Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Миң түркүн Кыргызстан


Бүгүн орус тилдүү “Дело № ...” жумалыгы жарык көрүп, журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөндөргө катышы барлардын соту Алматы шаарында өтүп жатканын кабарлады.

“Дело № ...” жумалыгы жаңы санын журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө катышы бар деп күнөөлөнүп жаткандардын соту Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатканына арналган макала менен ачып, сотто суралып жаткандар Казакстандын жарандары Алмаз Игиликов менен Шалкар Уразалин жана Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, кыргыз жараны Алдаяр Исманкулов экендигин кабарлады.

Журналистти өлтүрүүнүн себептеринин бири Павлюктун өтө эле кымбат баалуу кенч катылган сейфи болгон, киши өлтүргүчтөрдү ошол көрдүйнө кызыктырган имиш делген кеп-сөз айтылганы менен казак кабарчылары андай эместигин эл аралык маалымат каражаттары аркылуу туш-тушка күн мурунтадан эле маалымдап, журналист Геннадий Павлюк Бакиев режиминин курмандыгы болгонун, ошондуктан кыргыздын атайын кызматы тарабынан жок кылынганын жазып чыгышканын белгиледи.

“Күнөөлөнүп аткан үчөө тең айыпты мойнуна алышкан жок” деп жазат гезит. Маселен Алдаяр Исманкулов Павлюк өлтүрүлгөн 2009-жылдын 16-декабрында Казакстандан сырткары жерде болгонун айтууда.

Анткен менен күбөлөрдүн бири - алматылык таксист Алик Тавалиев дал ошол 16-декабрь күнү өзүнүн күн сайын ташып жүрчү жүргүнчүсү болгон Алдаяр Исманкуловдун кызматында болгон. Дагы бөлөк күбөлөрдүн бири - алматылык жубайлар журналист терезесинен ыргытылган 6-кабаттагы квартирасын бир күн мурда Игиликов жалдап алгандыгын, дагы бир таксист Нурболот Тунабаев журналист өлтүрүлгөн күнү Павлюк менен Игиликовду ошол квартирага жеткирип барганын айткан.

“Дело № ...” гезити мындан сырткары америкалыктар кыргыз өкмөтүнө электр кубатына тарифтерди көтөрүүнү сунуштаганын, америкалыктардын кеңеши боюнча ошондо бир киловатт саат электр энергиясынын баасы эки жарым сомдон болуп калаарын, Бакиевдин режими дал ушул электр энергиясын көтөрөм деп кулап түшкөнүн, анткени бийлик ар бир жарандын чөнтөгүнө колун сурабай туруп салып жибергенин кабарлап, бул боюнча Энергетика министрлигинин Байкоочулар кеңешинин мүчөсү, президенттин кеңешчиси Николай Кравцов менен аңгемелешти.

Кабарчынын: -Чын эле өкмөт электр кубатына тарифтерди кайрадан көтөргөнү жатабы?-дегенине эксперт:

- Көтөрүү жөнүндө сөз да жок. Маселе канча жылдан бери коррупцияга батып калган энергетика тармагын анын сазынан тартып чыгуу болууда. Эгер кептин баары тармактын бир-эки башкаруучусунда болсо аларды кызматтан алуу жолу менен эле маселени чечип койсо болор эле, бирок тармак башынан аягына чейин, тактап айтканда компаниянын жетекчилигинен тартып катардагы механигине чейин “бузулуп” бүткөндүгүндө жатат. Тармакты мына ушул абалдан чыгаруу үчүн саясий эрк жетет. Кеп тактикалык кадамдарда гана калды, ал кадам адегенде башкаруу персоналдарын жаңылоодон башталат,-деп айтты Николай Кравцов.

Гезиттин дагы бир макаласы “Камчы Көлбаев Обамага жашоо бербей жатат...” деп аталып, өткөн жумада фантастикалык маалымат тараганын, анткени эң эле кудуреттүү деген державанын президенти “мыйзамдуу ууру” атыккан Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү наркобарондордун тизмесине киргизгенин тастыктаган макалага окурман көңүлүн бурду.

Бул деген жакшы кабар экендигин белгилеген ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев эми Камчы Көлбаевди кармоо анчалык кыйынчылыкты туудурбастыгын, анын жолу чындап буулганын кошумчалаган.

Кыргыз милициясынын белгилөөсүндө, Көлбаев өзүнүн оң колу болгон Алманбет Анапияев менен Ооганстандан келчү наркожолдорго көзөмөлдүк кылып келген. Ошентип Камчы Көлбаевдин заматтын ортосунда дүйнөлүк ашынган наркобарондордун катарынан орун алышына эмнелер себеп болгонуна гезит өз көз карашын билдирген.

