело № ....” жумалыгы “террорчу” катары шектелип, Бишкекте камалып жаткан түрк жараны Осмон Зордун тегерегиндеги макалаларды жарыялоону жаңы санында андан ары улантты.

Өткөн аптада Осмон Зордун адвокаты Кыргызстанга учуп келип, эгер Осмон Зорду кыргыз тарап Түркияга экстрадициялап жиберсе аны ал жакта 25 жыл түрмө күтүп турганын кабарлап, ошол эле учурда Түркиянын интернет сайттарынын биринде түрк чалгындоо кызматынын чалгынчысы Самра Малиштин күтүүсүз өлүмү жөнүндө маалымат таралаганын шардана кылды.

BARAN деп аталган түрк гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Абдыбакы уулу Дилмураттын айтуусунда Самра Малиш Бишкекте Улуттук Коопсуздук комитетинин өкүлдөрү менен жолуккусу келген, себеп дегенде чалгынчы айымда өткөн жылкы түштүктөгү окуяларга байланыштуу өтө маанилүү маалымат болгон, тилекке каршы түрк айым маалыматты кыргыз тарапка бергенге үлгүрбөй калды, анткени ал өзүн өзү өлтүрдү болуп, терезеден учуп өлгөндүгү кабарланганы тууралуу кабар угузулганын билдирди.

Түрк журналисти Акыл Мухсиндин жазганына караганда, түрк чалгынчысы Семра Малиште өзгөчө маанилүү маалымат болгон жана бул опурталдуу авантюрага түрк мамлекети кантип тартылып баратканын чалгынчы кыз өз жетекчилигине билдирүүнү көздөгөн, бул маалымат Ирактан Иран жана Оганстан аркылуу курал-жарактарды, мунун ичинде химиялык курал-жарагы да бар, Борбор Азияга алып өтүү болгонун, максаты кыргыз-өзбек жаңжалын дагы тутантуу экендигин маалымдады.

“Дело №....” гезити мындан тышкары “Эл Өмүрбек Абдрахмановду депутаттык мандаттан ажыратууну көздөөдө” деген макала басты.

“Патриот” кыймылынын өкүлү Тариел Исаковдун айтымында, Өмүрбек Абдрахманов “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Айкөл Манасты "бандит" деп атаган, демек Манасты минтип атаган адамга эле эмес, ал мүчө болгон бүтүндөй партияга кыргыз эли мындан ары добушун бербейт.

“Ала-Тоо – Бишкек” коомдук бирикмесинин мүчөсү Конушбек Дөөлөталиевдин айтымында, депутат Абдарахмановдон элден кечирим сурасын деген талап болгон, бирок ал кечирим сураган эмес.

“Кечээ дал ушуга байланыштуу борбордук аянтта 200 киши катышкан митинг болуп өттү. Митингге чыккандар: “Ал Манасты бандитке теңеп эпосту эле эмес, бүткүл кыргыз элин шылдың кылды. “Манас” деген биздин тарыхыбыз. Биз акыйкаттыкты жана чындыкты талап кылабыз. Абдрахманов эл алдында кечирим сурасын” деп айтышты жана Абдрахмановдун чыгышын күтпөстөн тарап кетишти” деп жазды.

“Кыргыз кыздары эл аралык наркомафиянын колундагы оңой-олтоң куурчакка айланууда” деген теманын алдындагы макала ушу күндө баңгизат аткезчилиги менен шектелип, камакка алынып, азыр Индонезиянын түрмөсүндө отурган кыргыз кызы Жибек Сакеева тууралуу баяндаган.

Гезит Азия өлкөлөрүндө баңгизат менен кармалгандарды кандай оор жазалар күтүп турганын мисалга алып, маселен Малайзияда 15 грамм героин же морфий, 200 грамм нашаа же 1000 грамм апийим менен менен кармалган киши өлүм жазасына тартыларын, ал эми биздин Жибек кыз 1 килограмм героин менен кармалганын белгиледи.

“Чоң казат” гезити бүгүнкү санын баштаганда эле Манастан баштап, келерки санынан тартып улуу жазуучу Ашым Жакыпбектин “Теңири Манас” китебин сандан санга жарыялай тургандагын жар салды. Манас боюнча ой толгогон журналист жана акын Жыргалбек Касаболотовдун макаласын тартуулады.

Гезит андан ары байыгысы келгендер үндүк багышы керектигин, анын эти менен жумурткасынан сырткары жүнү менен тыбыты да чоң кирешенин булагына кирерин, 6 айдан кийинки балапан үндүк 6-8 килограммдан, чоңдору 10-12 килограммдан эт берерин эскертип, үндүк багуунун атайын эрежелерин сунуш кылды.

Гезит ошондой эле Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында куйма темир заводу курулат дегенди уккан эл катуу кубанып атканын, эгер завод иштеп кетсе бери эле дегенде 1000 адамга жумуш табыларын, ал жалаң жергиликтүү сыръе менен иштеп, жылына 200 миң тонна феррослико- алюминий чыгарарын Кыргызстандын вице-премьер-министри Шамил Атаханов айтканын кабарлады.

Ушул айдын июль айына белгиленип жаткан саммиттин максаты – Кыргызстанда микрофинансылоонун көлөмүн көбөйтүү, ички-тышкы донорлордун көңүлүн буруу, өлкөдөгү экономикалык өсүштү көтөрүү жана жакырчылыкты жоюуга багытталууда. Саммит негизинен президент Роза Отунбаеванын демилгесине байланыштуу болуп, ага Тажикстан, Казакстан, Азербайжан, Орусия, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышмакчы.

Аталган гезит бүгүнкү санына “Максим банктарды кантип тартып алган?” деген макала басты.

“Викиликс” жарыялаган соңку маалыматтарга ылайык “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын чөгөлөтүү максатында ал банктан Соцфонддун 2007-жылы салынган акчасын чыгартып салган. Каражаты жок калган банк башка коммерциялык банктарга жардам сурап кайрылган. Бирок алар жардам берүүдөн жаа бою качкан. Соцфондду ошол кезде кезеги менен Тажикан Калымбетова жана Марат Султанов жетектеп турган.

“Викиликстин” маалыматы боюнча бурчка такалган “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын жетекчилиги банктын 70-75 процент активин АУБга өткөрүп бергенге аргасыз болгон” деп маалымдаган басылма азыркы күндө Кыргызстанда 22 коммерциялык банк иштеп атканын, алардын ичинен Максим Бакиевге жакыны “Аманбанк” менен “Ысык-Көл инвестбанк” жана “Кыргызкредитбанкты” Улуттук банктын өкүлдөрү башкарып турарын маалымдады.

Гезит “Ата Журт” фракциясы Бишкекте курула турган биологиялык лабораториянын курулушуна каршы, кокус лаборатория курулуп калса коркунучтуу вирустар жана патогендер сакталышы мүмкүн, депутат Азиз Суркматов “Биолабораториянын курулушуна каралган 70 млн. доллардан канадалык тарап менен келишим түзүлгөндөн бери 7 млн. доллары кандайдыр бир себептерден улам эбак эле чыгымдалып кеткен” деп айтса, депутат Абдумиталип Кочкорбаев "Биолабораторияны багып туруу үчүн эле жыл сайын 400 миң АКШ доллары талап кылынат" деп айтты.

“Ата Журт” фракциясы Бишкектин чок ортосуна мындай лабораториянын курулушуна каршы болгон менен Кыргызстандын калган жерине курула беришине каршы эмес, демек жогорудагы айткандары фракциянын стратегиялык чечими эмес, болгону элге жакшы көрүнүүнүн амалы, эч нерсеге арзыбагын курулай популизм” деп белгиледи басылма.
XS
SM
MD
LG