Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Кел, акыл


Бул күнкү жарык көргөн гезиттер өлкө ичиндеги жаңылыктарды, шайлоо алдындагы макалаларды, талапкерлердин маектерин, кайрылууларды, маданият темасындагы малыматтарды тартуу кылды.

«Алдыдагы шайлоодо ким болсо болсун, чатак болбосун эле деген тилектер. Элдин кызыкчылыгын ойлобой, өз кызыкчылыгын ойлоп, эки ооз сөз менен элди ээрчиткендерден абайлагыла!

Элдин каны, шору, ыйы, муңу сенин байлыгыңа, бакытыңа, бийлигиңе татыбайт. Укум-тукумуң каргышка калат, балдарың эл алдында басалбай калат. Ушуну ойло кайраным?

Биз азыр баарыбыз тынчтыкты тилеп, үйдөгү ата-энебиз, балдарыбыз өрттөлбөгөн, күйбөгөн тынч өлкөдө жашаса деп турабыз. Биз ошондой жашоого шарт түзүп беришибиз керек” деп жазды бүгүн жарыкка чыккан “Айат” гезити.

Гезит андан ары “Контробанда артында кимдер турат?” деген суроого жооп издеп, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев праламенттин алгачкы жыйынында Россиядан алып келген күйүүчү май коңшу Тажикстанга ташылып жатканын жар салып чыкканын белгилеп, анан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиев буга байланыштуу 400 млн. сомдук 500 миң литр күйүүчү май колго түшүрүлгөнүн айтканын, кармалган 10 фирманын төртөөсү “атажуртчу” депутат Азамат Арапбаевге таандык экендигин Ички иштер министрлиги билдиргенин, Арапбаев ошол эле замат “тийешем жок” деп танып чыкканын жазды.

“Де-факто” гезити КСДПнын өткөндөгү съездинде Алмазбек Атамбаев “Кыргызстанды экиге бөлүп кетүүгө даярдалган долбоорлор бар” деп айтты эле деп, айрым саясый ишмерлерге суроо салды.

Президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаев: - Бул жагы Кытай, тигил жагы Орусия жаткан Азия талаасында тутумдаш өрт чыгарууну көздөгөн күчтөр жок эмес, - деп,

Депутат Токон Мамытов: - Атамбаевдин айтканына кошулса болот. Орто Азиядагы аскердик саясый кырдаалга башка мамлекеттер кызыгуу менен карап турат. Геосаясатта күчтүү мамлекеттер ар кандай оюн чыгарып, политтехнология жасары белгилүү. Айрым күчтөргө биздин өлкөнүн жасаган кадамы жакпайт. Эки жаат болуп, союл көтөрүп, тытышып турганыбызды каалап жаткандар бар, - деп,

Саясатчы Аликбек Жекшенкулов: - ШКУ, ЖККУ буга жол бербейт. Сырткы душмандар бар экенин кыргыздын ар бир саясатчысы көкүрөгүнө түйүп, ойлонуп кадам таштоосу абзел, - деп,

Депутат Нарынбек Молдобаев: - Балээнин баары такталаштан чыгат. Андыктан, саясатчылар менен элге кайрылып, бөлүнбөйлү, бир бололу деп айткым келет, - деп жооп берди.

“Пресс.kg” гезити бул санын Бакыт Аскарбек уулунун сандан санга жарыяланып келаткан “Такталаш” макаласынын уландысы менен ачты. Макалада президенттикке ат койгон талапкерлер Марат Султанов, Нариман Түлеев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев тууралуу сөз болду.

Аталган гезиттен ошону менен бирге “Эски бийликке эмгеги сиңгендер кайда?”, “Паспортко жетпген коомчулукка каттоонун кереги барбы?”, “Атажуртчу” Садыр Жапаров “банкротпу?”, “Баннерлер менен барк кетти” деген макалаларды, Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеевдин кантип медик болуп калганы тууралуу маекти окууга болот.

“Учур” гезити, баяндамачы Сабыр Муканбетовдун шайлоо алдындагы абалды жиликтеген макаласын тартуулады. Макала саясатташып кеткен коомдун жашоосун анализге алды. Бийликте олтургандардын артында кандай сөздөр илээшип жүргөнүн кеп кылып, шайлоого катышам деген талапкерлердин баары эле сотторду ооздуктап минип алгысы келип атканын, маселен “Мегаком” чатагы эки тараптуу Эмил Каптагаев менен Садыр Жапаровдун эле тиреши эмес, үч тараптуу кагылыш - Айдар менен Максимдин жана элдин кызыкчылыгынын кагылышы болуп жатканын белгиледи.

