Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Гезиттер Кыргызстандын жашоо-турмушунун ар кыл жактарынан маалымат берген материалдарды басты.

“Сиз элибиздин башына кыйынчылык келип турган, Бакиевдер билгенин кылып турган учурда оппозиция башына келгенсиз. Ошол өтө коркунчтуу кезде өз кызыкчылыгы үчүн баарын жасоого даяр турган зөөкүрлөрдөн коркуп калбай, жалгыз жаныңызды аябай, элдин абалын аяп, элдин алдына чыгып бергениңиз бүтүндөй журтка дем болгон, мына ошол дем Бакиев бийлигин кууп салууга жарап берген.

Кийин түмөн түйшүк башыңызга үйүлүп, билимиңиздин, тажырыйбаңыздын, акыры келип адамдыгыңыздын аркасы менен мамлекетибизди бир нукка - жакшы нукка түшүрдүңүз жана элдик лидер болуп калдыңыз. Сиздин ат кыргыз тарыхында улуу инсан катары жазылып каларында шек да, талаш да жок.

Урматтуу Роза Исаковна, өмүрүңүз узун болсун, балдарыңыз, туугандарыңыз, эли-журтуңуз менен аман-эсен болуңуз, бар болуңуз! Туулган күнүңүз менен!” деген куттуктоо аркылуу “Фабула” гезити бүгүнкү санын ачты.

Биз дагы бул жылуу ой-тилекке кошулуу менен “Азаттык” радиосунун миңдеген угармандарынын атынан мамлекет башчысын туулган күнү менен куттуктап, ага бардык жакшылыктарды каалап кетмекчибиз.

Буга улай эле журналист Баратбай Аракеевдин мамлекет оңбогондой оор абалга кептелип турган кезде бийликке келген президент Роза Отунбаеванын кыска мезгил ичиндеги ишмердүүлүгүн баяндаган макаласы жарык көрдү.

Айтылуу Рыспек Акматбаевдин атасы Абдималик Акматбаевдин гезит кабарчысы Айбек Шамшыкеев менен маеги басылды.

Маекте адегенде Тынычбегинен, артынан Рыспегинен айрылгандан кийин Кочкордун ошол кездеги акими Байтереков “Бакиев мени Ысык-Көлгө губернатор кылам деди” деп Россиядан балдары 24 миң долларга сатып келген айгырын 16 миң долларга баалап, бирок 2 миң долларын гана берип, кечиктергенинен калган акчасын сураса “жаныңдан үмүт кылсаң, түңүлгүнүң”! деп, бөтөнзордукка салып бербей кеткенин, акыры анысын 7-апрелден кийин кайра алганын, бул атактуу айгырдын кулундарынын 6 айлыгын 3 миң доллардан сатып, жетим калган балдарды багып келатканын кеп кылды.

Айнура Аскарованын “Атамбаев биринчи, же ыйман уялаган адам” деген макаласы, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин “50 миң доллар сураганда арматура менен моюнга, санга, колго чабышкан” деген маеги, ырчы Токтобек Асаналиевдин “Борончу менен Жамбылга күлкүм келди” деген маеги жарык көрдү.

7-апрелдин баатыры, Кара-Буура районундагы Жоон-Төбө айылынын тургуну, 75 жаштагы карыя Курал Усубалиевдин бийлик башындагыларга кайрылуусу кезинде союзга атагы чыгып, бакубат жашап турган Жоон-Төбөнүн азыркы мукурап турган көйгөйүн чечүүнүн жодоруна арналды.

“Кыргыз туусу” гезити Москвага барып, ал жердеги кыргыз кыздарынын жашоо-турмушун өз көзү менен көрүп келген илимдин доктору, белгилүү окумуштуу Лайли Үкүбаеванын мигранттар тууралуу баянын “Домодедоводогу жүз кыз, же Москвадагы кыргыздар” деген ат менен тартуулады.

“Кыргыз туусунун” бүгүнкү санына “Азаттык” радиосунун деректири Венера Сагындык кызынын “Азырынча Кыргызстанда бир дагы лидер гезит же телеканал жок” деген аталыштагы маеги басылып чыкты. “Азаттыктын” жетекчиси маегинде негизинен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сөз эркиндигине басым жасаган.

Аталган гезитте ошондой эле окурмандарга Атаулда Боронбаевдин “Чыңгыз Айтматовдун эл билген, эл билбеген дүйнөсү” деген баянын, 83 жаштагы Ысман Кабыловдун ырларын, акын Айдаров Чынарбек Сакый уулунун Казак президенти Нурсултан Назарбаевге арналган “Нурсултан” дастанынан үзүндүлөрүн тартуулады.

Кеңеш Бакир уулунун макаласы Улуу Үркүндүн 95 жылдыгына карата багышталып жарык көрдү.

“Алиби” гезити алакандай кабарларында “Мегакомдун” мурдагы кызматкерлери Раушан Рыкунова, жолдошу Влад Рыкунов жана сиңдиси Айнура Сим сот жообуна тартылганы турат” деп,

“Жакында президенттикке талапкер болгондордун экөөсү Ошто эл менен жолугшуп жатканда эки улуттун ортосунда жаңжал чыккан. Жүрөктөрү ооздоруна тыгылып, эптеп чырды токтоткон талапкерлер Бишкекти көздөй сызган. Ал тарапта жаңыдан айыгып келаткан жарага туз сээп, кайра козутуп жаткандар бар дешет. Депутат Жылдыз Жолдошева Ош окуясында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдар тартылган, элдин кыжырын кайнаткан дисктерди таратып жүргөнү айтылууда. Шайлоо алдында ушак менен пиар жасаганды өздөштүргөн Жылдыздын бул эси жоктук ишине таң калгандар көп, кокус ортодон от чыгып кетсе эмне болот? Эл өкүлү жасай турган ишпи ушул?” деп,

“Эки күн мурун 70 миңден ашуун шайлоочу жашаган Арча-Бешик конушунун тургундары Бишкектин кан жолун бууп, өкмөткө жол маселесин кабыргасынан койду” деп,

“Сынактан өтпөй калган судьялар: Абибулла Абдугапаров, Чынара Курбанова, Өмүрзак Мамыров жана Чынара Мусабекова дегендер “Президент соттор тууралуу мыйзамды бузду” деп Жогорку Кеңештин төрагасынын атына кат жолдоптур. Бул судьялардын деңгээлин, эң эле элементардык суроолорго жооп бералбай кыйналып олтурганын элдин баары телевизор аркылуу көрбөдүбү. Президенттен ийменбесе да дагы элден уялбайбы. Бет жок болсо ушул экен да!” деп кабар таратты.

Ушул эле санда гезит кабарчысы Папан Дүйшөнбаев белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев менен аңгемелешкен. Топчуке 19 жыл мурдагы ГКЧП окуясына, ошол кездеги өзү жетекчилеринин бири болгон Кыргызстан Демократиялык кыймылынын ролуна, Кыргызстандын өз алдынча түтүн булатып жатканына 20 жыл толсо да толук көз карандысыз мамлекетке айланалбай келатканына токтолду.

“Мамлекетибиздеги мите курттар парады” деген макаласында кабарчы Алмазбек Карыпов Бишкектеги түнкү клубдар, казино жана оюн автоматтары туурасында кеп кылды.

Бул санда белгилүү акын Кыялбек Урмамбетовдун да маеги бар.

Мирлан Өмүралиев президенттикке талапкерлердин айрымдарына мүнөздөмө берди.
XS
SM
MD
LG