Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Гезиттер: эл душманы ким?


Бүгүнкү баяндамабыз бүгүн жарык көргөн “Дело №...” жумалыгы жана “Чоң казат” гезиттеринен болмокчу.

“Карап тургула, мен тынч уктайм, ал эми далай кишилер уйкусунан ажырайт...” Улуттук коопсуздук комитетинин абагына кирип бараткан жеринен Раушан Рыкуновага айланган Роза Качиева ушинтип айткан эле” деген баштема менен бүгүнкү санын ачкан “Дело №...” гезити өткөн жылдын апрелинен октябрына чейин “Альфа-Телекомдун” генералдык деректири Андрей Силичтин кеңешчиси болуп эмгектенген Роза Качиеванын ким экенин, ким болгонун, буга дейре кимдерди сызга отургузганын, Качиева камалды дегенди уккан чоңдордун башына булут айланып, карантүн түшөрү тууралуу макаланы окурмандарга тартуулады.

Ушунун эле катарына: “Мүмкүн, эми мага каршы да көрсөтмөлөрдү алышы ыктымал” деп айткан президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаровдун маеги басылды.

Кабарчы менен анын алым-сабагына көңүл буралы.

-Раушан-Качиева менен сиздин кандай байланышыңыз бар?

- Өткөн жылдан баштап ал биздин партиянын саясый кеңешинин мүчөсү болгондон башка эч кандай байланышыбыз жок.

- Аны “Мегакомго” сизди алып келген деген чынбы?

- Ал мурда эле ошол компанияда келишим менен иштеп жүрүптүр.

- Роза Качиева деген 2000-жылы эле алдамчылыгы менен камалып чыкканын билчү эмес белеңиз?

- Жок, билген эмесмин.

- Билгенден кийин эмне болду?

- Эмне болмок эле? Кеч болду да. Анын үстүнө ал убакта менен партиянын иши менен алектенбей калгам.

- Роза Качиеванын камакка алынышы сизге каршы багытталышы мүмкүн деп ойлойсузбу?

- Мүмкүн. Анткени ал биздин партиянын мүчөсү.

- Балким анын сизге каршы көрсөтмө беришинен коркпойсузбу?

-Корко турган эч нерсем жок,-деп жооп берди Азимбек Бекназаров.

Ошол эле учурда, “Мегакомдун” бүтпөгөн чуусуна байланыштуу “Акыйкат” партиясынын башчысы Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид Коптлеуов менен Бактияр Кулмурзаев деген жарандын Бишкектин 1-Май райондук сотунда соту болуп атканын, сотко Жекшенкулов да күн сайын барып жатканын жазды.

“Дело №....” жумалыгынын жаңы санына ошондой эле президенттикке бара тургандыгы жөнүндө билдирген Өмүрбек Субаналиевдин маеги жарыяланды.

Субаналиев парламентке келген 5 партия интриганын сазына батканын, алардын эси-дарты өлкө жөнүндө эмес, ар кимиси өз партиясынын таасири жөнүндө ойлоп, коомчулуктун башын айлантып жатканын, коррупция мурдагыдан да өрчүп, өлкө бардактан арылбай, бардык жерде бийликсиздик күчөгөнүн, парламенттик система Кыргызстанда өзүн өзү актабагандыгын, кечээги эле бири бири менен элдешкис душмандардан болушкан КСДПнын, “Республиканын” жана “Ата Журттун” лидерлери бүгүн кечкисин чогуу-чаран басып калганын, Убактылуу өкмөт издөө салган мурдагы бийликтин далай өкүлдөрү бүгүн мамлекеттин тагдырын чечер парламентте кабагым-кашым дебей “жыргап”отурганын кеп кылды.

Субаналиев ошону менен бирге эле көз карандысыз талапкер катары президенттик жарышка түшөрүн, акчасы жоктугун, анткени эч качан өлкөнү уурдап-тоноого катышпаганын, бирок калк алдында анын эң башкы байлыгы болгон – кадыр-баркы бар экенин кеп кылды.

