Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары өткөн жылдын июнундагы каргашаны эске салып, ар кыл өңүттөгү ой-пикирлерди, макалаларды, маектерди жарыялады. Гезиттер ошону менен бирге эле Айтматовду эскерди.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын Би-Би-Синин кабарчысына курган маеги менен бүгүнкү санын ачты. Мамлекет башчысы былтыркы июнь окуясына байланыштуу суроолорго жооп берип, ошол өтө кыйын кырдаалда Убактылуу өкмөт колдон келгендин баарын жасоого аракет кылганын, бирок чынында эле абал ойлогондон да татаал, оор болгонун белгилеп, Кыргызстанда жашаган элдин 29 пайызын башка улуттар түзөрүн, андыктан бир өлкөнүн эли ынтымакта жашаганда гана келечек кенен болорун кеп кылды.

Аталган гезит “Бөлүнбөсүн эли-журтум, бак тапсын, бузукунун тилектери таш капсын!” деген баштеманын алдында айрым атуулдардын элди ынтымакка чакырган ойлоруна орун берди. Жеке адамдардан сырткары бир катар коомдук уюмдардын тынчтыкка, биримдикке чакырык таштаган кайрылуулары жарык көрдү.

Журналист Бекбай Алыкулов “Манас жана Чыңгыз” деген макаласында бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да дүйнөдөн өткөн күнү экенин, улут рухунун туу окусу болгон Айтматовдун “кайткыс күнгө калкып кете бергени” үч жылга аяк басканын эске салып: “Ушу кезде Манас бабабыздын “курама жыйып журт кылган” даанышмандыгы, бийлик, байлык үчүн эмес, эли-журтунун бак-таалайы үчүн каруусун казык кылган өрнөгү, айкөлдүгү аба менен суудай керек болуп турат” деп корутундулайт.

“Фабула” гезитиндеги макаласын Ош окуясына арнаган журналист Баратбай Аракеев каргашаны иликтеген комиссиялардын жыйынтыктарына учкай токтолуп, кыргыздын айкөлдүгүн, кечиримдүүлүгүн, меймандостугун кеп кылып, кээде ашкере жайыл дастокондугубуз өз башыбызга да тийип жатканын эстетип, болбосо кыргыз эли ийиндеш жашаган башка улуттардын эч кимисине акаарат кылбай жашаган кудай берген эл экенин белгилөө менен: “Конституциябыз өзгөрүп, үч адам башкарып жатат. Мына ошол үчөө накта патриот болмоюн, дайыны жок эле коркуп, көшөкөрлөнө бермейди, обу жок эле интернационалист боло бермейди таштамайын кыргыз эли толук кандуу эл катары жолун улай албайт. Муну азыркы башчылар да, эртеңки келчүлөр да ойлонушу керек” деп жазды.

“Фабула” гезитине “Кыргызалтындын” жетекчиси Осмон Артыкбаевдин “Кыргызалтын” да чоң мафия менен күрөшүп жатат” деген, саясатчы Темир Сариевдин “Максим Бакиевге, Пакка, Наделге адвокат болбогулачы дедим” деген, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Таттыбүбү экөөбүздү жабыштырып, кызы Аселди менин кызым кылып...” деген маектерин, Токтогалый Жапаровдун “Соттор догурунгандарды колдош керекпи?” деген кайрылуусун окуйсуздар. Кайрылуу президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашаеванын даректерине жолдонгон.

“Алиби” гезити Бакай Чилтегиндин “Катардагылар ыраазы, наамдуулар нааразы” деген макаласын тартуулады. Анда жыл башында маданият кызматкерлеринин айлыгы 2,5 эседен ашык көбөйтүлөт деп айтылганы менен иш жүзүндө эки эсеге эле көбөйгөнү, ошол эле учурда эл артисти, эмгек сиңирген артист дегендердин 100 проценттик төлөмү жоюлуп, ордуна миң сомдук гана кошумча киргизилгени, ошондо ардак наамы барлардын айлыгы көбөйбөй эле тескерисинче 1200-1400 сомго азайып кеткени, мына ушуга байланыштуу маданият кызматкерлери кечээ Жогорку Кеңешке кат жолдогону, оң жооп болбосо, өлкө мугалимдери сыяктуу маданият кызматкерлери да митинг баштай турганы жөнүндө сөз кылган.

Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев макаласын “Кыргызстанда 60 миң чиновник бар” деген ат менен баштап, аларды кармап туруш үчүн эле жыл сайын бюджеттин үчтөн биринен да көбү жумшаларын, апрель айында эле башкаруу органдарына 5 миллиард сомго жакын каражат сарпталганын, Дүйнөлүк банктын иликтөөлөрү боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 212 өлкөнүн ичиндеги мамлекетти башкаруу боюнча натыйжасы эң төмөн деген өлкөлөрдүн эсебинен чыкпай келаткандыгын жазган.

“Алиби” Айтматовду эскерген ырлар менен макалаларга да орун берди.

“Кыргыз руху” гезитине Социалисттик Эмгектин баатыры, белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровдун “Администрациялык реформалар кандай болуусу керек” деген макаласы басылды. Макалада кенедей бир өлкөгө 7 облус, 40тан ашуун район ашыкча жүк экендигин, Кыргызстанга караганда аймагы 3-4 эсеге чоң Монголияда болгону 17 аймак барын мисалга алып, административдик бөлүнүштөрдүн 3 вариантын таблицасы менен сунуш кылган.

Айзада Авазованын макаласында өткөнүн сыйлап, келечегине кам көргөн элдин ар дайым дөөлөтү ташып турарын карт тарых далай ирет тастыктаганын, жаштарын өстүрбөй, жалаң ичип-жеген карышкырларга өлкөнү майкандаткандан мамлекеттин супурасы курук каларын, Бакиев бийлиги мамлекетти сатып, тоноп, жок кыларга аз калганда 7-апрелдеги көтөрүлүшкө чыгып, миңдеген жаштар окко төшүн тосуп, кандуу бийликти кулатса, 10-июнда улутчул-сеператисттердин жаңы бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, Кыргыз мамлекетин бөлүп-жарууга кылган аракетин таш каптырган да дал ушул жаштар болгонун, деги эле карыларыбыз “дүжүр чалдар” эмес, кутман карылар, жаштарыбыз зөөкүр балдар эмес, партиот жаштар, аялзаттарыбыз ажаан көчө аялдары эмес, үйдүн куту, бак-таалайдын очогу болуш үчүн мамлекет да саясатын ушул багытта жүргүзүүсү зарылдыгын жазды.

Журналист Азизбек Келдибековдун “Баш бармагынын” бул жолку меймандары Дастан Сарыгулов, Акылбек Жапаров, Данияр Үсөнов, Марат Султанов жана Табылды Акеров.

“Жаңы агым” гезити Атамбаев өкмөтү “артык кылам деп тыртык кылып” алганын, анткени өлкөнүн маданият кызматкерлерин маянасы көбөймөк тургай 1200 сомдон 1800 сомго чейин азайып кеткенин, катардагы кызамткерлерине болгону 620-750 сом кошулганын, ошону менен бирге эле Нарындын мектептеринде маянасын алган 500 мугалим нааразылыкка чыкканын кабарлап, буга байланыштуу “Атамбаевдин өкмөтү айтканын аткардыбы?” деген теманын алдында айрым мугалимдердин ойлорун жарыялады.

“Бета Сторес-3” соода борборунда сатуучу болуп иштеп жүрүп, Гүнеш Йылмаз деген технолог түрк жигитинен токмок жеген кыргыз кызы Чолпонго байланыштуу макала “Кыргызстанда кыргыздар гана ушундай кордолот” деген ат менен жарык көрдү.

Макалада “Жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин өкүлү Мавлян Аскарбеков Бишкек шаардык сотунда иштеген соттору Л. Нарынбаева, Ж. Калыбекова, М. Бейшенова "түрк зөөкүрүн мыйзамсыз бошотуп жибергендиги үчүн жооп беришин талап кылып чыкканы" жазылган. Ошону менен бирге эле аталган макалада президент Роза Отунбаева жакында гезиттин башкы редакторлору менен жолугушуусунда абийиринде, кесибинде да ашмалтайы чыгып бүткөн соттордун бетпардасын фактылар менен коомчулукка ачып берүүнү суранганын, ошондуктан президенттин өтүнүчүн аткаруу менен Чолпонго байланыштуу бул ишти акыр аягына чейин чыгарып, сатылма соттордун айыбын калайыкка ашкерелөөдө окурмандар менен бирдикте көзөмөлдүккө алаары айтылган.

“Жаңы агым” булардан тышкары журналист Аскер Сакыбаеванын “Тынчтык болсо, “шапке” алмай токтосо, курулуш да арзан, бат жүрөт” деген аталыш менен эмгек сиңирген куруучу Замир Бекбоев менен курган маегин окурмандарга тартуулады. Анда Бишкектеги турак-жай курулушу тууралуу баяндалат.
XS
SM
MD
LG