Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Кичик элдин жүгү чоң болот


Жарык көргөн гезиттердин ичинен “Кыргыз Туусу” эртең Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенин эске салып, буга карата президент Роза Отунбаеванын куттуктоосун жарыя кылды.

“Фабула” гезити майда кабарларында Бишкектин бир мектебинин деректири Чугунова деген айым уул-кыздарына мектеп босогосун аттандырам деген ата-энелерден 10 миң сомдон сурап атат деген кеп уктук” деп;

“Ар-Намыс” партиясы коалицияга кирмей болду. Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын сунуштай турган болду” деп;

“Өмүрү жакырчылык деген эмне экенин билбеген соттор эл өкүлдөрүнүн элегинен өтмөй болду, Кыргызстандын ыйманы менен абийирин парага алмаштырган, эл-журттун 90 процентининен ашуунунун ишенимин жеп бүткөн соттор үчүн эми эл атынан шайланып келген парламенттин элеги бекем болгой эле, акча таштаса эле тешилип кетпей” деп;

“Чуулгандуу “Викиликс” сайтында Бакиев админстрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө Бакиевдердин тийешеси бар экендиги айтылды” деп маалымат таратты.

Ушул эле санга Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун “Ар кайсы бийлик бутактарынын түздөн-түз кийлигишүүсү болуп жатат” деген ат менен маеги басылып, анысында Ош базарынын айланасы тазаланып атканын, бирок буга айрым аттуу-баштуу адамдар, депутаттар бут тосуп, митинг өткөргөнгө чейин барышканын, айрымдары аликүнгө дейре тоскоолдук кылып келатканын билдирди.

Шаар башчысы Иса Өмүркулов мына ушул бут тоскондордун бири – бир кезде Башкы прокурордун орунбасары болуп иштеген Абдыгапаров деген киши экенин, кызы Башкы прокуратурада, уулу Финполицияда иштээрин, ушулар үй-бүлөсү менен чогулуп алып, мэрия кызматкерлерин коркутуп-үркүтүп, элди жыйнап, митинг уюштуруп жүргөнүн, эгер борбор шаарды ыпыр-сыпыр менен келемиштердин уясы кылууга мындан ары дагы кимдер каршылык кыла турган болсо, аты-жөнү алгач ушинтип массалык маалымдоо каражаттарына жарыя кылынарын айткандан кийин бир аз токтоп калганын, жакында “Беш-Сары” базары менен “Кыялдын” айланасы тартипке салынарын, ал эми Өмүркулов Маевкага базар ачканы жатыптыр” деген сөз дал ошондой чуу куйруктардын чыгарган карандай калпы экендигин айтты.

“Алиби” гезитинин баяндамачысы Папан Дүйшөнбаев Эл аралык көз карандысыз комиссиянын түштүктөгү окуялар жөнүндөгү иликтөөлөрүнүн айрым бир принципиалдуу жагдайларына токтолду. Маселен ошол учурда коңшулаш Өзбекстандын бейөкмөт уюмдары, ага кошул-ташыл айрым чет элдик маалымат каражаттары “Кыргызстандын түштүгүндө геноцид болгон” деген кабарларды кайра-кайра тараката баштагандан улам, ушундай чындыкка коошпогон курулай жалаадан өлкөнү кутултуш үчүн мамлекет башчысы Эл аралык көз карандысыз комиссияны чакыртканын, президент Роза Отунбаеванын бул кадамы туура болгонун, анткени Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык комиссия “геноцид болгон эмес” деп жыйынтык чыгарбаганда эл аралык күчтөр Кыргызстанды “геноцид кылган” деген айыпка жыкмагын, мындай болгондо кыйын болуп калмагын, ал эми Кильюненди Кыргызстанга келтирбей коюу жөнүндөгү парламенттин чечими жөн эле абсурд экенин, анткени ЕККУ же башка абройлуу уюмдар жөнөтмөйүн ал деги эле Кыргызстанга келбей тургандыгын, кыскасы бул чечим өзүбүздүн атуулдардын канын кызытып, аларга сары майдай жаккан менен, сырттагыларды кенедей да кызыктырып койбостугун жазды.

Эртең Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Буга байланыштуу “Кыргыз Туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын “Жашоодо балдардан маанилүү эч нерсе жок” деген аталыштагы куттуктоо сөзү менен бүгүнкү жаңы санын ачты.

Президент кыргыз өкмөтү быйыл балдарга колдоо көрсөтүү үчүн билим берүү тармагына 11,4 млрд. сом, мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууга 6 млрд. сомго жакын акча каралганын, балдардын тамагына, окуу китептерин басууга, ремонт ишине 700 млн. сом бөлүнүп берилгенин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык төлөмдөр 2 эсе, тактап айтканда 1500 сомдон 3 миң сомго чейин көбөйтүлгөнүн көрсөтүп, ар бир балага бактылуу балалыкты, чынчылдык менен калыстыкты, бекем ден соолук менен бакубат турмушту, тилеген ой-тилектерине жетүүнү каалаган.

Мындан мурунку гезит баяндамабызда Каракол шаарынын №12 орто мектебинин деректири мектеп босогосун аттачу балдардын ата-энелеринен 10 миң сомдон сурап атыптыр деген кабар окулган, азыр эле бул боюнча редакциядан “Азаттыкка” телефон чалып, андагы мектеп Каракол мектеби эмес, Бишкек шаарынын мектеби экендигин, гезиттин кетирген катасы менен ушинтип жазылып калганын, Караколду Бишкектеги мектеп деп түзөтүп окуп коюуну өтүндү, анда биз да угурмандарыбызга пара жегиси келген мектеп Каракол мектебеи эместигин айтка кетмекчибиз.

“Кыргыз туусу” мамлекеттүүлүк тууралуу айрым атуулдардын ойлоруна да орун берди.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Чакан мамлекет катары биз өз эгемендүүлүгүбүздү сактап калууну мамлекеттин бүтүндүгүнөн, жарандары өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудан көрүшү керек,-деп;

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев: - Мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактап турган эл. Мына ошол элдин саны азайган учурларда да эгемендүүлүктү сактап калуу коркунучу туулат. Мурдагыларын эске албаганда да акыркы үч жыл ичинде 500 миңге жакын кыргызстандыктар мигрант болуп кетишкен. Бул бир.

Экинчиден, өлкөнүн аймагы кыскарып жатат. Кыргызстандын аймагы 198 миң чарчы метрди түзүп келсе азыр 3,5 миң чарчы метрге кыскарып кетти.

Үчүнчүдөн, Конституциялык принциптер сакталбай, мыйзамдар аткарылбай калды. 20 жылдын ичинде Башмыйзамды 8 ирет кабыл алдык. Кыргызстан мыйзамды сактабаган жагынан 131-орунда же Гаити менен Сомали мамлекеттеринин катарында турат. Бүгүнкү күндө шайлоо өнөктүгүнө чейин башка мамлекеттер таасирин тийгизгенге өтүп алды. Эми президенттик шайлоодо кайсы мамлекет колдогон талапкер өтөт болду экен деп калышыбыз ыктымал
, - деп;

Профессор Рахат Ачылова:- Биз социалдык мамлекет болушубуз керек. Кээ бир саясатчылар укуктук мамлекет болушубуз керек деп атышат. Укуктук, мыйзамдык коомго эч кимдин каршылыгы жок, бирок социалдык мамлекет болмоюнча укуктук да, демократиялык да өлкө боло албайбыз, - деген ойлорун айтып чыкты.

“Кыргыз Туусу” гезити “Кыргыз айдоочуларынын кызыкчылыгын ким коргойт?” деген аталыштагы кайрылуу катты Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун дарегине жолдоду. Кайрылууда оор жүк тарткан кыргызстандык айдоочулардын арыз-муңу, алардын ак эмгеги талаага кетип жатканы, чечилбей келе жаткан маселелери камтылган. Айдоочулар Торугарт-Бишкек, Эркеч-Там-Ош жолундагы көйгөйлөрдү чечип берүүнү, Кытай менен чектешкен чек арага жакын жерге твоарлардын базасын курууга жана башка зарыл иштерди аткарууга кыргыз парламентинин жардам берүүнү өтүнгөн.

Экономист Жээналы Парманасовдун макаласы “Датка энебиздин датын ким угат?” деп аталып, кыйла кызыктуу ойлорду баяндаган.
XS
SM
MD
LG