“Ош трагедиясына Батыштын күнөөсү барбы?”. Мына ушундай баш теманын алдында маек курган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева аңгемесин алыстан баштап, Америка өзүнүн руханий атасы болгон Бжесинскийдин СССРди талкалоо боюнча бир катар комплекстүү долбоорлорун кантип ишке ашырганын, ошонун бир механизми 90-жылы Ошто, андан кийин Тажикстанда ишке киргизилгенин, муну жергиликтүү эксперттер менен аналитиктер дайыма айтып келгенин, бул өңдүү карөзгөй долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк саясий технологдор кылмыш дүйнөсүнүн башчыларын да аралаштыруудан кайра тартпастыгын, буга өткөн жылдын апрель жана июнь окуяларында күбө болгонубузду кеп кылган.

Токтайым Үмөталиева андан ары Ош окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын отчетун сынга алып, өлкөнүн бардык жеринде азыр эл тынчтык менен туруктуулукту гана кааларын, эл аягы бүтпөгөн кайым айтышуулар менен карама-каршылыктардан таптакыр тажап бүткөнүн, тынч эмгек кылып, акыры адам сыяктуу жашоону эңсеп турганын, мындай жашоо болуш үчун эшиктеш жашаган эки элдин ортосунда бирин бири түшүнүү, бири бирине ишеним болушу керектигин, өзү демилгечи болгон “Тынчтыктын кербени” деп аталган жүрүштүн максаты да дал ушул тынчтыкты, ишенимди орнотуу экендигин, ал үчүн эл катып жүргөн куралдарын Ички иштер бөлүмдөрүнө өз ыктыярлары менен тапшырып берүүлөрү зарылдыгын, мындан ары Борбор Азияны тынчтыктын аймагы кылуу аракети башталганын баяндады.

“Байболов Бакиевдерге иштегенби?” “Дело №...” гезити мына ушундай маалыматтын алдында кечээ эле башкы прокурор болуп турган Кубатбек Байболовдун карамагында кызмат кылган, Бишкек шаарынын мурдагы прокурору Кубанычбек Абыловдун маегин басты.

- Бакиевдин куугун-сүргүнүнө кабылган Байболовду Бакиевдердин кланына иштеген дегенге деги эле ишене албайт экенсиң?-деген суроого Абылов:

- Бакиевдердин жана анын жакындарынын байлыгын таап чыккан бизди кайра куугунтукка алган күндөн бери 8 айдын жүзү болду, бирок мага да, менин мурдагы орун басарым Нишановго да эмдигиче эч кандай айып койо алышкан жок. Байболовдун биринчи максаты - Бакиевге жана анын бир туугандарына кылмыш иштерин ачкан прокуратура кызматкерлеринин баарын тазалап чыгуу болгон. Мен Бишкектин прокурору болуп дайындалган өткөн жылдын 9-апрелинен тартып эле Максим менен Марат Бакиевдерге, Гуревичке, Наделге, Елисеев менен Белоконго жана башкаларга карата кылмыш иштерин ачтырып, иштей баштагам. Анан сентябрда башкы прокурор болуп Байболов дайындалды. Келээри менен мага айткан сөзү “мен мындан ары сизге муктаж эмесмин” дегени болду,-
деп жооп берди.

Кубанычбек Абылов андан ары Бакиевдердин банк эсептериндеги акчаларына байланышкан окуялардын кандай болгонун кенен кеп кылып берген.

Ушул маектин аягында маалымат берген гезит өткөн жуманын 3-июнунда Бишкектин 1-Май райондук соту Кубатбек Байболовдун Башкы прокурор болуп тургандагы прокуратура органдарынын кызматынан бошотуу тууралуу буйругун мыйзамсыз деп тапканын, ага ылайык прокуратуранын бошотулган кызматкери Алтынбек Намазалиев ишине кайрадан кабыл алынып, бош жүргөн айларынын маянасы төлөнүп берилсин деген чечим чыгарганын, Байболовдун калган буйруктарын да жокко чыгаруу үчүн прокурорлор соттошмойду баштаганы калганын кабарлады.

Аталган басылма “Генерал Шер генералдык наамдан баш тартты” деген чакан макаласында Болот Шердин акыркы билдирүүлөрүнө түшүндүрмө берип, анысын ар кимдер ар кандай кабылдап атканын, бири Болот Шер чыныгы эрдик жасады, эми ал баатырлык наамга татыктуу десе, бири бул деген саясий упай топтоо үчүн жасалган курулай популизм дегенин, анткен менен Болот Шер мындай кадамы менен президент менен парламент спикерин кыйын абалга кептегенин, анткени Кыргызстандын тарыхында деги эле буга дейре өз каалоосу менен генералдык наамдан баш тарткан адам болбогонун, кол тийбестигин тапшырып баса берген бир дагы депутат болбогонун, кокус Болот Шер “Ата Мекен” партиясынан чыга турган болсо, депутаттык мандатынан да ажырарын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG