Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

Бүгүн орус тилдүү “Дело №...“ жана кыргыз тилдүү “Чоң казат” гезиттери жарык көрүп, өлкө турмушу жана ааламдагы жаңылыктар тууралуу жазышты.

“Жогорку чөйрөдөгү аткаминерлер кызматтан кеткенде аны жапырт колдоп чыгуу адатта сейрек кездеше турган окуя. Бишкектин башкы архитектору Төлөбай Кеңешов кызматынан бошогондо да ошондой болду. Ал үчүн борбор шаардагы мен деген архитекторлордун баары, Бишкек шаар кеңешинин депутаттары тикесинен тик турду, Кеңешовго Бишкек мэриясы да жаман ой айтпады. Болгону жалгыз гана Каныбек Нарбаев башында турган Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги каршы болуп туруп алды” деп баяндаган “Дело №...” гезити Төлөбай Кеңешовдун өзү менен маектешти.

Маегинде Кеңешов мырза, ал иштеп турган учурду эскерип, кезинде нааразы болгондордун талабы менен Нарбаев кызматтан кулаарда Максим Бакиев өзү колдоп калганын, Нарбаев чынында эле Жаныш Бакиев менен Курманбек Бакиевдердин табылгыс кадрына айланып алганын, апрель революциясынан кийин республиканын архитектуралык коомчулугу аны кызматтан кетирүү талабын коюшканын, бирок Убактылуу өкмөттүн ал кездеги вице-премьери Азимбек Бекназаровдун жердештик протекциясы менен ордунда кала бергенин, ушу кезде да чуусу басылбай келаткан Орусия элчилигинин консулдук бөлүмүнүн алдындагы курулуп жаткан “Руби Иншат” түрк фирмасынын имараты менен Ботаникалык бактын аймагына биологиялык лабораторияны куруу чуусунда да Нарбаевдин канчалык катыштыгы бар экендигин, жана башка жактарын сөз кылган.

“Дело №...” гезити биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго багышталган чабуулдардын бири – анын Максим Бакиев менен сүйлөшкөнү жалган жана жасалма болуп чыккандыгына түшүндүрмө берген Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаевдин айткандарын жарыя кылды.

Дыйканбаев тергөө органдары бул ишке байланыштуу бардык нерселерди дыкаттык менен иликтеп чыгуусу керектигин, депутаттар да ушул өңдүү провокацияларга саясый баа бериши зарылдыгын, анткени бул тамаша эместигин, эми мындан ары Бакиевдердин атына жамап кыңыр иштерди жасоо ыкмасы өтпөй калганын эскертти.

Басылмада Бабанов делген адамдын Максим Бакиев менен сүйлөшкөнүн депутат Өмүрбек Абдрахмановдун жардамчысы Урмат Иманалиев таңатары менен интернет сайттарга салып чыккан. Ошондон кийин, комитеттин жыйынында Өмүрбек Абдрахманов Бабанов тууралуу интернет сайттарда кызыктай маалымат бар экендигин кабарлаган.

“Дело №....” жумалыгы Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянова өлкө аймагында расасына, этникалык жактан кайсы улутка таандыгына, динине карата жек көрүүчүлүктү үгүттөөгө каршы прокурордук көзөмөлдү күчөтүү буйругун бергендигин маалымдады.

Аталган гезит ошондой эле Кыргызстандын түрмөлөрүндө акыркы үч ай аралыгында, ар кандай кырдаалдарда “мыйзамдуу ууру” аталган Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү ажал тапканын жазып чыкты.

Алар: Султан Сасыев, Айдар Шамурзаев, Махмутжан Рузиметов жана Сабыр Батыров. Акыркы экөө маркум Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу соттолгондор болгондугу жазылган.

Бүгүн жарык көргөн “Чоң казат” гезити биринчи эле бетине “Акмат Бакиев агасы үчүн өч алганбы?” деген чакан маалымат менен жаңы санын ачты.

