Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Гезиттер: Шайлоо мөөнөтүн күтүп...


Жума күндүн гезиттери парламенттин ишмердигине баа берген ой-пикирлерди, шайлоо тууралуу макалаларды, ар кыл темадагы баяндамаларды басты.

Жаңы жарык көргөн “Фабула” гезити айрым атуулдарга кайрылып: “Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?” деп суроо салды.

Саясат талдоочу Кубат Кожоналиев: Иштеген күндөн баштап эле чыр-чатактан баштары чыгалек, көрүнүктүү иш деле жасай элек,-деп,

Саясатчы Темир Сариев: Маанилүү мыйзамдар кабыл алынган жок, ошондой эле аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзө алган жок,-деп,

Саясат талдоочу Табылды Акеров: Кээ бири гана мыйзам чыгарууга дараметтери бар экенин көрсөтсө, көпчүлүгү бири-бири менен чукушмай, мушташмай менен алектенип отурду. Азыркы парламент буга чейин иштеп кеткен парламенттердин эң алсызы болду,-деп,

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: Эл үчүн, улут үчүн, келечек үчүн оозго алып, сыймыктана турган бир дагы иш жасай алышкан жок деп так-кесе айталам,-деп,

Мурдагы депутат Алымбай Султанов: Деңгээли эң төмөн. Ар кошкон адамдар келген. 3 партия жетекчилик кызматтан тартып, пол жуучу кызматтарга чейин өздөрүнө энчилеп алды. Мына партиялык тизме менен түзүлгөн парламенттин жыйынтыгы. Эл да бул парламентти колдогон жери жок,-деп,

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: Кыргызстан үчүн өтө зарыл болуп турган президенттик шайлоонун мөөнөтүн артка калтырып салды. Бул өлкөнү туңгуюкка кептейт,-деп,

Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков: Мен парламенттик башкарууга каршымын, элди бөлүп-жаргандан башка парламенттик башкаруунун эч кандай пайдасы жок,-деп,

Академик Абдыганы Эркебаев: Депутаттар өз милдеттерин так аткарбастан саясатка аралашып, өкмөттүн иштешине тоскоол болуп келди. Эгер президенттик шайлоонун болор күнүн так аныктабаса, күзүндө өлкөбүздө абдан кооптуу кырдаал пайда болот,-деп,

Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык-Шер: 5 фракция ичинде ич ара келишпестиктер ачыкка чыгып, коомчулуктун кыжырдануусун жаратты. Ал эми мыйзам чыгаруу жагынан кандайдыр бир деңгээлде өз милдетин аткарды десек болот,-деп жооп берди.

Ушул эле гезитке Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жетекчиси Мария Алыбаева “Түркмөнстанда кыздардын баасы 35 миң доллар болсо, биздин кыздардын баасы 750 эле сом” деген ат менен маек курду.

Алыбаева башка өлкөлөргө караганда никеге катталуу Кыргызстанда абдан жеңилдигин, мисалы башка өлкөлөрдө никеге катталуу үчүн үйлөнө тургандарга наркозат колдонбойбу, СПИД менен оорубайбы, айтор ушул өңдүү көптөгөн документтер талап кылынаарын, маселен Түркмөнстанда түркмөн кызына никеге туруш үчүн 35 миң доллар төлөшүң керектигин, бизде да ушинтип койгондо арзан никеге ашыккан чет элдиктер да, аларга турмушка чыгып аткан кыргыз кыздарынын саны да азаймагын, анткени кыргыздын кыздары жыргаганынан эмес, көбүнчө жашоонун айынан, кээ бири байлыгы менен акчасына кызыгып азгырылып жатканын, буга мамлекет түздөн түз кийлигиши зарылдыгын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Манас” эпосу – биздин баа жеткис байлыгыбыз” деген баштема менен ачып, “Манас” эпосу тууралуу мыйзамга коомчулук алдында кол коюу учурунда айткан президент Роза Отунбаеванын айткандарын шилтеме кылды.

“Эл президенттик шайлоону жарыя кылууну күтүүдө” деген макала басты. Анда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева: “Шайлоого байланыштуу иштерди тездетейин деген ой менен мен кечээ Литвага боло турган расмий иш сапарымды токтоттум. Кыргызстан үчүн мааниси бар эки тараптуу жолугушуулардан баш тартууга туура келди. Президенттик шайлоону өткөрүү миссиясын менден эч ким алып таштай албайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана аны колдонууга киргизүүдөгү мыйзамга ылайык жаңы шайланган президент кызматка киришкен учурда гана өлкөдө өткөөл мезгил аяктаганы жана өзүмдүн ыйгарым укуктарым токтогону тууралуу жарыя кылам. Эл тарабынан мага жүктөлгөн улуу озуйпа мына ушундай.

