Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Кыргыз кыянатчылыкка чыдабайт


Гезиттер өлкө ичиндеги саясый-социалдык маселелерди чагылдырыган материалдарга көбүрөөк көңүл бурду.

“Кыргыз туусу” гезити борбордун Ала-Тоо аянтына тургузулган айкөл Манас менен улуу Чыңгыздын айкелдерин жактырган ой-пикирлерди басууну улантып, “Барсбек кагандын эстелиги Бишкекке келди!” деген баштеманын алдында окумуштуу түркологдордун ойлоруна орун берди.

Жакында эле окумуштуулар менен 20 күн бою Алтай, Тува, Хакас республикаларын, Красноярск крайын кыдырып кайткан илимий экспедиция тууралуу белгилүү кыргыз түркологу Кадыралы Коңкобаев аңгеме куруп, Тоолуу Алтай Республикасындагы “Кичик таш” жана “Жалпак таш” жазууларын көрүп келгенден кийин, буга чейин түркологиядагы калыптанып калган көз караштардын баарына оңдоолорду, түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралганын, анткени андагы алфавиттерди анализдеп көргөндөн кийин түрк элдеринин эн тамгалары чыкканын, байыркы ата-бабаларыбыз 159 эн тамгадан 28 алфавит жаратканын, мунун көбү кыргызга тийешелүүлүгүн, ошондой эле Красноярск крайына караштуу Минусинск шаарындагы музейде Барсбек кагандын, Элегештин эстеликтери өз жазуулары менен сакталып тургандыгын, демек жаңы табылган Енисей жазуулары Орхон жазууларынан мурда пайда болгонун кубануу менен билдирди.

Фотожурналист Кубат Осмонов эгемендиктин 20 жылдыгына карата уюштурулган чоролордун ат жүрүшү тууралуу баяндаса, гезиттин Ысык-Көл өрөөнү боюнча кабарчысы Жээнбай Түрк көл аймагындагы кыргыз тилин чанган аткаминерлдерди сынга алган.

“Кыргыз туусу” гезити “Акын Токтосун Самудиновдун 70, "Байчечекей" журналынын 35 жылдыгына карата” деген рубриканын алдында “Байчечекей”- бала жыттуу басылма, баш редактору бөбөк жандуу акын да” деген баштема менен Кыргыз эл акыны Токтосун Самудиновдун чыгармачылык ишмердиги тууралуу профессор Үмүт Култаеванын кызыктуу иликтөө-баянын басып чыкты.

Ушул эле гезитте окумуштуу Бакыт Баймырзаевдин көрүнүктүү агартуучу, кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн албан эмгек кылган Петр Кузьмич Юдахин тууралуу “Юдахинди унутуп калабызбы?” деген макаласын окурмандардын оюна салды.

“Манас” иликтөөчү Муңдук Мамыровдун макаласы Чокон Валиханов тууралуу баяндайт.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын ачаары менен “Водолаз” деп аталып жүргөн Максат Абакиров буга дейре сөз кылып келгендей “мокочо” деле эместигин, болгону Бакиевдердин тушунда кысымга алынып, алтургай өлүм жаазсына буйуртулганын, анткени Каркыра сатылгандан тартып Бакиевдерге каршы чыгып, ошондон баштап Жаныш баш болуп бул жигитке буйуртма киши өлтүрүүлөрдү мойнуна илип келгенин, Камчыбек Ташиевдин Бакиевди алып келем дегени туура эместигин, Мелис Турганбаевдин көзүн тазалоо боюнча заказ берилгенин билээрин ачык айтып, эртеңки президенттикке өтпөй калгандар чуу кыла турган болсо, элдин ынтымагын талаша тургандыгын билдирди деп, бүгүн Бишкектин 1-Май райондук сотунда Роза Качиеванын же Раушан Рыкунованын кылмыштары боюнча сот башталат деп, 60 жашында араң эмгек сиңирген артист наамын алган маркум Асанкул Шаршеновдой болуп эки-үч күндөн кийин 59 жашка чыга турган белгилүү куудул Келдибек Ниязов бул жолу да сыйлыктан куру кала берди деп,

Бакиев бийлигинин тушунда “Алиби” жана “Де-факто” гезиттерин сотко берип, алардан 1 млн. сомдон өндүртүп алган кадимки Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев жасалма паспорт менен чек арадан өтүп бараткан жеринен кармалды, ал Бишкекте бир жигитти машинасы менен тебелеп өлтүрүп кеткендиги белгилүү болсо дагы атасы Жаныштын жардамы менен акталып кеткен, болгону ушул маалыматты жарыялап койгондугу үчүн судья Мадина Давлетбаева деген айым эки гезитти 2 миллион сомго жыгып берген деп маалымат таратты.

Ушул эле “Фабула” гезити “Эл өкүлдөрү Садыр Жапаров, Жаныш Кудайбергенов, Баткендин баштыгы Арзыбек Бурхановдор Камчы Көлбаевге кол куушурганбы?” деген макаланы сүрөтү менен жарыялады. Анда Садыр Жапаров менен Жаныш Кудайбергенов өткөн жылдын август айында Камчы Көлбаевдин Чолпон-Атадагы үйүндө 2 сааттан ашык чайлашып, Арзыбектин маселесин чечип келгендиги баяндалат.

Аталган гезитте азирети муфтий Чубак ажы беделине шек келтиргендиги үчүн Эдил Байсалов менен “Учур” гезитин сотко бергени жатканы туурасында жана БШК мүчөсү Алмаз Асаналиевдин “100 миң сом табалбаган адам президент болуп элди кантип бакмак эле? деген аталыштагы маектери басылды.

“Алиби” гезити генерал Мирослав Ниязовдун “Азыр таза кишилердин иштеши кыйын” деген ат менен маегин тартуу кылды.

Генерал Ниязов 20 жыл ичинде Улуттук Коопсуздук кызматын мугалимдер, окумуштуулар, бажыканачылар жана башкалар башкарып олтуруп, бул тармак милициянын бир органы сыяктуу иштер менен алектенип калганын, мурдагы кадыр-баркын жоготконун, маселен Феликс Куловдун келиши менен бул кызматты милиция каптап кеткенин, мына ошондон тартып коопсуздук кызматы өзүнүн башкы функциясынан ажырап, акча жасоочу, пайда табуучу орган болуп, бийликке гана кызмат кылып калганын, ошону көргөндөн кийин генерал өз ыктыяры менен рапорт жазып иштен кетип калганын кеп кылды.

Коопсуздук кызматынын беделин кайрадан кандай кылып көтөрүү керек деген суроого генерал Ниязов бийликке профессионалдардын командасы келмейинче бул тармакта иштөөгө мүмкүн эместигин баса белгиледи.

“Алиби” гезити “Ачык саясат”, “Алиби” гезиттеринин биринчи уюштуруучусу болгон Бабырбек Жээнбековду 60 жылдыгы менен куттуктап, анын ырларын окурмандарга тартуулады.

Журналист Жыргалбек Турдукжоев “Революциянын кезектеги ураандары” деп аталган макаласында Акаевдин, айрыкча Бакиевдин куйруктарын күч менен бийликтен кетирүү же парламентти таркатуу, ушул күнгө чейин адилетсиздиктин үлгүсүн көрсөтүп келген, мыйзамды тебелеп-тепсеген баягы эле паракор, уятсыз судьялар кайрадан сот бийлигине келсе, анда бүтүндөй сот корпусун таратуу, бардык тармактарда тазалануу жүргүзүү талабын аткартуу маселесин бүгүн күн тартибинде турганын, азыркы учурда дал ушул үч талап боюнча өлкөнү баш ийбестик акциялары каптап, коомдо ызы-чуу, башаламандык өкүм сүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Бул санга маек берген Кыргыз эл артисти Роза Аманова бир топ жылдан бери кыргыз элинин салттуу өнөрүн, музыкасын сактап калуу, аны жайылтып муундан муунга калтыруу максатында иштеп келатканын, жакында эле Стамбул шаарына барып концерт берип кайтканын, ошондой эле музыка дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштап жаткан шакирттери “Маржан” деп аталган топ түзүп, жакын арада эл алдына чыкканы калганын айтып берди.
XS
SM
MD
LG