Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

Гезиттер шайлоого аттангандардын аты-жөнү, алар “баягылар” эле экендиги тууралуу жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезитиндеги макаласын “Төргө өтүңүз, коррупционер аке!” деген ат менен жарыялаган журналист Баратбай Аракеев маселенин ток этер жерине токтолуп: “Айыл өкмөттө иштегендер алабы - алат, мектепте иштегендер алабы - алат, медиктер алабы - алат, университеттегилер алабы - алат, милийсалар алабы - алат, прокуротурадагылар алабы - алат, соттор алабы - албагандачы, бала бакчалар алабы - алат, райакимчиликтер, облакимчиликтер алабы - алат, өкмөттөгүлөр алабы -алат, парламентте иштегендер алабы - алат, салыкчылар алабы - алат, бажы кызматындагылар алабы - алат, финполиция алабы - алат, албай келесоо бекен, гумжардамтараткандар алабы - алат, адам укугун коргогондор алабы - алат. Э, балее баскырдыкы, ким калат, анан албаган? Атаңдын башы калат!” деп жаны кашайып жазды.

“Фабула” гезити андан ары Президент Роза Отунбаева Бишкек шаардык сотунун судьялары Людмила Нарымбаеваны, Жыпаркүл Калыбекованы жана Мая Бейшенованы кызматынан боштоуу тууралуу буйрукка кол койгонун, аты аталган соттордун кызматтарынан кол жуушуна Кыргызстандын жараны Чолпон Орузбаеваны сабаган Түркия жараны Гюнеш Йылмазды бошотуп жибергендиктери себеп болгонун кабарлады.

Ушул эле санга ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин маеги жарык көрдү.

Министр Рысалиев саясатчылар деген адегенде биринин бетине бири түкүрүп, анан ошол түкүрүктү жалаганга чейин барышарын, кыска убакыттын ичинде күч органдары 20 жылдын ичинде жасалбагандарды жасаганын, эгер дагы каражат болгондо, реформаны милицияны шүмшүк кылып көрсөтүп келаткан Мамлекеттик автоинспекциядан баштамагын, кантсе да кичинекей акча менен чоң реформа жасоо мүмкүн эместигин айтып берди.

Журналист Эртабылды Аттокуров “Кыргызды кыргыз жок кылабы?” деген макаласында Убактылуу өкмөттүн алсыздыгын эски бийлик жана үчүнчү күчтөр билгичтик менен пайдаланып кеткенин, бийлик колго тийери менен ийгиликтен башы айланган оппозиция ичтен ирип, ыдырап, бирин-бири көралбай, мына эми шайлоо башталар алдында мурдагы “кастары” менен “көкүрөк тийишкен дос” болуп турганын, албетте алдыдагы шайлоо кимдин ким экендиигин аныктаары айкын экендигин билдирүү менен “бирок барган сайын региондук жараканын кеңейип баратышы Кыргызстандын тең экигие бөлүнүп калуусу менен аяктабас бекен?” деген кооптуу суроону койду.

“Алиби” гезити 2010-жылдын 7-апрелинде жаракат алгандардын ичинен каза болгондордун саны улам өсүп баратканын, Бакиевдин кандуу кыргыны жакында Ысык-Көлдүн жигити Авас Кадыровду алып кеткенин, ошентип бир жыл мурдагы адилеттик, акыйкаттык үчүн жасалган революциянын деми сууп, бийликти Бакиевдин батальону каптап баратканын, апрель курмандыктарынын саны 91ге жеткенин,

Улуттук Коопсуздук Комитети 5 миң доллар накталай пара алып жаткан жеринен Эсеп палатасынын инструкторун камап, ал азыр тергөө абагында жатканын маалымдады.

Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев “Жарым жылдык парламенттик башкаруу эмнени көрсөттү?” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Автор парламенттин 6 айлык ишине жаман же жакшы деп бир беткей баа берүү кыйындыгын, анткени депутаттар кыйынчылыктар менен болсо да коалициялык өкмөттү түзүп, өлкөдөгү саясый кырдаалды турукташтырууга жетишкенин, бирок корпоративдик кызыкчылыктардан чыга албай, аткаруу бийлигиндеги маанилүү кызматтарга чыныгы кесипкөй адамдардын келишин камсыз кыла албаганын, тескерисинче капчыгы калың болгон менен ишти билбеген дилетанттарды толтуруп алганын, мурдагы парламенттердин депутаттарына салыштырганда азыркы депутаттардын интеллектуалдык көрөңгөсү да, кесипкөйлүгү да, жүрүм-турум маданияты да төмөн экендигин белгиледи.

Папан Дүйшөнбаев макаласын жыйынтыктап баратып, парламенттик система менен башкаруунун эн опурталдуу жагы - эгер бир партия басымдуу көпчүлүк орунга ээ болбой, коалициялык башкаруу түзүлсө, анда муну менен бирге башкаруу органдарыын шал болуу коркунучу пайда болорун, бийликте бакыйган президент олтурганы менен ал ички, тышкы саясатка, кадрдык, экономикалык иштерге кийлигише албастыгын, укуктук жактан премьер-министрге чоң ыйгарым берилген менен ал парламенттик көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албаса, анын ыйгарым укуктарынын баары иштебей, “паралич” болуп, жалдырап олтура берерин, спикердин абалы деле ушул өңдүү экендигин, кыскасы өткөн 6 айдын аралыгында Кыргызстан саясый коматоздук абалга туш болгонун, эми мындан кийинки реформалар дал ушул тагдыр чече турган маселелерди эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин кеп кылды.

“Алиби” гезити 5 млн. калкы бар Кыргызстанда 60 миң киши мамлекеттик чиновник экенин, аларды багыш үчүн казынадан 18 миллиарддан ашуун сом чыгымдаларын сандардын тили менен сайрады.

Папан Дүйшөнбаевдин дагы бир макаласы “Обама Көлбаевди эмне үчүн кара тизмеге киргизди?” деп аталып, тизмеге илинүү себептерин аныктоого аракет кылган.

“Кыргыз туусу” гезити бул санында академик Жамин Акималиевдин “Айыл чарбасы өнүкмөйүн, өлкө өйдөлөбөт” аттуу макаласынын корутунду бөлүгүнө, журналист Мамат Сабыровдун ар үч бөтөлкө арактын экөө жашыруун өндүрүлөрүн иликтөөгө алган макаласына, журналист Балбай Алагушевдин коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкованы эскерүүсүнө окурман көңүлүн бурду.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги көңүл бура турган дагы бир макала “Курманжан датка комплекси Ысык-Көлгө курулабы?” деп аталды.

Аталган комплекс курулса эл гана пайдасын көрөрүн, Өрнөк айлынын 1,5 миңдей адамы жумуш менен камсыз болорун, көл жээгин көркүнө чыгарарын, ар кандай бут тосууларга карабастан баары бир Курманжан датка комплекси куруларын Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева кеп кылса, Өрнөк айылынын тургуну Кудайберген Исаев Өрнөк айылынын эли Жолдошеваны колдоп жатканын, Жылдыз айымдын ишине тоскоол болгондордун көздөгөн максаты башкада экенин айтып, депутатты коргоп чыккан.

Ушунун эле катарына “А эмне үчүн биз каршы чыгып жатабыз?” деген ат менен Ысык-Көл районунун “Ак Кеме Кут” жаңы муун ынтымак коомунун макаласы да сунушталды.

Макалада Курманжан датка комплекси комплекс болбой эле байлардын эс ала турган жайы болуп куруларын, анын курулуш долбоорунда ачык эле 2 миң кишиге эсептелген эс алуучу имарат, мейманкана, ресторан, сопрттук жай жана башкалар болот деп турганын, аталган жай миң орундук болуп, 110 миң туристти кабыл алууга ылайыкталганын, кийин буга чет элдик көпөстөр менен кыргыздын байлары гана кирбесе карапайым адамдын ага киргенге акчасы караандабастыгын, кыскасы көл жээгиндеги Курманжан датканын эстелиги ашып кетсе 5-10 сотых жерди ээлеп, калганын Жылдызкан айым туристтик мекемеге айлантып, өз капчыгын кампайткысы келип жатканын, оюн-зоок, арак-шарап турган жерде Курманжан датканын арбагы эртең баарыбызды кечирбестигин кеп кылган.
XS
SM
MD
LG