Гезит президенттикке талапкерлер Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Субаналиев менен маектерди басты.

Ушул эле сандагы сөзүндө укук коргоочу Чолпон Жакупова калкка кайрылып:

- Кимге добуш берүү ар кимдин өз иши. Ошондуктан менин бир эле сунушум бар. Кээде эсибизди жыйып жүрсөк. Кадыр-баркыбызды, ар-намысыбызды, абийрибизди унутпасак. Биз ар бир саясатчыны жакшы билебиз. Кимиси саткын, кимиси ким менен жүргөн, кимиси чыккынчылык кылган - билип турабыз. Алар бири-бирибизди мышык-чычкан ойноткусу келет, добушубузду сатып алгысы келет. Буга жол бере көрбөгүлө? Абийрибизди, кадыр-баркыбызды сатсак, кайдагы күнкорсуздук, кайдагы эркиндик жөнүндө сөз кылабыз?-деп суроо койду..

“Айгай” гезити Жолдошбек Токоевдин “Нокто - 100 млн. юань. Кыргыз жери” жана шайлоого багышталган “Чоң казат” деген макалаларын окурмандарга сунуш кылды.

Бишкектик Мурат Жакшыбаевдин каты “Орус бийлиги Кыргызстанды колдойт” деген ат менен жарык көрдү.

Катта Россиянын президентинин админстрация жетекчиси Нарышкиндин кечээ жакында Бишкекке келип, Кыргыз мамлекетинин 20 жылдыгына катышканын, мейман орус бийлиги Кыргызстанды ар тараптан колдоого даяр экендигин жана өлкөдөгү президенттик шайлоо таза, тынч акыбалда өтөрүнө ишенерин билдиргенин, мындай ишеним ызы-чуудан тажаган элибизди жакшылыкка жетелерин кеп кылды.

Ушул эле гезитке окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун “ Мындай “мини-африкага” коңшу өлкөлөрдүн бири да чыдай албайт” деген аталыштагы макаласы орус тилинде жарык көрдү. Автор улуттун жүзү, өлкөнүн кадыр-баркы тууралуу ой толгоп, өлкөнүн беделин көтөрүү үчүн эчтеке кылбай келатат деп бүгүнкү бийликти сынга алды. Осмонакун мырза кайсы бир гезитке сүйлөгөн сөзүндө Азимбек Бекназаров ишинен бир аз эс алып келиш үчүн отставкага чыкканын, эс алып келгенден кийин жаңы революцияны даярдоого олтурарын айтканын эске салып, мына ушундай билимсиз, авантюрист “революционер-троцкисттер” дагы эле башаламандык менен канга, миллиондорго тоюп бүтпөй койгондугуна жакасын карманып, мындайлардын көбү Кыргызстанда эл жашабай эле, айдаган жакка кете берчү короо-короо кой жашай тургандай сезишерине кыжыры келди. Акаев менен Бакиевге токтолду.

“Асман преss” гезити саясат иликтөөчү Табылды Акеровдун “Айкөл Манас премьер-министр аркылуу жамы журтту тынчтыкта жана ынтымакта жашоого чакырды” деген макаласын окурмандардын алдына тартты.

Ала-Тоо аянтындагы айкелдердин ачылышын тарыхый окуя катары баалаган Акеров, макаласын аяктап баратып, президенттик талапкерлер үчүн салтка айланган эрежелерди киргизүү зарылдыгын, маселен президентке талапкерлердин баары борбордук аянтка келип, президенттин, Боршайкомдун, жарандык сектордун көз алдында биригүү кодексине колун коюшса жакшы болмогун, муну 25-сентябрга чейин жасоо керектигин, бардык талапкерлерди айкөл Манастын эстелигинин алдына чогултуп, бири-биринин намысына шек келтирбейм, сый-урмат менен мамиле кылам, таза күрөшөм, элдин бейпилдигин бузбайм деп ант бердиртиш керек деп айтты.
XS
SM
MD
LG