Мамлекет башчысы катары мага берилген мандат ар кандай саясый кызыкчылыктардын кесепети менен элди, мамлекетти жаңы кыйынчылыктарга туш келтирбей, мага жүктөлгөн милдетти аягына чейин атаруу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк берет,-деп айтты.

Гезит Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Илязовдун “Эгемендүүлүк, эртең эмне болобуз?” деген макаласына окурман назарын бурду. Автор Кыргызстан ушунчалык кенен аймакта, өтө кооз жаратылышта, эбегейсиз байлыктарга ээ болуп туруп жакыр жашаганга акысы жоктугуна, кыз-жигиттерибиздин жан багуунун айынан башка жактарга тентип-тербип кетип жатканына жаны кашайып, эгер иштин көзүн таап эмгектенсек өлкөнү гүлдөтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенине баалуу сунуштарын мисалга тартты, көңүл бура турган маселелерди козгоду.

“Жаңы агым” гезити журналист Темирбек Алымбековдун “Президенттик шайлоо өтөбү, өтпөйбү?” деген макаласын тартуу кылды. Автор алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын саясый турмушундагы чоң саясый окуя экенин, андыктан анын үтүр, чекитине чейин ойлонуш керектигин, бирок парламенттин ойлончудай түрү жоктугун, президенттик кызматтын түбөлүк “талапкери” Өмүрбек Текебаев интрига казанын кайнатып турганын, Текебаевдин мындай оорусу бар экенин кабарчы катары мурда байкабаганын баяндады.

Журналист Зайырбек Ажыматов”Өлкө тагдыры колот “баатырларынын” колундабы?” деген макаласында шайлоо алдындагы шайтан оюндарга токтолуп, учурда президенттикке түшөм дегендердин ичинде республикалык деңгээлдеги салмактуу саясатчы жок экендигин, аттарын атай келгенде эле бири тиги колоттун, бири берки колоттун кодоочуларына шыктанып хан болгусу келгендер болуп чыгарын, жадагалса ар кандай ат менен жарык көрүп жаткан гезиттер да кайсы бир жеке саясатчынын, кландын же бир партиянын куралына айланып, бири-биринин кишилерин жмандаган каражатка айланганын айтты.

Президенттин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаевдин “Байкоочу кеңеш - эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө” деген аталыштагы маегине орун берди. Каптагаев президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн байкоочу кеңештердин функциясы эмнеде экенин, ал тигил же бул мекемелердин иштешине кандай таасир тийгизээрин кенен түшүндүрүп берди.

“Алиби” гезити бүгүнкү санында "тээ Акаев заманынан бери эле майлуу жердин ырын ырдап, чалмакейди чалып, кошоматтын акесин таанытып келген Нышанбек Кочкоров деген тележурналистти акчалуунун ырын ырдаган “Адилет” деген программасы аркылуу эл жакшы билет" деп, эми ошол адам “Ата Журттун” атынан сотторду тандап алуу кеңешинин мүчөлүгүнө шайланганын, аны бул жооптуу ишке мурдагы шефи, азыркы депутат Садыр Жапаров түрткөнүн, калыстык оронотот деген сотторду мына ушул Нышанбек мырза тандаса, анда “Кыргызстанда жашабай эле койгон оң деп, жерге түкүргөндөр четтен чыгууда” деп,

ушул эле гезит аркылуу дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө паспортторду жасоо менчик фирмаларга берилбестигин сынга алган генерал Артур Медетбеков: “Кыргызстандагы бардык жарандардын маалымат базасын менчик фирмага карматуу менен журт башчылары өлкө тагдырын, улут коопсуздугун коркунучка кептеп жатат” деп айтты.

Бек Мамашевдин “Кайрадан “Кыргызтелеком” деген макаласы аркылуу “мамлекетке миллиард доллардын кереги жокпу?” деген суроо коюп, ушуга жооп издеген.

Автор мамлекетти бүгүн чет өлкөдөн келген душмандар эмес, өзүбүздүн эле кыргыздар уурдап жатканын, мамлекеттик ишканалар бардак болуп, ар ким өз билген намазын окуп жатканын, ошол эле учурда бийлик эч нерсе болбогонсуп, мыйзам бузгандарды жалдырап карап отурганын, мына ушундай башаламандыктын баары бийликтин унчукпаган макулдугу менен жасалып жатканын, минтип олтурсак мамлекет чачырап жок болорун жазып, жаны кашайды.
XS
SM
MD
LG