“Чоң казат” гезити “Нарымбаевдер эл душманыбы?” деген макала басып, анда Кыргызстандын Жогорку Соту кыргыздын кызын сабап салгандыгы үчүн кармалган түрк жаранын үй камагына бошотуп жиберген Бишкек шаардык сотунун Л.Нарымбаева, Ж. Калыбекова жана М. Бейшенова деген судьяларына каршы кызматтык текшерүү жүргүзмөй болгонун кабарлады.

Гезит Кыргызстандын бардык Баш мыйзамдарынын “өкүл атасы” болуп келген Данияр Нарымбаевдин жубайы, “жеңил колу” менен зордукчул түрк жаранын азаттыкка чыгарып жиберген Людмила Петровна Нарымбаева айрыкча кызыгууну туудуруп жатканын, анткени бул чечимди Людмила айым өз эрки менен кабыл алганбы же мыйзамдуу күйөөсү Данияр Нарымбаевдин буйругу менен жасаганбы деген суроо турганын, анткени Данияр Нарымбаев буга дейре эле Акаевдин да, Бакиевдин да, акырында Текебаевдин да Конституцияларын кош колдоп жактырып келген адам экенин, андыктан аялы да аны туурап, кандай кылмыш кылган адам болсо да “жактыра” берээрин какшык менен баяндады.

Ушул эле гезит басууга даярдалып жатканда маалымат булактарынан Чолпон кызды сабаган түрк жараны Гүнеш Йылмызды Казакстандын атайын кызматы “Сыпатай баатыр” чек ара бекетинен өтүп баратканда кармаганы тууралуу кабар алганын маалымдады.

“Чоң казат” гезити аягында: “Кандай болгон күндө да акчага сатылчу соттордун күнү бүтүп баратат шекилди - азыр элде өзүлөрү мыйзам бузган мындай соттордун колу-бутун жулуп туруп, өздөрүн соттоп жибере турган коркунуч туулду. Анткени соттордун “каракчылыгына” болгон катардагы калктын кыжыры ушуга алып келди” деп жазды.

Аталган гезит “Кумтөрдөн” алына турган болгон 30 млн. доллардын тагдыры тууралуу макала сунуш кылды. Журналист Бахтияр Шаматов даярдаган макалада кыргыз өкмөтү менен Канада тараптын келишимине 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлганын жана аны Жогорку Кеңеш 5 күндөн кийин эле ратификациялаганын, мына ушинтип Бакиевдин “Ак жолу” болгону 5 күн ичинде Centerra Gold менен бардык ишти жылма жайлаганын, кайран кыргыздын алтынын канадалыктар 6 млрд. долларга сатып марыганын, ал эми кыргыз өкмөтү өлкөнүн бюджетине түшө турган канадалыктардын 30 млн. долларына макул болгон келишимин “эрдик” катары көрсөтүп келатканына жанды кейитти.

Бир кызыгы алтынга байланышкан бир документке ошол кездеги Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси Ахматбек Келдибеков, Минфиндин жетекчиси Марат Султанов, Минюстун башчысы Нурлан Турсункулов өзүлөрү эмес, эмнегедир алардын статс-катчылары колдорун койгонун, кыязы, бул мырзалар эмне болуп атканын эң сонун билип туруп, өздөрүн ала качкан түрлөрү барын, аталган буйрукта Минюстун ошо кездеги статс-катчысы, Кыргыз Республикасынын азыркы Башкы прокурору Аида Салянованын да колу бар экенин билдирди.

Коомдук ишмер Касым Исаевдин бийликтин бүгүнкү лидерлерине берген баасы, алардын ишмердик жөндөмдөрү жөнүндө айткандары да ушул “Чоң казат” гезитинде.
XS
SM
MD
LG