Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Гезиттер: Чындык кимде?


Гезиттер көбүнчө июнь окуясына байланыштуу эл аралык жана депутаттык комиссиялардын чыгарган жыйынтыгын талкууга алышууда.

“Фабула” гезитине журналист Баратбай Аракеевдин Президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаев менен маеги тартууланды.

Аталган гезит аркылуу июнь окуясынын төркүнүнө кенен токтолгон Каптагаев, ошол кезде чет элдик маалымат каражаттарынын дээрлик баарында өзбек элине карата геноцид саясаты жүрүп жатат деген пикир өтө көп жарыяланып кеткенин, буга ошо кезде эл аралык коомчулук да ишенип турганын, тышкы да, ички да жарандык коом туш-туштан көз карандысыз иликтөө керек деп талап кылып турганын, мына ушундай шартта, андан баш тартып, биз өзүбүз иликтеп чыгабыз, бизде геноцид жок деп канча какшаган менен ага бири да ишенмек эместигин, ошон үчүн эл аралык коомчулуктун демилгесине президент Роза Отунбаеванын макул болгону саясый көрөгөчтүк болгонун, комиссиянын жыйынтыгында геноциддик саясат жасалды деген айып алынып салынганын, бул абдан чоң иш болгондугун белгиледи.

Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын кеп кылган Эмил мырза:

- Дал ошол июнь окуясы бакиевчилердин 7-апрель Элдик революцияга каршы жасаган тополоңу болгон, ошонун аркасы менен Убактылуу өкмөттү кулатабыз дешкен. Анда кулаталбай, анан саясатка аралашып алып, эми июнь окуясынын жыйынтыгы менен Убактылуу өкмөттү каралап, жамантты кылып, анан күздө болчу президенттик шайлоого өздөрүнө жол ачуу максатын көздөп жатат.

Мен ачык эле айтайын, алардын мындай фокусу өтпөйт. Кимдин ким экенин эмки жумада боло турган Жогорку Кеңештин талкуусу көрсөтөт. Эгер ошол апрель айында бардык жоопкерчиликти моюнга алган Отунбаева, Атамбаев, Бекназаров, Текебаев, Исаков, Шерниязов, Сариев, Тургуналиевдер болбогондо азыр кандай заман болорун бир кудай билбесе, башка эч ким билбейт эле.

Азыр акылдуусунуп сайрап жаткандардын көбү Америкадан келет беле, келбейт беле? Азыр тилинен чаң чыгып, чечен болуп, тили бүткөндөр сүйлөйт беле, сүйлөбөйт беле? Бакиевдердин кан жыттуу чеңгелинде отурган заманды эл унута элек, унутууга да акыбыз жок,-
деп айтты.

“Кыргыз руху” гезити “Чөөлөр мөртүнүн” уландысы же кыргыздарды шылдыңдаган отчет” деген теманын алдында профессор Ж. Мусаевдин макаласын жарыялады.

Журналист Азизбек Келдибеков “Өкүнбөйм, казак болбой калганыма” деген макаласын, авторитардык режим менен жашаган жерде эч качан теңчилик болбостугун, мындай режимде бийлик да, байлык да саналуу гана кишилерде болорун, кыргыз эли дал ушундай режимди эки ирет кулатканын, чыныгы демократиялуу жолго эми гана түшкөнүбүздү, акырындап баары жакшы болорун, анткени ынтымак орносо бейиштен артык жерибизди гүлдөтүп алганга бардык шарт бар экенине ишенип, “өкүнбөйм, казак болбой калганыма” деп аяктады.

“Алиби” гезити майда маалыматтардан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун маегине орун берди.

-Бүгүнкү күндө кооптоно турган жагдайлар барбы?-деген суроого генерал депутат:

-Эң негизги нерсе - эл аралык комиссиянын отчету. Бул отчет Кыргызстандын коопсуздугуна түздөн түз тиешеси бар материал. Өзбек улутунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн партиялар “өзүбүзчө автономдуу облус болобуз” деп ачык эле айтып баштады. Дагы бир жагдай бийликти жеке менчикке айландыргысы келген адамдар жана алардын жан-жөкөрлөрү жоопко тартыла элек. Азыр алар да өз таасирлерин тийгизип жатат,-деп айтты.

