Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Гезиттер: Саясатчылар көп, башкаруучу жок


Гезиттер негизинен шайлоо алдындагы жүрүштөр, эл турмушу, сотторду “соо” кыла турган аракеттер тууралуу жазып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Жамгырчиева “Фабула” гезитинин суроосуна жооп бери жатып:

- Балыкчы окуясы боюнча камалганымда, ошол кездеги Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Замирбек Базарбаев бир нече адамды камоого санкция берип, алардын арасында мени 4 жылга кескен. 6 ай СИЗОдо отургам. Менден 15 миң сом сураган. Болгону 10 миң сомум бар эле, ошол 10 миң сомду Базарбаевге берип, эки кишинин кепилдиги менен бошонгом. 15-августта парламенттин сот жана укук жыйынына катышып, Базарбаев менден акча доолаганын айтып бердим,- деп айтты.

“Элдин да, депутаттардын да ишенимине кеттиби?” деген кабарда парламенттик жыйында депутат Садыр Жапаровду Сот жана укук маселелери боюнча комитеттин төрагалыгынан алуу боюнча талкуу болуп, талкууда төрага Ахматбек Келдибеков баш болуп, Камчыбек Ташиев төш болуп, досу Жапаровду жакшылап коргоп чыкканын, бирок Садыр мырзанын иши коалициялык кеңеште чечилмей болгонун кабарлады.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы соттордун сабатсыздыгына арналып, мээсинде акчадан башка эч нерсе жок соттордун кээ бири жадагалса фракция жетекчилеринин аттарын билбегенин, окууга тааныш менен өтүп, юридикалык бир китептин бетин ачпай, ата-энеси тапкан акчанын аркасы менен бүтүп, анан паранын күчү менен кызматка орношуп, сот болуп алып, мыйзам деген эмне экенин билбей, адамдардын шорун 20 жылдан бери кайнатып келаткандар дал ушундайлар экенин белгилеп: “акыркы күндөрү жапырт эле сотторду тепкилеп жатып калдык. Прокуратура, милиция, коопсуздук кызматы, бажы, салык, финполиция, жогорку окуу жайлардын ректорлору башында турган мугалимдер жана башка аткаминерлер тазабы?" деген суроону койду.

Буга улай эле “Тандалган тандем же калкалаган мандем” деген ат менен Конституциялык палатага жана Жогорку Соттун судьяларын шайлоодо ким кимдерге кандай добуш бергенинин тизмеси жарыяланды.

Коомчулук өз ишин тыңыраак жөндөй албаган соттордун президенттин кароосунан өтүшүн абдан жактыруу менен кабыл алып, “Отунбаева чоң эрдик кылды. Накта президенттик калыстыгын көрсөттү. Болбосо ар кандай себептер менен тандоодон өттү делген соттор эртең жыргатып кызмат кылмак эмес экен” деп жазып чыккан “Алиби” гезити бүгүнкү санына Өмүрбек Текебаевдин “Беш, он жылда саясый элита алмашышы керек деген максат койгом” деген маегин басты.

Сот маселесине токтолгон Текебаев, сот системасын түп тамырынан жаңылоо Кыргызстандын гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн тарыхында жок окуя болуп жатканын, бул тазалоо жалпы элдик иш экенин, андыктан мындай иш бир-эки айда эле бүтө калбастыгын, эң чоң жооптуу этап 400дөн ашуун жергиликтүү судьяларды тандоо болорун билдирди.

Ушул эле “Алиби” гезити белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевдин “Бизде саясатчыларыбыз көп болгону менен башкаруучуларыбыз жок” деген ат менен маегине орун берди.

Айылчы мырза өзүбүз өлөлбай жатканда, кытайлар келип темир жол куруп берели деп жатса, “бул деген экологияны бузат, жаратылышты талкалайт” деп туш-тушка чуркап жүргөн адамдарды кыргыздын душмандары же таптакыр эле кем акыл деп түшүнүү керектигин, Кыргызстан 20 жылдан бери дал ушундай инфраструктурасынын жогунан өнүкпөй келатканын, жол деген дүйнөдөгү эң биринчи артыкчылык саналарын, жол болбосо эч качан экономика өнүкпөстүгүн баса белгилеп, тоону, кенди, элди коргомуш болуп жаткандарга кайрылып:

- Же өзү жебей, же малга жедирбей, чөп кайтарган итке окшоп, боорубузга басып алып дагы 70 жыл бою ачка отура берелиби? Кыздарыбыз сойку болуп, элибиз башка мамлекеттерге тентип кул болуп жүрө берсинби? Кыргызды ачкадан кырылтып, же ар кайсыл жактарга тентитип, жоюп жиберип, анан эл калбай калганда ошол тоолордун кимге кереги бар?-деп суроо койду профессор Сарыбаев.

“Жаңы агым” гезити алакандай кабарлары менен жаңы санын ачып:

“Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков жакында жылуу ордунан жылмышарын эшиттик” деп,

“Фракция жетекчиси Феликс Кулов өкмөттүн коросуна кире качкан он депутатты четинен кетирип, партиясын “тазаламай” болду. Азырынча Токон Мамытов менен Анвар Артыков мандаттарынан ажыраганы турат” деп,

“7-апрель кыймылы” күтүүсүздөн эле убагында Курманбек Бакиевди “аталаган” Нариман Түлеевди сүрөөнгө алды. Аталган партияны Нариман миллиондогон долларга сатып алды деген такталбаган кеп бар. Кыскасы партиялардын курултайлары курултай болбой эле базардагы “бардакка” окшошуп калды” деп кабар таратты.

Коомчулукту козгоп чыккан сот маселесине бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити да кайрылып, журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласын тартуулады.

Макаласында автор убагында Аскар Акаев судьялардын 80 пайыздан ашуунун коррупцияга аралашып кеткенин жар салганын, кийин мындан да күч алганын, салыштырмалуу анча көп эмес айлык менен жашаган соттордун дээрлик көбү кымбат машиналарды минип, кымбат үйлөрдө жашаганы эч кимге жашыруун эместигин, мисалы өткөндөгү тандоо кеңешинде судьялардын бири 40 миң долларлык “Лексус” машинасы бар экенин билдиргенин, 15 миң сом айлыгы бар бул судьядан мындай кымбат машинаны кантип сатып алгансыз деп сураса, ал пенсионер ата-энеси сатып бергенин айтканын мисалдап, “мына ушундан кийин сот болуп иштейм деген бул адамдын таза экендигине да, калпычы эместигине да ишенүүгө болобу?” деген суроону койду.

Ушул эле автордун “Өлкөдө парламенттик башкаруу, а президент болчулар өтө көп” деген макаласында ажо болчумун деп аламан чабуулга аттангандар тууралуу ойлорун ортого салды.

“Элеттиктер жакырчылыктан кантип чыгып жатышат?” деген макаласында гезит кабарчысы Бермет Маткеримова Базар-Коргон районундагы жашаган элдин жашоо-турмушун баяндады.
XS
SM
MD
LG