Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Гезиттер: Козута турган күчтөр көп


“Чоң казат” гезити ушул суроого журналист Турат Акимовдун айткандары менен жооп берүүгө аракет кылды.

Бүгүн жарык көргөн “Чоң казат” гезити “Атамбаев баары бир премьер бойдон калат”деген макаласын окурмандарга тартуулап, ал боюнча айрым ой-пикирге орун берди. Маселен, профилдик комитет төрагасынын орун басары Токон Мамытовдун түшүндүрмөсү боюнча президенттикке талапкер саясий же мамлекеттик кызматты ээлеп турган болсо, шайлоо башталарга төрт ай калганда өзүнүн кызматын тапшырууга тийиш, ал эми шайлоонун жаңы кодексине ылайык муну шайлоого бир ай калганда убактылуу жасаса болот.

Бирок депутат Мамытов буга каршы.

- Шайлоодо административдик ресурс колдонулушу мүмкүнбү?- деген суроого

Талант Мамытов: - Административдик ресурс дайыма колдонулуп келген,-деп жооп берди.

Ушул макаланын алдына туугандарынын жана жактоочуларынын сот имаратынын алдында өткөргөн митингинен кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган чуулгандуу Роза Качиева же азыркы аты боюнча Раушан Рыкунова аттуу айымдын “Аялдарды кордогон генералдарды бычып салыш керек!” деген аталыштагы маегин гезит “Коммерсант. Kg” маалымат агенттигинен алып жарыялады. Анда негизинен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев жөнүндө сөз болот.

“Чоң казат” гезити “Кыргыз парламентинин феномени” деген макаласында, кыргыздын депутаттары да өзгөчө сейрек жаралган жандардан турарын, күн тартибине 54 маселе киргизип алып, эртеден кечке бир гана маселени араң карарын, мисалы буга дейре күн тартибине коюлуп, бирок депутаттардын колдоосун таппай келаткан антимонополдук саясат тууралуу мыйзам бир күнү эле шапа-шупа колдоого алынып, заматта өтүп кеткенин, көрсө анын мурунку күнү антимонополдук кызмат депутаттарга чай берип, жакшылап сыйлап койгонун, ошентип шайлоочулардын добушун сатып алып парламентке келген депутаттар, эми өз добуштарын чай-пайга сатып жатканын жазуу менен намазкана ачып алган Жогорку Кеңешке мындан кийин “мушташкана” да ачып койсо болорун жазды.

“Чоң казат” гезитиндеги негизги макалалардын бири журналист Турат Акимовдун “Жакынкы 10 жыл Борбор Азия үчүн оор болот” деген маеги болду.

Автор Кыргызстанда бирден бир жетишкендик саясатчылар менен бийликтегилер көчөнүн жана элдин пикири менен эсептешүү керек экенин эми түшүнө баштаганын, антпеске аргалары да калбагандыгын, тилекке каршы баары бир бийлик элди саясаттан алагды кыла турган жумуш менен камсыз кылалбай койгонун айтты.

Турат Акимов Ош окуясы тууралуу суроого кыргыз менен өзбектердин ортосунда Израил менен Палестинадагыдай бири-бирин жек көрүүчүлүк саясат жоктугун белгилөө менен жооп берип, 2012-жылы же ушул жылдын аягында АКШнын аскерлери Ирактан чыгып кетерин, бирок алардын көбү Ооганстанга жайгаштырыларын, ал эми Барак Обама аскерлерин ал жактан 2014-жылга чейин чыгып кетерине убада бергенин, бирок муну менен эле АКШнын Борбор Азиядагы миссиясы аткарылды деп эсептебестигин билдирди.

Журналист андан ары АКШ СССРди кыйратууга 70 жыл жумшаганын, эми болсо КМШны талкалоо жүрүп жатканын белгиледи.

Орусия маселесине ой жүгүрткөн Турат Акимов тилекке каршы Кремлдин колунда кыргыз элитасы менен иштешер таасир начардыгын, башка өлкөлөрдүн эки бирдей аскер базалары жайгашкандыктан жакынкы 10 жылда Борбор Азия чөлкөмүндө абал оор бойдон кала берерин, ошону менен бирге эле ушу тапта жетишерлик олуттуу, эл сыйлаган фигура азырынча Кыргызстанда жоктугун, бүгүнкү саясий элита өзөктүү маселелерди чечкенге жөндөмсүздүгүн, жалпы элди бириктирүүгө идеясы жоктугун, ошону менен бирге эле карапайым калктын ишенимин ойготуп, үмүт-тилегинин отун жандыра турган келечектин же завод-фабрикалардын курулбаганын, анан эмгектенер иши жок элдин аңдыганы жалаң саясат болуп, көйгөйлөрү жыйыла берип, каалаганы күчтүү, акыл-эстүү, айтканын эки кылбай аткара алган адам болуп турганын кеп кылды.

Улутчулдук маселесин сөз кылган журналист улутчулдукту патриоттуулуктан ажырата билүү зарылдыгын, адам баласындагы бул сезимди жоготуу мүмкүн эместигин, улутчул идеялардын артында кимдир бирөөлөрдүн айбандык табити, менчикти бөлүштүрүүгө умтулуусу болушу мүмкүндүгүн, ошондуктан аны козута турган күч Бишкекте да, Ошто да, Москвада толтура экендигин, өкүнтө турган жагдай, улуттун улут бойдон сакталып калышына эч бир кызыкчылыгы жок адамдардын жаңы мууну шатырап өсүп келатканын, Акаевдер менен Бакиевдер дайыма байуу гана керек деген түшүнүктөр менен жашаган адамдар болушканын, дал ушундай адамдар азыр да бийликте отурганын, эч качан урабастай болгон Советтер Союзу да дал ушундай адамдардын ач көздүгүнүн кесепетинен ураганын, көзүнө эл-жердин тагдыры эмес, көрдүйнөдөн бөлөк көрүнбөгөн адамдар турганда кенедей Кыргызстанды жоготуп алуу түккө турбаган иш экендигине кейиди.

Мыйзамдуулукту сөз кылган Турат Акимов:

- Легендарлуу парламент жазган Конституцияны Акаев ыргытып жиберип өзүнүкүн жазса, Бакиев Акаевдикин ыргыттырып, өзүнүкүн жазды. Текебаев келип Бакиевдикин ыргытып, өзүнүкүн жазды. 20 жыл ичинде жети Баш мыйзам жазылды. Анын бири да 3 жылдан ашык иштеген жок. Ошондуктан жүздөгөн депутаттар тарабынан эки жыл бою талкууланып жатып элдин элегинен өткөн 93-жылкы Конституцияга кайтып келүү керек. Президентти да ошол мыйзамдын негизинде шайлого тийишпиз. Антпесек биз Конституицяны бийлик алмашкан сайын жаза беребиз. Мындай жол өлкөнүн гана кыйрашына алып келет,-деди.
XS
SM
MD
LG