Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Кыргыз гезиттери шайлоонун алдындагы саясый окуялар, өлкөнүн турмушу жана “Манас” тууралуу жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин ичинен “Жаңы агым” гезити “Өкмөт башчысынын орун басары Ибрагим Жунусовду белгисиз адамдар ууландырууга аракет жасаптыр. Учурда бул иш иликтенип жатыптыр” деп,

“Ата Журт” партиясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө КТРдин мурдагы тележурналисти Нышанбек Кочкоровду сунуштоодо. Нышанбекти калемдештери долларды жакшы көрөрүн айтышат, шайлоодо үкасы Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясын жүргүзгөн, калемдештерин сызга отургуза алдаган дешет, анан ушундай адамдар сотторду тандай турган болсо анда акыйкатка эмес, акчага атасын сатууга даяр соттор ээрге минбейт деп ким кепилдик бере алат?” деп,

“Президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров кызматынан расмий түрдө кетти. Эми Азимбек мырза “Бүтүн Кыргызстандын” жетекчиси Адахан Мадумаровдун шайлоо штабын жетектейт, буга жакында күбө болобуз” деп,

“Чолпон Орзубаева деген кызга кол көтөргөн Гүнеш Йылмазды бошотуп жиберген Л. Нарымбаева, Ж. Калыбекова, М. Бейшенова өңдүү судьяларды Соттор кеңеши кызматтарынан айдоо сунушун президентке жолдошту” деп,

“Москвада өтүп жаткан эл аралык театр фестивалына катышууга КМШ өлкөлөрү боюнча жалгыз Султан Раевдин “Меккеге карай жол” спектакли жолдомо алып, ушу тапта өнөрүн “Москва” шаарында көрсөтүүдө” деп кабар таратты.

Ушул эле “Жаңы агым” гезитине публицист Алым Токтомушевдин “Улутчулдук” деген макаласы жарык көрдү.

Автор качан болсо жөөлөп турганга маш европалык көптөгөн уюмдар кайран СССРге багытталган “кансыз согуш” психологиясынан чыга электигин, советтик зор империянын ташын талкан кылып салып да тим жатпай, эми андан өз-өзүнчө түтүн булатып кеткен мамлекеттерди бөлүп-жарып, майкандоонун аракетин көрүп келатканын, Кыргызстанды да бөлөбүз, жарабыз дегендер болгонун, мына ошондой ойлордун ойрону Ош коогалаңында чыкканын, бирок бөлүп кетебиз дегендердин караөзгөй тилектери таш капканын, мындай кыяматты таш каптырган эң башкысы улуттук аң-сезим болгонун, коркпой-этпей айтканда улутчулдук болгонун, кыргызды кыргыз кылып сактап келаткан да ушул улутчул жүрөк экенин дагы бир жолу эске салды.

Бакиев кулары менен элден жашырынып, ийиндерине кире качкан Бакиевдин куйруктарына каршы катаал аракеттерди жасоонун ордуна, аларды “демократиянын бешигине” салып алып “терметкендин” азабын Бакиевден кийин бийликке келгендер азыр айда тартып жатканын, парламенттик башкаруу кыргыз менталитетине жараксыз боло баштаганын, анткени анын жарактуу экендигин азыркы парламент далилдей албагандыгын, “атажуртчулар” жана ага жан тарткандар Отунбаевага, Атамбаевге, Өмүркуловго, Каптагаевге каршы тымызын иштерди жүргүзүп келгенин, “Мегаком” боюнча дал ушул бакиевчилер жеңишке жеткенин, Борбордук шайлоо комиссиясына буга дейре шайлоочулардын ишениминен кеткен Туйгунаалы Абдраимов менен Ишенбай Кадырбеков келгенин, барган сайын дүйнөнүн мусулман өлкөлөрүндө элди диний эрежелер менен башкаргысы келген мамлекеттер азайып баратканын, буга болбой эле Кыргызстанда айрым бир күчтөр Кыргыз мамлекети ислам дининин жоболору менен жашашы керек деген ойду какшап келатканын бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев кеп кылды.

