Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Гезиттер: Сенин Кыргызстаның кандай?


Бүгүн орус тилдүү “Дело №...” гезити менен кыргыз тилдүү “Чоң казат” гезити жарыкка чыкты.

“Ош-2001”, “Энелердин көз жашы”... Бүгүн жарык көргөн “Дело № ...” гезити бир жыл мурдагы каргашалуу окуяларды эскерген макала басты.

“Бир тууган эки элдин бири-бири менен ушундай кан төгүшкөн абалга чейин барган күндөрүн кайсыл акылынан адашкандар баштаганын эстеп, өкүнгөн мезгил да келет.

Бүгүн өткөндөн өч алгысы келип, токтоно албай тургандар да акырындап, ушундай жаман ойлордун баарынан баш тартып, тынч жашоону эңсеген кез да келет.

Бийлик дегенде өлүп-талгандар акыры карапайым калктын азап-тозогунан саясый чайкоочулук кылганын токтотчу күн да келет.

Анткени баарыбыздын эмне кылганыбызды Кудай көрүп турат, акыры бир күнү баарыбыз дал ошол Кудайдын алдына барып, жооп бере турган күн да келет.

Бир жыл деген анча көп эмес. Жаранын дарты али айыга элек, көздүн жашы али кургай элек. Ооба, үйлөр курулуп атат, мамлекет тарабынан ар кандай жардамдар берилип атат. Бир жылдын ичинде жарык дүйнөгө жаңы наристелер келди. Анткен менен жүрөктөгү так өчө элек” деп баяндаган “Дело №...” жумалыгы өткөндөгү Ош шаарында ачылган монументалдык айкелдин ачылышын, аза күтүү зыйнатынын жүрүшүн кенен кеп кылды.

Гезит бул санына Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматынын жетекчиси Айтмамат Рахмановдун маегин басты.

Аталган жумалыктын дагы бир макаласынын аты “Бандитти тордон эмне үчүн койо беришти эле?” деп аталды.

Өткөн жумада ушуга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда кылмыш дүйнөсүнүн мыкчыгери, мындан 12 жыл мурда же ... 1999-жылы Нарын облсоту тарабынан атууга кесилип, кийин "оорукчан болуп калды" деген шылтоо менен президент Курманбек Бакиев тарабынан мунапыс берилип, андан көп өтпөй Максим Бакиев тарабынан биротоло боштондукка чыгарылып жиберилген Лимонти - Алмазбек Сулаймановдун бошотулушуна тикелей күнөөсү бар деп Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин 7 кызматкеринин соту башталганын баяндады.

“Биринчи өкүм” деген рубриканын алдындагы макала “Максим Бакиевдин оң колу болгон Елисеевди Кыргызстанда күчөтүлгөн режимдеги зона күтүп жатат” деп аталып, 34 жаштагы Алексей Елисеевди Жалал-Абад шаардык соту Базар-Коргон районундагы “Ак Тилек” деп аталган ишкананын мүлкүн рейдерлик менен басып алган деген айып менен 6 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарганын кабарлады.

Ошол эле убакта Латвияда жашап жаткан Елисеев буга дароо үн катып: “Ак Тилек” деген ишкана бар экенин биринчи жолу угуп атканын, ага коюлган күнөө ойдон чыгарылгандыгын, "эгер тергөө органдарынын фантазиясы ушундай темп менен улана берсе мени жакында Марстан тарелка уурдаган деп күнөөлөшү да толук мүмкүн" деп танып чыга берди.

Дагы бир маекти Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча Фонддун төрагасы Даир Кенекеев берип, Бакиевдер менен алардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык болгон 47 объектинин 30у улутташтырылганын айтып берди. Маектин аягында улутташтырылган объекттердин аукционго коюлган тизмеси жана толук дареги жарыяланды.

“Дело №...” гезити ошондой эле Максим Бакиев менен табакташ болгон “акча саагычтардын” бири, мурдагы "АзияУниверсалБанктын" бөлүм башчысы, 45 жаштагы Сергей Костюк Москванын кылмыш изилдөө кызматынын күчү менен колго түшүрүлгөнүн, анын мындан аркы тагдырын Орусиянын Генералдык прокуратурасы чечерин, баса дагы бир жаңылык келгенин, Кыргызстандык кылмыш изилдөө тобунун Екатеринбург шаарына жасаган командировкасы ийгиликтүү аяктап, эл аралык издөөдө жүргөн 8 кылмышкер колго түшүрүлгөнүн, булардын ичинде өткөн жылкы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяга катышы бар адамдар да бар экенин маалымдады.

Бүгүн жарыкка чыккан “Чоң казат” гезити Кыргызстанда тигилген кийим-кеченин дээрлик 90 пайызы Орусия менен Казакстанга жөнөтүлөрүн, эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе чет өлкөлөрдөн ташылып келген кездемелердин баасы кымбаттап кетиши мүмкүндүгүн, учурда кездеменин 70 проценти Кытайдан, 20 проценти Түркиядан, 10 проценти Кореядан ташыларын “Жеңил өнөр жай” кошуунунун жетекчиси Сапарбек Асанов билдиргенин кабарлады.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун мугалимдери көбөйтүлгөн айлыктарына нааразылык билдиргенин “Баракелде” маалымат булагы кабарлаганын, анда мугалимдер маянасына кошулган акчалардын туура эмес эсептелгенине наарыз болушканын, айтсак, 30 жылга жакын эмгек стажы бар мугалимдерге болгону алты жарым миң сомдон ашпаган акча тийсе, жаш мугалимдерге болгону 900 сом кошулганын, эгер бул нааразылыктардан министрлик тиешелүү жыйынтык чыгарбаса, мугалимдер бүтүрүүчүлөрдүн экзамендери токтотуларын айтып жатышканын маалымдады.

Түптүк мугалим Сатар Эсенкожоевдин айтымында: “Бул жөн гана жаш баланы алдаганга барабар иш болуп калды. Маселен 30 жылдык стажы бар Дамира Куленбекованын колуна болгону алты жарым миң сом тийген, Дамира айымдын пикиринде, айлык маянасы тогуз жарым, он миң сомго чамалап барышы керек эле” деп кабарлайт маалымат булагы.

“Өлкөбүз бүгүн кандай абалда? Өлөсөлүү. Биз аны эки жолку мамлекеттик төңкөрүш жолу менен жардын кырына такап алдык. Ансыз да мурунку эки президенттин үй-бүлөсү канталамайга алган Кыргызстанды бүгүн кооперативдик кызыкчылык менен башкаргандар жар кырынан ары түртүп ийүүдөн кайра тартпачудай болуп турат” деген сүйлөмдөр менен баштаган “Менин Кыргызстаным” деген макаласында журналист Жыргалбек Касаболотов күйүп-жанган ойлорун ортого салды.

Автор минтет:

- Силердин Кыргызстан – элин аткандардын, жерин саткандардын, баш көтөргөндөрдү жыга чапкандардын өлкөсү.

- Менин Кыргызстаным – эли менен жери үчүн өлүп бере тургандардын, тыңдарына шарт түзүп, чабалдарына камкордук көрө тургандардын мекени.

- Силердин Кыргызстан - эбин тапкандардын, саясый сойкулардын, базарчы-бандиттердин өлкөсү.

- Менин Кыргызстаным - эмгекчилердин, илим менен өнөргө кызыккан жаштардын, намыстуу жигиттердин, кыялкеч кыздардын, нарктуу карылардын, ойноок балдардын Ата журту.

Журналист Чолпон Субакожоева “Сапар кайрык” аттуу макаласында Кытайдагы кыргыз туугандарга баргандагы көргөн-уккандарын тизмектеген. Улуу манасчы Жусуп Мамай менен жолукканын баяндаган. Кытайлык кыргыз туугандарыбыз төкмө акындарды жакшы билишерин, Аалы Туткучев, Жеңишбек менен Азамат Болгонбаевдер келип концерт берип кетишсе деген тилектери бар экенин баяндап берген.
XS
SM
MD
LG