Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Гезиттер: Артыктын аягы - тыртык


Гезиттер Ташиевдин айланасындагы ызы-чууга талдоо салган ар кыл өңүттөгү ойлорго орун берди. Өлкө саясаты, экономикасы, социалдык турмушу тууралуу да кенен кеп болду.

“Ошто Ташиевди коргойбуз дегендер “Отунбаева кетсин!”, “Атамбаев кетсин!” деп, түздөн-түз элди экиге бөлүү саясатын жүргүзүп киришти. Жанагы митингге чыккандарга мыйзам да жок, бийлик да жок, аялзатына тиешелүү асылзаттык да жок өңдүү көрүнөт. Болуптур, Ташиев зөөкүрлүк кылып коюптур, буга президент Отунбаеванын кандай тиешеси бар? Атамбаевдин күнөөсү кайсы?

Президент Роза Отунбаева Акаев менен Бакиевге окшоп жыргап жаткандай көрүшөт. Эстегилечи, Отунбаева оппозиция башына барган кезде Бакиевдин көзүн май басып, башкасы да басып, балдарынын, бир туугандарынын, куйруктарынын Кудайды тааныбай кутуруп турган чагы эмес беле!

Бизде салттуу көрүнүшкө айланып баратат: кайсы бир коррупционерге кылмыш иши козголсо же кызматынан алынса болду, эртеси митингчилер даяр, ызы-чуу даяр, акча таратып, көчөгө тизип коймой даяр. Анан баягы шумпай: “мен аларды митингге чык деген эмесмин. Өздөрү эле чыгып жатат” деп каратып туруп Кудайдын алдында кара жанын жеп чыгат” деп жазды жаңы жарык көргөн “Фабула” гезитиндеги “Президент... Ташиев жана нават жеген чалдар” деген макаласында журналист Баратбай Аракеев.

Ушул эле гезиттеги “Кыргыз соттору кыргызга кыянаттык кылабы?” деген макалада соттор “Мегакомдун” бардык мүлкүн “БиМоКом” компаниясына өткөрүп берүү чечимин чыгарганын, “БиМоКом” компаниясы болсо Максим Бакиевдин чөйрөсүнө таандык экендигин сөз кылып: “биз жаңы коом курабыз десек, сот системасын тез аранын ичинде реформалап, сот менен коопсуздук кызматындагы коррупционерлерден, мафиялык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн тазаланмайын өлкөбүз өнүкпөйт” деп жазды.

“Кыргыз руху” гезити учурда Башкы прокуратурада Камчыбек Ташиевдин депутат Бахадыр Сулеймановду сабап койгону үчүн кылым кылмышын жасагандай катуу талкууланып жатышы элдин бүйүрүн кызытып атканын белгилеп, Бахадыр Сулеймановдун ким экенин окурмандарга шардана кылды. Автор Бахадыр Сулейманов кезинде “Акаевдин кошелогу” аталган Ташкул Керексизов менен биригип, кандай акча санаганына, миллиондорду сугунган ушундай адамдардын айынан өлкө өөдөлөнүп, ордунан туралбай келатканына, 110 миллион сомду Акаевдин доорунда алган Бахадыр Сулейманов Бакиевдин доорунда анын уулу Марат Бакиевдин колтугунан орун алганына, бүгүн бул адам Атамбаевдин күнүнүн алдындагы гүлгө айланганына токтолуп: “Убактылуу бийликтин адамдарына бул нерсе сабак болушу керек. Бахадыр Сулеймановду жөн гана бир кезде мамлекет казынасына кол салган зыянкеч катары карабастан дунган элинин өкүлү, алардын коргоочусу, лидери, колдоочусу катары карап жатышы, эми түндүктө дагы бир Кадыржан Батыровду пайда кылып жаткан жокпу деген ойго түртөт. Өзбек элинин коргоочусу эмес, өзбек элинин душманына айланган Кадыржан Батыровго окшоп, Бахадыр Сулейманов дагы бул жоругу менен тынч жаткан, эмгекчил дунган элинин биринчи душманы болуп чыгышы мүмкүн. Андыктан бийлик билермандарын от менен ойнобогула дээр элек. Кыргыз эли экинчи Кадыржан Батыровду көтөрө албайт. Эл араздашпай ынтымакта жашашы керек” деп жазды макаланын автору Адилет Өмүркулов.

“Алиби” гезити “ Президенттик шайлоонун тагдырын наркобарондор чечеби?” деген макала басты. Борбор Азия аркылуу Ооганстандан ташылган баңгизаттарынын 25 проценти Кыргызстандан өтөрүн, бул деген бери дегенде эле 20 тонна баңгизат же 10 тонналык эки КАМАЗдын жүгү болорун кеп кылган автор баңгизат мафиясынын башында тургандар Акаев режиминен бери эле бийликти мурдунан чүлүктөп келгенин, атын айткысы келбеген атайын кызмат адамы президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрү Кыргызстандын баңгизат королдору аркылуу финансыланып, алтургай баңгизаттын башында тургандар каалаган министрликке каалаган адамдарын коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин айтып бергенин элдин эсине салып: “Жаман айтпай жакшы жок” дейт элибиз. Айтор сак болбосок, бүгүн Жогорку Кеңеште кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү отургандай эле, эртең баңгизат королдорунун бири же анын көздөй адамы президент болуп калса, анда эле шорубуз, анда эле Кыргызстан бычактын мизинде калганы” деп коңгуроо какты.

“Алиби” гезитине маек курган вице-премьер министр Ибрагим Жунусов жакында маданият министрлигинин аты өзгөрөрүн, учурда маданият кызматкерлеринин айлыгынын айланасындагы мүчүлүштүктөр оңдолуп жатканын, президент айткан башталгыч класстарды мамлекеттик тилде окутуу боюнча мамлекеттик стандарттар иштелип, жакын арада жүзөгө ашырыларын, бүгүн президенттин администрациясы, өкмөттүн аппараты, Жогорку Кеңеште бардык иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп калганын маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити адаттагыдай эле окурмандардын каттары менен бүгүнкү санын ачты. Маселен персоналдык пенсионер Кадыров “Башкаргандар көп, майнап аз” деген катында жыл сайын эле президент менен өкмөт тарабынан өлкө боюнча кызматтык штаттар 30-40 процент кыскартылат деп сөз болгон менен, иш жүзүндө кыскармак турсун кайра көбөйүп отуруп, азыр министрликтердин саны 20га жеткенин, облус губернаторлорунда 40тан, аким-мэрлерде 30дан ашуун кызматкерлери, 3төн орун басаралары, 3-4төн унаалары барын, баарынын айлыктары чоң болгон менен иштеген иштеринин натыйжасы төмөндүгүн, азык-түлүк кымбаттап, элдин турмушу начарлаганы менен өмүрү иши болбогон республиканын стат комитеттери баягы эле көнгөн адаттары боюнча эсеп-кысапты асмандан алып жазып, “отчет” берип келетканын жаны кейип кеп кылды.

Журналист Жыпар Исабаева президент Роза Отунбаеванын “Этностордун мамлекеттик тилди билүүсү - өлкөнүн турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет” деген сөзүн шилтеме кылган макаласын тартуулады.

Гезитте “Ош ТВ” телекомпаниясынын деректири Сюита Соурбаеванын, белгилүү журналист, тарыхчы, таланттуу жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин кзыктуу маектери жарыяланды.

“Кыргыз туусунда” булардан тышкары кыргыздын дагы бир таланттуу акыны Төлөгөн Мамеевдин “Кыргызсыңбы? Кыргыз үчүн күрөшкүн, Ата Журтка жалынын бер жүрөктүн!” деген ыр топтому жарык көрдү.

Ошондой эле “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санынан Аскарбек Насирдиновдун “Сырттан бычылган чечим же судья А. Сатарованын мамлекеттик тилди чанганы” деген макаласын, карыя журналист Исабек Токтогуловдун “Дани Сары” жугундукор эмеспи, ыя!” деген ачык катын, жакында 20 жылдыгы белгиленгени жаткан “Эркин тоо” гезити жана анын айрым көзгө басар журналисттери жөнүндө жазылган жылуу ой-пикирлерин да окуй аласыздар.
XS
SM
MD
LG