Аталган гезит бир топтон бери Кыргызстандын Кылмыш жана жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Эрнст Исаевдин ушул кызматтын жаңы жетекчиси Шейшенбек Байзаковду ачык сындап келаткан маегинин корутунду бөлүгүн сунуш кылды.

Ушул эле санга Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин маеги да басылып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити академик Жамин Акималиевдин “Айыл чарбасы өнүкмөйүн, өлкө өйдөлөбөйт” аттуу сандан санга жарыяланып жаткан макаласына окурман көңүлүн бурду. Айыл чарба азык-түлүктөрүн өзүбүздө кайра иштетүү маселеси оңдуу чечилбеген бойдон келатканына кейиген академик “атамекендик” кант кызылчасынын тагдырына айрыкча токтолуп, жүгөрү өстүрүү боюнча жүрөгүндө жүргөн ойлорун баяндаган.

Журналист Мамат Сабыровдун макаласы “Июнь коогалаңынын тагдыры тарыхтабы?” деп аталып, Улуттук Илимдер академиясынын “Академия кечелери” деп аталган диспут клубунда 90-жана өткөн жылдагы түштүк коогалаңына байланыштуу окуялар талкууланып, ага бир катар окумуштуулар, саясатчылар, депутаттар катышканын белгилеп, ошол талкуудан айрым пикирлерди жарыя кылган.

“Эгер түштүк облустарынын акимдери жерди башка өлкөлөрдүн жарандарына сатып жиберишсе, сатып алган кишилер өздөрүн өзбек же тажик жаранымын деп эсептесе, кийин чек ара демаркация жана делимизация болгон учурда так ошол жерлер кошуна өлкөлөрдүн карамагына өтүп кетээри турган иш” деп талкууга катышкан журналист Нарын Айып айтса,

коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков этникалык азчылыктын эгемендик, автономия сураганы биз үчүн гана коркунучтуу болбостон, бүткүл Борбор Азия үчүн жай жарыла турган бомба болорун, ошол эле Өзбекстанда бир канча этностор жашарын, эгер тажиктер мурда өздөрүн өзбекмин деп келсе, азыр тажикмин деп, тийешелүү кырдаал болсо эле көтөрүлүүгө даяр турганын, Казакстанда деле ушул өңдүү көрүнүш барын, былтыркы июнь окуясында Ислам Каримовдун өтө токтоо позицияны карманганынын бир себеби да ушул болгонун мисалга тартты.

Жазуучу Шакин Эсенгуловдун Жайсаңдын “Манасы” кандай жазылганын, Бүбү Мариямды “адамгерчилик” деген улуу сапаттан ажыратууну көздөгөн жигиттер кимдер экендигин баяндаган макаласы басылып чыкты.

“Алиби” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Боршайкомдун төрагасы ким экенин айтсаң, президент ким болорун айтам” деген макаласы тартууланды.

Аталган гезитке журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Белгисиз “Манасты” кантип белгилүү кылабыз?” деген макаласы жарык көрдү. Автор жакында Жогорку Кеңеш тарабынан “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын, мына ушундай зор салтанат жана дүркүрөгөн кол чабуулар менен убагында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы да кабыл алынганын, бирок ал мыйзамдын кандай аткарылып жаткандыгы ар бир кыргызга жакшы белгилүү экендигин, дал ошол сыяктуу эле “Манас” мыйзамынын тагдырын да мамлекеттик тилдин тагдыры күтпөйбү деген жүйөлүү суроону койду.

Папан Дүйшөнбаев андан ары “Манас” эпосунун варианттарынын баары эле сыдыргыга салгандай бир кылка эместигин, аларда көп сөздүүлүк, кайталоочулук, боектордун жардылыгы, примитивдүүлүк дегендер жок эместигин, ошондуктан Сагынбайдын же Саякбайдын варианттарынын негизинде “Манастын” жазма поэзиядагы жаңы вариантын жаратуу боюнча кесипкөй акындардын арасында конкурс жарыяланып, алгылыктуусу чет тилдерге которулушу керектиги тууралуу ойлорун ортого салды.
XS
SM
MD
LG