Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Гезиттер курултайды жактаган жана сындаган ой-пикирлерди, шайлоого карата баяндамаларды, бийлик бутактарын жиликтеген макалаларды жарыялады.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин жакында болуп өткөн курултайды сынга алган макаласын басты. Анысында автор, далай ирет бийликке жетүү айла-амалын аркалаган курултайлардын көбүнө күбө болдук эле, кыргызга азыр курултай эмес, ыйман керек деген ойлорун айтты.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Ичкилик ичип алып аялдарга барган жан эмесмин” деген,

Милициянын генералы Өмүрбек Суваналиевдин “Мага генералдык эмес, “Комиссар Каттани” деп эл берген наам кымбат...” деген маектери жарык көрдү.

Кырсыктын айынан эки колунан ажырап калган Самат Асылбек уулуна жасалма кол салдырыш үчүн 70 миң доллар керек болуп жатканын, Айсалкын Самсалиева баш болгон шаар жаштары марафон уюштурса болгону 2 жарым миң сом түшкөнүн, ошондуктан алдыдагы 24-сентябрда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында марафон-концерт өткөрүлөрүн, демек Саматтын оор тагдырына кайдыгер карабаган боорукер адамдарды марафонго катышып, жардам берип кетүүгө чакырык ташталганын кабарлады.

Ушул эле “Фабула” гезитине ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин “АКИ пресс” маалымат агенттигине берген “Камчы кайтып келсе көп жылга камалат” деген маегин кыргызчага которуп жар салды. Министр мырза маегинин аягында Камчы Көлбаевге уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген берене боюнча кылмыш иши козголуп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10-15 жылга камоо каралганын, анын эркиндикке чыгышына кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы барын, Көлбаев кылмышты өз колу менен эмес, башкалардын колу менен жасап көнгөн өтө куу кылмышкер экенин белгиледи.

“Де-факто” гезити жаңы санын Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ишти ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев өзү жетектеп атканын, андыктан кылмыштын бети ачыларын маалымдаган макала менен ачты.

Гезитке маек курган мурдагы өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев азыркы өкмөттүн кадр саясатына такыр эле канааттанбаганын, тилекке каршы фракциялар облус менен район тургай, айыл өкмөттөрүнө чейин бөлүп алып, жергиликтүү бийлик башына көчөдөн кармап келип эле койо койгон фактылары барын, өмүрүндө бригадир болуп ишебегендер эл башкарып атканын, аларды тилекке каршы өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин уруксаты жок кызматынан алалбастыгын, мындай болгон жерде иштин алга жылышы кыйын экендигин айтты.

“Де-факто” гезити ошондой эле бир кезде канттын мекени болгон Кыргызстанда кант каатчылыгына кайрылган макала тартуулады.

Уулу үйлөнүп, келин алып, Чоң Кеминден куда күтүп, тойду Ошто бергени жатканын Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун маегинен окуп аласыздар.

Айыл чарба министри Төрөгул Бековдун окурмандар менен телефон аркылуу түз байланышынын суроо-жообу да ушул санда.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын алган эл жазуучусу Бексултан Жакиев, жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов жана “Даңк” медалы менен сыйланган Тынчтыкбек Чоротегиндин чакан маектери да “Де-фактонун” бүгүнкү санында.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Контробанданы “крышевать” эткендердин бет кабы сыйрыла баштады” деген баштема менен ачып, мунайзатка байланыштуу өкмөт жыйынында Алмазбек Атамбаев президент Роза Отунбаевага Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Чек ара аскерлеринин командири З. Тиленовдун жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш жиберүү чечимин кабыл алганын кабарлады.

“Инвесторлор келип эле, кенди иликтеп чукулай баштаса эле, жакын айылдын эли: “буларга кенди каздырбайбыз, жолду тособуз, пикетке чыгабыз” деген адат таап алышты. Мамлекеттик менчикке ошол тоо-кен байлыктары да кирет. Кээ бирөөлөр кен байлыктарды келечек муундарга сактайбыз дешет. Мейли, 50-60 жылга чейин каздырбай, боорубузга басып жата берели. Бирок дал ошол эртеңки келечегибиз деген жаштарыбыз иш таппай чет элде тентип жүрсө, денесине өмүр бою тукумсуз кала турган айыкпас дарт жугузуп жатса, элибизди туш тарапка чачып жиберип, анан эч нерсе калбай калгандан кийин каза турган кендин кимге пайдасы бар” деп жазган макаласында журналист Нарынкүл Назаралиева Бишкекте болуп өткөн Улуу Курултай тууралуу баяндады. Бул баянды “Конституцияга Курултай институту киргизилиши керек” деген ат менен окуйсуздар.

“Кыргыз үнү Роза Аманованын үнүндөй” деген макаланы академик Аскар Какеев жазса, белгилүү коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков макаласын кыргыздын дагы бир залкар уулу, таланттуу композитор, акын жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаковго арнап “Эл жакшы көрөрүн Түкөм өзү билет болду бекен?” деген ат менен тартуу кылды.

“Алиби” гезитиндеги журналист Болотбек Таштаналиевдин шайлоого арналган макаласы “Манастан кийин Манас төрөлөр бекен?” деп аталса, Жумакадыр Асанбековдун ушуга байланыштуу макаласы “Шайлоонун шамалынан сакта” деген ат менен жарык көрдү.

Журналист Тынчтык Алтымышев 11 сентябрдагы АКШга жасалган террорчулуктун 10 жылдыгын эскерген генералдар Марат Иманкулов, Артур Медетбеков, Мирослав Ниязовдун ойлоруна орун берди.

Барып турган жанкечтилик менен жасалган бул кайгылуу окуя миңдеген күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйганын, мына ушул окуядан кийин чындап эле аң-сезимде өзгөрүү болгонун, анткени адамзатка террорчулук деген ат менен жаңы согуш жарыяланганын, миллиарддаган адамдар улутуна, динине, даражасына карабастан коркуу сезими менен жашап калганын эстетип, Ирактагы, Ооганстандагы, дүйнөнүн башка жерлериндеги окуяларды кеп кылып, Өзбек ислам кыймылы, Талибан кыймылы аттуу диний экстремисттик күчтөрдүн Борбор Азияда күчтөнүп, сес көрсөтүүгө өткөнүн, чек арадагы чар жайыт саясаттан улам Кыргызстанга да мына ушундай диний агымдарды жамынган күчтөр аралашып, идеяларын таңуулап жатканын, буга каршы жалгыз күч түзүмдөрү күрөшөт деп жоопкерчиликти күч түзүмдөрүнө таштап коюу маселени эч качан чечпей тургандыгын сөз кылышты.

Көз доктур Алмазбек Исманкуловдун маегинин аты “Феодалдык өлкөдөн парламенттик өлкөгө айлануу оңой нерсе эмес” деп аталды.

Айтылуу көз доктур маегинин бир жеринде: “Жаныбыздагы өлкөлөрдөн, элдерден айырмаланганыбызды эки жолу далилдедик. Феодалдык өлкөдөн парламенттик өлкөгө айландык. Бул оңой нерсе эмес. Биз эч кимден, эч нерседен коркпойбуз. Бирок айкөл калкпыз. Бирөөлөрдү жөндөн жөн эле кордой бербейбиз. Тандаган азыркы системабыз абдан туура. Ушунубуздан тайбашыбыз керек. Шайлоону татыктуу, ызы-чуусу жок өткөрүп алчу болсок, дүйнө жүзүндөгү аброюбуз сөзсүз өсөт. Шайлоодо ким жеңсе ошого баш ийишибиз керек. Демократиянын принциби ушундай” деп айтып чыкты.
XS
SM
MD
LG