“Жаңы агым” гезитинин айрым суроолоруна жооп берген депутат Каныбек Иманалиев "Коомдук канал жөнүндөгү" мыйзамга токтолуп, мыйзам кабыл алынса Коомдук канал мамлекеттик бойдон кала берерин, ал өлкөнүн казынасынан каржыланарын айтуу менен, Каныбек КТРды көздөп жатыптыр деген сөздөр жүрүп кеткенин, КТРга баргысы келсе 98-жана 2002-жылы эки жолу сунуш кылышканын, бирок ошондо эле баш тартып, барбай койгонун, анын башкы макасаты жана алган багыты – саясат экенин, ошондуктан “Иманалиев КТРга барат экен” деген сөз жөн эле курулай доомат экендигин билдирди.

Нурканбек Керимбаевдин макаласы “Чындык кимде: Абдрахмановдобу же Обдуновдобу?” деген макаласы тартууланып, анда Бабановдун ишине байланыштуу түзүлгөн комиссиялардын жыйынтыгына окурман көңүлүн бурду. Ал боюнча бири-бирине каршы тараптардын көз караштарына орун берди. Ойлорун Абдрахманов, Обдунов, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, жеке ишкер Валерий Хон билдирди.

“Өзүнүн тоо жаңыртып, көл толкуткан бийик, ошол эле учурда булактай таза мөлтүр үнү менен кыргыз кыйырына кеңири белгилүү. Ал кандай гана ырдабасын Ала Тоонун аңкыган таза желаргысы аралап өткөндөй жандүйнөңдү сергитип, көңүлүңдү көкөлөтүп жиберет. Ырчынын кулактан кирип бойду алган нукура элдик үнү, кайсы гана темада болбосун аткарган ырын кубаттуу добушу коштоп, уккан жанды өзүнө тартып, суктандырып турат” деп жазды “Жаңы агым” гезити, сейрек үндүү таланттуу ырчы Майрам Дүйшекеева менен маегинин башында.

“Кыргыз туусу “ гезити президент Роза Отунбаеванын Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 19 жылдыгы жана Чек арачылар күнү менен куттуктоосун басты.

Аталган гезит муну менен бирге эле президент “Китепкана – тынчтыктын жана улуттар аралык ынтымактын ордосу” аттуу 3-Республикалык китепканалар форумунда сүйлөгөнүн, Кыргызстандагы этностор аралык маселелерди чечүүдө, улуттар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөөдө китепканалардын ролу кандай экендигин белгилегенин жазып чыкты.

“Эмне үчүн борбор шаарды акыр-чикирден тазалап, буларды цивилдүү тиричиликке жеткирейин деген жакшы тилектеги Бишкек мэри Иса Өмүркуловду коргой албайсыңар? Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт кимди карап, эмнени күтүп жатат? Бишкек шаарынын чок ортосуна жайгашып, быкпырдай кайнаган бул базарда санитардык нормалардын карааны да жок. Кадам сайын кездешкен ууру-кескинин, чөнтөкчүлөрдүн, оору-сыркоонун, ыпластыктын, туш келди ыргытылган сасык таштандылар менен ээн-эркин жойлоп жүргөн келемиштердин очогуна айланып калганын сокур киши гана көрбөшү мүмкүн”.

Мына ушундай мазмундагы “Мэрди колдогула, Бишкекти кордобогула!” деген шаар тургундарынын колдору коюлган кат жарык көрдү.

“Өз элинде унутулуп, эсесин кыргыздардан чыгардыбы?” деген обзордук макалада К. Килюнен мырзаны Финляндиянын маалымат каражаттары өз парламентинде утулуп калгандыгын, эми ал ошол ызасын кыргыздардан чыгарып жаткандыгы тууралуу макалаларды жазып жатышканын маалымдады. Фин гезиттеринин дагы бири “Кыргызстанда өтө терс реакцияны жараткан Ош окуялары жөнүндөгү “Чөөнүн мөртү” китеби фин жергесинде Килюнендин өзүнүн жана Эл аралык кризис тобунун жабык колдоосу менен басылган имиш” деп жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG