Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Кыргыз гезиттери президенттик шайлоо жакындаган сайын “башын” эмес, “багын” сынап көгүсү келген кыргыздар арбып баратканын жаза баштады.

“Айат” гезити айрым жарандарга кайрылып “Өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?” деген суроо салды.

Коомдук ишмер Дүйшөн Маматов: - Менин оюмча, Алмаз Атамбаев өзү жалгыз иштеп жаткандай, Өмүрбек Бабанов бизнес тарапка кылчактабай. Атамбаевге жөлөк-таяк болсо жакшы болмок. Бакиевдин адамдары өкмөттө, Жогорку Кеңеште, керек болсо бардык жерде олтурат. Акаев менен Бакиевдин бийликтерин шайлоолордо бекемдеп келген мугалимдер менен медиктердин айлыктарын көтөрүп берди. Кыскасы, өкмөттүн ишине эл ыраазы эмес. Жаңы шайлоону күтүп, өзгөрүү болушун эңсеп жаткандай, - деп,

Коомдук ишмер Мирослав Ниязов: - Биз курган бийлик парламентаризм. Чийки системага быша элекпиз. Парлменттеги 5 партия бири-бири менен тирешип, бир чечимге келе алшыпай турган убагы. Ошол себептен жасаган иштери да чийки болууда. Менин оюмча, саясый фантазияларды токтотуп, 93-жылкы Конституцияга кайтып келүү керек. Система өзгөрсө жашоо оңолот деген жөн гана жеңил ойлуулук, бейпил жашоону ар бир адам өзү орнотот, - деп,

Публицист Бекташ Кылычбеков: - Бирөөнүн ишин каралап, аны сындаган текейден арзан иш. Азыркы өкмөт кырдаал курчуп турган маалда, өлкө оор абалга туш болуп турган кезде бийликке келди. Кечээ жакында эле президент Роза Отунбаева Ошто “Энелердин көз жашы” эстелигин ачканда, артынан бирөөлөр чуу көтөрүштү. Муну атайылап эле бирөө уюштурганы сокур кишиге да көрүнүп турду. Өз өлкөбүздө, өз жетекчибизге өз кыргыздарыбыз ушундай бут тосууларды, карөзгөйлүктөрдү жасап атса өкмөт кантип толук кандуу иштейт? Бирок өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев акыркы 20 жылда жасбагандарды жасап, айлыктарды көбөйтүп, пенсия-пособиелерди өз маалында бердиртип, колунан келгенди кылып жатат. Биз эмнегедир жакшылыкты бат унутуп, жамандык издегенди адат кылып баратабыз. Өкмөт Таш-Көмүрдөгү кремний заводун иштетсе жакшы болмок, АКШ ушул завод үчүн 4 млрд. доллар беребиз деп жатат,-деп жооп берди.

“Параграф” гезити “Оогандашуу” деген рубриканын алдында жарыялаган Назаркул Жоошбаевдин Борбор Азияны бир караан аралап жүрөт” деген макаласында дүйнөлүк маалымат каражаттары Борбор Азия мамлекеттерине ооган синдрому оошу тууралуу жазганга өтүп, мындай коогалаңдын артында АКШ турарын ачык эле айта башташканын, океандын ары жагындагы кубаттуу держава бул аракети менен Борбор Азиядагы кылымдап келаткан Россиянын таасирин азайтып салууга жасаган максаты экендигин баяндады.

“Эл аралык эксперттердин маалыматына караганда, кокус Өзбекстанда саясый, социалдык жарылуулар чыгып кетчү болсо мындан эң биринчи Казакстан жабыр тартары белгиленүүдө. Казак президентинин бийлигинин каардуулугу Каримовдукунан кем калбайт. Бирок Кыргызстандагыдай криминалдык топтор, диний экстремисттер бул жерлерде да жетиштүү.

АКШнын Борбор Азияга болгон таасирин жоготуу максатында Россия жакынкы убактардан бери "Манастагы" аскер базасын чыгаруу аракетин жергиликтүү саясый күчтөрдүн колу менен баштаганы байкалат. “Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов баштаган айрым саясатчылар “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун өлкөдөн чыгаруу маселесин референдумга алып чыгууну сунуштады. Жекшенкулов: “Референдумду президенттик шайлоо менен кошо өткөрүп, учурдан пайдаланып калса болот. 20 жылдан бери көп багыттуу тышкы саясат ишке жарабай, эми ким менен болуу керектигин так аныктап алчу мезгил келди” деп айтты” деп жазып чыкты.

Белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай менен маек курган журналист Таалай Нуркемел Улуу Айтматов тууралуу аңгемелешип, жазуучунун бизге белгилүү жана белгисиз жактарын сүрөтчүнүн сөзү менен кайрадан бир аңтарып чыгууга аракет кылган.

Кыргыз эстрада жылдыздарынын бири Гүлнар Тойгонбаеванын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, самбо боюнча дүйнө чемпиону Абакир Рысовдун маеги да ушул “Параграф” гезитинин жаңы санында.

“Учур” гезити “Ташиев менен Мадумаровго окшоп кооз сүйлөгөндү билбеген Марат Султанов “Мекен биримдиги” деген коом түзүп, түндүк элитасынын тилин табууга кайырмак сала баштады” деп,

“Күздөгү президенттик жарышка 20дан ашуун талапкер түшө турган болду окшойт” деп,

“Ата-Журттун” лидери Ахматбек Келдибеков менен “Республиканын” лидери “Ар-Намыс” фракциясынын коалицияга киришине караманча каршы болуп, чочулап жатышканы белгилүү болду. Демек күзгө чейин “Ар-Намыс” оппозицияда кала берсе, ал ортодо президенттик күрөштүн күүсү менен “атажуртчулар” Атамбаевдин шайын оодарууну күчөтүшсө, сентябрдын башы менен парламенттеги бийлик коалициясы оңкосунан сайылышы турган иш”, - деп,

“Келдибеков, Ташиев, Жолдошева сыяктуу “Ата-Журт” партиясынын анабашылары күздөгү күрөш жакындаган сайын эки чоң мекемеге көз артып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев менен КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаевди ээрден шыпырып түшүүнү көздөп жатышат” деп,

“Мегаком” талашка түшүп, бир топ саясатчылар аны мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып атса, спикер Келдибеков өз “жасоолун” жиберип, 500 миллиондук “Мегакомду” Максим Бакиевге иштеген “SERPEUS” компаниясына өткөрүп берүү чечимин мажбурлап чыгарткан. Мындай былык иштин бетин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ачты. Мамлекетке каршы кас саясат жүргүзгөн А. Келдибековдун мындай жоругун эми кандай түшүнөбүз? Баягы “бөрү баласы ит болбойт” деп айткан сөз чынбы?” деп кабар таратты.

“Учурдун” ушул санына “Келдибеков менен эс алууга барбай калгам” деген ат менен депутат Камчыбек Ташиевдин, “Азыркы Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып барат” деген ат менен Адахан Мадумаровдун маектери, Кыргызстандын Дипломатиялык Академиясынын эмгек жамаатынын мурдагы кызматкерлеринин ректору Жумагул Сааданбековго наарзылыктары, жазган арыз-каттары басылып чыкты.

“Де-факто” гезити “Феликс Кулов 1-вице-премьерликке Темир Сариевди сунуш кылса, Атамбаевден “жок” деген жооп алганын ишенимдүү булактар кабарлады” деп,

“Мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Көлбаевдин апасы Мая Көлбаева уулун АКШ бийлиги ири наркобарондордун катарына кошушуна нааразы болууда” деп,

“Прогресс фонду” деп аталган коомдук уюм “Ата-Журт” партиясынын бир топ мүчөлөрүн парламенттен кууп чыгууну талап кылууда. Уюмдун мүчөлөрү ушул боюнча КСДП партиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду, азырынча өкмөт башчыдан жооп келе элек” деп кабар таратты.

Президент болом деген кыргыз аткаминерлерине канча доллар керек? Буга жооп издеген “Де-факто” гезити Дилбар Алимованын “Өзүн президент элестеткендерге 10 миллион доллар керек” деген макаласын тартуулады.

Автор аталган макаласында “баягы эле Үсөн Сыдыков Адахандын кулагына “бириксеңерчи, ыдырасаңар түндүккө уттуруп коёсуңар” деп шыбырап жатса, Марат Султанов Нариман Түлеев менен тандем түзүп, эми Темир Сариевди боорго тартууда” деп,

“Бабановдун “Республикасы” президенттик жарышта Алмаз Атамбаевди колдоп чыкканы калды. Эгер Атамбаев утуп калса, Бабанов премьер-министр болот” деп,

“Тилинен чаң чыккан Адахан жалгыз күрөшөт өңдөнүп калды” деп,

“Мурунураак Карганбек Самаков каяша сын айтып, андан кийин Болот Шер баса берип, ушу тапта Өмүрбек Текебаев саясаттан жаңы коридор издеп жаткандай. Шайлоого чыгар-чыкпасын айчык айта элек. Алыскы Америкадан сабак алып келишкен партиялаштары Кубатбек Байболов менен Равшан Жээнбеков президенттикке чыгарын билдирди. Чыккан менен буларды түштүк колдобойт. Сыягы “Ата Мекен” партиясына көз тийди окшойт” деп,

“Ар-Намыс” партиясы Акылбек Жапаровду алып чыкмай болду. Экономиканы чемичкедей чагат. Чечен. Бою да Лениндикиндей кичине. Көкжалдыгы бар” деп,

“Жарышка Акаевдер да “аттарын” даярдап жатат. Баягы Жаныш Рустанбеков, Мисир Ашыркулов, аспирант Кубанычбек Жумалиевдер уйкуларынан ойгонуп, шайлоого катышкысы келүүдө” деп жазып чыкты.

“Кыргызнефтигаз” тууралуу макалалар топтому да ушул санда.

Гезит ошондой эле “Оштун эли кимдин президент болушун каалайт?” деген суроого жооп алды. Жооп бергендердин көбү Ташиев менен Мадумаровдун, аз бөлүгү Мырзакматов менен Атамбаевдин аттарын атаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG