Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Гезиттер өлкө ичиндеги саясый-социалдык турмуш, шайлоо, спикер Келдибековдун саякатына байланыштуу жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити: "Жакында кадимки Жаныш Бакиев Жалал-Абадда түштүктүн тыңчыкмаларын, президенттикке талапкерлерин чогултуп жыйын өткөргөнү тууралуу сөз тарады. Президенттикке аттангандар колдорун мууздалган койдун канына малып антташты дешет. Кандай болгон күндө да Бакиевдердин кланы жөн жатпай калды көрүнөт" деп,

“Жакында маркум болгон мекендешебиз Ян Фишердин ушул кезге дейре алып келген пенсиясы 144 миң сом экени маалым болду. Салыштырып карасак, Турдакун Усубалиев аксакалдын пенсиясы болгону 17 миң сом” деп,

“Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны жоо чаба тургансып 156га жетиптир” деп кабар таратты.

“Жаңы агымдын” дагы бир макаласы “Бийлик Балыкчы базарына көңүл бурбаса самосуд кылабыз” деп аталып, Балыкчыдагы базардын абалын, карапайым сатуучулардын базар ээси Мусакуновдорго нааразылыгы чектен ашканын, тогуз жолдун тоомундагы шаарда баары тонолуп, баары сатылып бүткөнүн, коррупциялык система чынжырлап кеткенин, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдар абадагы цианид уусунун айынан жүрөк, диабет ооруларына чалдыгып жатканын, жергиликтүү жетекчилердин эл менен иши жоктугун жазып чыкты.

Асан Козуев аттуу автордун “Мегаком чыры. Рыкунованын ыры” деген макаласы да ушул гезите.

Жазуучу Асыкбек Оморовдун жаңы эле жазып бүткөн “Осмон империясы жана азыркы Түркия” деген китебинин бет ачары Бишкекте өткөнүн, Түрк элинин башына оор күндөр түшүп турган учурда кыргыз баатырлары барып жардам бергени ушул китепте эң сонун баяндаларын, автор өз улутунун тарыхын тактап, улуттук идеологиянын негизин түзгөнгө өтө чоң салым кошуп жатканы айтылып, бул эмгек мамлекет тарабынан татыктуу бааланышы керектиги айтылып, кубаттоого ээ болгону маалымдалды.

Гезит иликтөөгө алган дагы бир макалада “Суусамырда кымыз порошоктон жасалабы?” деген суроого кабарчы жооп издеген.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Келдибеков Малайзияда 10 миллионго чардайт... Парламенттин барынан жогудур” деген макаласын окурмандарга тартуулады.

“Бул ары жоктордун тандаган өлкөсүн карачы? Береги Тажикстанга же Кара калпактарга барып эс алса эмне болот эле? Жок, түптүз эле эң кымбат делген Малайзияга барып, кумуна оонап, арак-шарабына “киринип”, шапар тээп кайтыш керек экен. Бул көпкөндүк үчүн коротулуучу акча 10 миллион элдин акчасы Келдибековдун атасынан калган эмес!

Отунбаевага тең болуп, аны сындап жаткандар сонун билет, былтыр Отунбаева Америкага барарда бул жерден Москвага кадимки эле эл учкан рейс менен учуп барып, ал жактан бери карай Путиндин самолетуна жармашып келген. Ошондо Отунбаева казынага 250 миң доллар үнөмдөгөн. Келдибековдун тигинтип Малайзияга чардашына эми бааңды берип ал, журтум.

Кийинки бийликтин биримдигинин жоктугунан, алардын ичинде Бакиевге жан тарткандардын көптүгүнөн, 7-апрелде канын төккөндөрдүн соту да ордунан жылбай турат. Бирок элдин үмүтүн өчүрөм дегендер жаңылышат, жаңылганы далай ирет далилденген, эл үмүтү кайрадан жалбырттайт” деп жазды.

Мирлан Алымбаев даярдаган макалада Бостеридеги башаламандыктарга кимдер күнөөлүү экендиги иликтөөгө алынды.

Президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевдин “Шайлоого байланыштуу мыйзамдардын кечигиши Текебаевдин айынан болду” деген аталыштагы маеги басылды.

“Алиби” гезити баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин “Шайлоо кампаниясы - казинолор, талапкерлер-кумарпоздор” деген макаласын жарыялады. Талапкерлердин тараза ташын талдоого алган журналист тилекке каршы президент болом дегендердин арасында элди өзүнө тартмак түгүл, тескерисинче чочута тургандары, же күлкү келтире тургандары аз эместигин, жолугушууга келгендер “өңдү көрсө жүз таят” болуп, аларга сылык-сыпаа сөздөрүн айтып узатканы менен артынан шылдыңдап күлүшөрүнө булардын бири да анча түшүнө бербестигин, айтор бул жолку президенттик марафонго канча талапкер катышпасын күрөш 3-4, ашып кетсе 4-5 партиянын ортосунда гана жүрөрүн белгиледи.

Аксылык окурман Кайып Кенжебаевдин каты “Чөп кайтарган иттей болбойлу” деген ат менен жарык көрдү. Айылдык атуул дүйнөгө “биздин жердей кооз, биздин жердей бай жер жок” деп мактанабыз, анысы чын болсо анда эмне үчүн Африкадагы эң начар деген өлкөлөрдүн катарында келебиз, эмне үчүн башыбыздан ашкан кен байлыктарыбызды инвестор таап келип казып, пайдасын көрбөй, чөп кайтарган иттей коруп отурабыз? “Жылуусу жок тонуңду урайын!” дегендей, жер алдында жаткан байлыгың ошол жер үстүндө жашаган элиңди жыргатканга жарабаса, иштетилбесе, андай байлыкка курулай мактангандын кандай кажети бар? Инвесторлордон кыйкым таап, аларды Монголиядагыдай өзүбүзгө тарткандын ордуна кубалап отура берсек, эр тандай берип, бардыгынан куру калган кара далы кыздын кейпин кийип калабыз. Акылга келели? Казылган кенден кырылып кетсе, дүйнөдө эмгиче адам калмак эмес” деген жүйөлүү кеп-кеңешин ортого салды.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Нарынкүл Назаралиеванын “21 жашка чейинки кыздарды жибербегиле!” деген макаласын тартуулады.

Макалада Москвага иштөө үчүн кеткен кыргыз жарандарынын, айрыкча кыз-келиндердин азаптуу турмушу тууралуу кеп болот. Мигрант аялдардын арасында төрөгөн балдарын таштап кеткендер көбөйгөнүн, маселен кыргыз келиндердин 64ү баласын таштай качып, 600ү боюнан алдыртканын, былтыр Ош облусунун Кара Суу районунан келген бир келин денесин Москва дарыясына таштап каза тапканын, көрсө кайненесине таштап кеткен баласы каралбай, чайнектеги кайнак сууга күйүп өлгөнүн мисалга тартып, өспүрүм кыздарды окутуп, жумуш менен камсыз кыла турган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу керектигин сунуш кылды.

Профессор, белгилүү адабиятчы Советбек Байгазиевдин “Жетимиш өнөрлүү Куйручук” деген баяны жакында даңазасы башталганы турган олуя куудулдун айрым бир жоруктарын элдин эсине салды.

“2 млрд. 709 млн. 847 миң долларды кимдерден алганбыз?” деген суроого гезиттин кабарчысы Мырзакат Тыналиев жооп издеген. Анда карызы бар өлкө жалгыз эле Кыргызстан эместигин, дүйнөдөгү бай өлкө саналган АКШнын да азыркы күндө 9 триллионго жакын, Германиянын 3 триллиондон ашуун, Жапониянын 1,5 триллиондон ашуун, Орусиянын 38 миллиард доллардан ашуун тышкы карыздары бар экенин дагы бир ирет эске салуу менен, кеп алган карыздардын кандай жумшалышында экенин, тилекке каршы Кыргызстанда кредиттердин көбү конкреттүү долбоорлорго эмес, чиновниктердин кулкунуна кургуйлап кирип кеткенине кейиди.
XS
SM
MD
LG