Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Жарык көргөн гезиттерден өлкө турмушуна байланыштуу ар кандай макалалар менен таанышууга болот.

Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити “Бир сутканын ичинде күйүүчү майдын баасы 4-5 сомго кымбаттады, чурулдаган көпчүлүк Атамбаев менен Бабановду тескери алкай баштады, ушул эле май тээ Бакиевдин тушунда 19 сомдон 24 сомго көтөрүлгөндө азыркы бийлик башында отурган агездеги оппозиция “бийлик бизди өлтүрдү” деп айгай салган эле, эми эмне кылабыз, карапайым калк каржалып, бензиндин бир тамчысы дарыга айланып жатса, парламент тигинтип тайраң уруп, тонналаган авиамайды асманга агызып Малайзиялап майрамдап жүрөт” деп жазды.

Ушул эле гезит Борбордук аянттагы жумуртка баскан аялдын эстелигинин күнү бүтөрүнө аз калганын, анткени кадимки "Дордой" ишканасынын ээси, айтылуу ишкер Аскар Салымбеков Манастын айкелин, ага кошуп Чыңгыздын айкелин жасаттырып, алар даяр болуп калганы тууралуу жакшы кабар алганын, айкелдер алынып келсе Манас бабабыздын эстелиги борбордук аянтка коюла тургандыгын маалымдады.

“Кереге” гезитине президенттик жарышка түшкөндөрдүн бири Марат Султановдун маеги жарык көрдү. Ал эң негизги атаандаш катары Алмаз Атамбаевди атап, ошону менен бирге Камчыбек Ташиевди, Адахан Мадумаровду, Өмүрбек Текебаевди, Өмүрбек Суваналиевди күчтүү атаандаш деп эсептээрин, президенттик катуу бийликти жактабай тургандыгын, бирок бийликке келген эле партиялардын Кыргызстандын мекеме-ишканаларын өз-өзүнчө бөлүп алуу саясатына да такыр эле каршы экендигин билдирген.

“Кереге” гезити муну менен бирге эле саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу айрым атуулдардын айткан ой-пкирилерин ортого салды.

Профессор Сыртбай Мусаев: Адахан Мадумаров чоң саясатчылардын бири. Өзү мыкты жигит. Бирок бийликке барганда эле төөдөй болуп артка чапты,-деп,

Саясат иликтөөчү Бекбосун Бөрүбашев: Саясатта өз орду бар инсан,-деп,

Журналист Абдувахап Мониев: Биздин саясатчыларыбызда мамлекеттик деңгээлдеги көз караш, ой жүгүртүү жок. Мадумаров деле эптеп бийликке жетсем деген саясатчылардын бири деп ойлойм,-деп,

Юрист Данияр Нарымбаев: Президенттикке татыктуу. Сөзгө чечен. Шайланып, президент болууга мүмкүнчүлүгү бар,-деп жооп берди.

“Айкын саясат” гезити жаңы санын журналист Машакбай Рахманкуловдун “Алдыда – аламан байге” деген макаласы менен ачты.

Аталган басылма андан ары “Кайран гана Каркыра!” деген рубриканын алдында “Түптөгү “жумуртка” операциясынын чыры менен сыры” деген ат менен ошол окуяга байланыштуу иш козголуп, чындыктын түбүнө жете албай жүрөм деген Дамира Раимбекова аттуу айымдын Түп районунан жазган катын жарыялады.

Буга катар эле Көлдөгү жумуртка окуясынын катышуучусу, ошондогу ызы-чуунун баарын өз көзү менен көргөн журналист Сабыр Муканбетовдун айткандары да басылды. Сабыр мырза ошондогу оппозицияны ургулаган жумурткалардын баарына печать басылган жумурткалар болгонун, демек алар айылдын тоокторунуку эмес, тоок фабрикасынан алынып келинген жумурткалар экенин көрүшкөнүн, ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев Максимдин "таманын жалайм" деп жүрүп өмүрүнө жумуртканыкынан жаман, эзели өчпөй турган печать бастырып алганын, элди уят кылганын, жумуртка окуясына катышкандардын баары Бакиевди түшпөс хан болду деп ойлоп, баарысы өздөрүн көргөзүп калууга аракет кылышканын белгилеп, ажылдагандарга 5 миң, алка жакадан алып мушташкандарга 10 миң, урган жумурткаң оппозициянын бетине дал тийсе 15 миң сом деген ставкалар болгонун, окуяга активдүү катышкан обладминистрация кызматкерлери кызматтарынан чоңойоруна убадалар берилгенин кийин түптүктөр өзүлөрү айтып бергенин кеп кылды Сабыр Муканбетов.

Ушул эле санга Улуттук коопсуздук комитетинин эс алуудагы полковниги Имарали Кушматовдун “Кыргызстандын келечектеги президентин мен кандай элестетем” деген макаласы орус тилинде жарык көрдү. “Пейилиң оңолмоюн ишиң оңолбойт” деген кыргыз макалын өзөк кылып алган автор Кыргызстанды башкарам деген адамдын пейили, ниети таза болуш керектигин, өлкөнү кыйратып, кыйратып эле тим болбой, кыргыздын “бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт” деген накыл кебин тебелеп-тепсеп, мамлекетти талап-тоноп, анан качып кеткен Акаев менен Бакиевдин мисалында талдоого алган.

“Айкын саясат” гезити андан ары Мамлекеттик архивдин жетектөөчү адиси Түлөн Акматалиевдин “Улуу муундардын мурастары тууралуу сөз” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады.

Түлөн Акматалиев түбөлүк сактала турган мамлекеттик архивдин маанисин, архив кызматкерлеринин буга чейин жасап келген жана жасап жаткан иштерин баяндаган. Кыргыздын мен деген уул-кыздарынын баа жеткис мурастары топтолуп отуруп, түбөлүк сактоого коюлгандарынын саны бүгүн 190го чукулдап калганын, азыркы күндө аттуу-баштуу адамдардын мурастарын үй музейлерге сактоо адат болгонун, бирок үй музей деген ондогон жылдар турган менен баары бир архивге жетпестигин, архив деген түбөлүктүү болорун, ошондуктан мурастарды архивге тапшыруудан артыгы жоктугун кеп кылды.

Журналист Машакбай Рахманкуловдун интернет булактар менен басылма адабияттардан топтогон, практикалык кеңештерден турган “Бай болгуң келеби?” деген котормосу да ушул санда.
XS
SM
MD
LG