“Кезинде Жусуп Бакиев менен Касым Исманов райондук кеңешке депутаттыкка ат салышкан экен. Учурда Акмат Бакиевдин үстүнөн жүрүп жаткан сотто ушул иш каралып жатат. Окуя мындай болуптур.

“Көрсө Жусуп Бакиев шайлоодогу атаандашы Касым Исмановду өз талапкерлигин алып сал десе, тиги көнбөй коет, кийин шайлоо жыйынтыгында экөө тең мандатка жетпей калат. Көп өтпөй Жусуп Бакиев санаркоонун айынан көз жумат. Иниси Акмат Бакиев агасынын өлүмүнө себепкер болду деп Исмановду 8 жылга эркинен ажыраттырып, 700 миң долларлык мүлкүн конфискация кылдырып салат. Атүгүл Акмат Бакиев Исмановго агасынын өлүмү үчүн алдыда дагы далай кордуктарды көрсөтөрүн ачык эле айтат” деп жазган гезит, кыргыздын акылман кебиндеги “Орду казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың” дегениндей эми минтип келме кезек келип, Акмат Бакиев өз айласын таппай турганын белгиледи.

Ааламдык алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу демилгесин карабууралык Сыргак Асанбеков деген намыстуу жигит көтөрүп, бир жарым ай мурда скульпторлорго сынак жарыялаганын, эми анын жыйынтыгы чыгып, Бусурманкул Жолдош жана Абдрахман Азамат авторлош болуп жараткан долбоор Айтматовдун жакындарына да, көпчүлүккө да жаккандыгын, комиссиянын чечими менен улуу жазуучунун айкели Кара-Буурага орнотулмай болгонун кабарлады.

“Чоң казат” гезити жаңы санына “Парламент премьер-министрге көз карандыбы же Баш мыйзам “өгөй атасынын” кезектеги баш оорутмасы” деген макала басып, мыйзам чыгаруу иши реформаланып бүтсө, Кыргызстандагы бийлик толугу менен премьер-министрге өтөт жана ал өлкөдөгү абалга керт башы менен жооп берет деп айтканын саясат иликтөөчү Марат Казакбаев колдоорун, бул деген Кыргызстанда парламентаризмдин реалдуу орной баштаганын ырастарын, анткени узак жылдар бою өкмөт мамлекеттик маселелерди чечүү укугуна ээ боло албай, ошол эле убакта “келтек” дайыма анын башына тийип келгенине, мындан ары президенттин колунда саясый функциялар гана калышы зарылдыгына токтолуп, Жогорку Кеңеш болсо өз ишин аткара берерин, аны эч ким тарата албастыгын кошумчалады.

Аталган гезит Баткен шаарынан 45 чакырымдай алыстагы Кыштут айылынын четинде кырктан ашык кытайлыктар Көк-Дарыяны ары-бери бургулап, алтын чайкоо аракетин баштаганы бир айдан ашканын, бирок жергиликтүү тургундардын бири да булар кимдер экендигинен кабары жоктугун маалымдады.

Чарбак айыл тургуну Зыйнат аттуу келин: - Ушу кытайлыктар келип иш баштаганы биздин суудан солярканынбы, же башка нерсенинби, иши кылса бир кызыктай даам пайда болду. Айла жок ичип жатабыз,-деп айтса,

Райакимдин милдетин аткаруучу Сейитмурат Калыков:- Жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алып “Эр Мунай” деген компания келди. Кытайлар менен биргелешип иштейт экен. Азыр иликтеп атышат. Алтын бар экени аныкталса жакшы да. Зыяны да жок. Элге да пайда, районго да пайда,- деп жооп берген.

“Алтындан дагы айрылдык” деген бул макаланы “Чоң казат” гезити “Азаттыктан” алып жарыялаган.

Гезиттен ошону менен бирге эле “Максимдин шылдыңы” деген жана ”Мегаком”тууралуу макалалар басылып чыкты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG